Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 4Статус: действует

Статья 13. Межхозяйственное охотустройство

1.

Целями межхозяйственного охотустройства являются определение угодий для организации охотничьих хозяйств и приоритетных направлений их развития, установление зон сохранения видов диких животных.

2.

Проведение межхозяйственного охотустройства координируется и осуществляется уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства как его собственными силами, так и привлеченными специалистами и специализированными организациями.

3.

Задачами межхозяйственного охотустройства являются:

1) определение границ участков охотничьих угодий, предназначенных для осуществления охотхозяйственной деятельности (организации охотничьих хозяйств);

2) установление зон сохранения видов диких животных, на которых в определенные периоды запрещаются отдельные виды хозяйственной деятельности (сельскохозяйственной и иной);

3) установление определенного режима охраны и использования охотничьих животных и охотничьих угодий;

4) установление приоритетных направлений ведения охотничьего хозяйства.

4.

Основными исходными материалами для проведения межхозяйственного охотустройства служат данные мониторингов, отражающие состояние охотничьих ресурсов и их среды обитания, материалы картографии, научных исследований и литературных источников.

5.

Межхозяйственное охотустройство проводится по мере необходимости.

6.

Предварительные результаты межхозяйственного охотустройства поэтапно обсуждаются при участии всех заинтересованных лиц на технических совещаниях, информация о проведении которых размещается на сайте уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства за 10 дней до их проведения.

7.

Результатом межхозяйственного охотустройства являются проекты, содержащие обоснования, описание границ и карты-схемы:

1) размещения охотничьих угодий;

2) размещения зон сохранения видов диких животных с указанием времени запрета на них сельскохозяйственной и иной деятельности.

8.

В состав охотничьих угодий не могут входить:

1) территории государственных природных заповедников, государственных биосферных заповедников, государственных природных парков, дендрологических и зоологических парков, ботанических садов, государственных комплексных заказников, государственных памятников природы, трансграничных особо охраняемых природных территорий, микрозаповедников, геопарков, особо охраняемых природных территорий местного значения, зоологических заказников (по охотничьим видам диких животных), зон ядра биосферных территорий и/или резерватов;

2) территории населенных пунктов и прилегающие к ним территории на расстоянии 500 м от поселков и 2 км от районных центров, поселков городского типа и городов;

3) территории промышленных, хозяйственных, лечебно-оздоровительных, военных и прочих объектов и прилегающие к ним территории на расстоянии 500 м от них;

4) территории массового отдыха населения, парков, дачных участков и прилегающие к ним территории на расстоянии 500 м от них.

9.

Границы участков охотничьих угодий устанавливаются:

1) на суше - по характерным точкам, линиям рельефа (водоразделам) и другим ориентирам, ясно видимым и распознаваемым на местности вдоль всей протяженности устанавливаемых границ;

2) на реках (ручьях) - по их середине или по середине главного рукава реки;

3) на водоемах - по прямой линии, соединяющей выходы к ним границ, или по берегам водоемов.

10.

Границы и площади участков охотничьих угодий устанавливаются с учетом видового состава диких животных, размеров определенных популяций, ареала их распространения и миграционных путей, условий рельефа, осуществимости охраны территории от браконьерства, установленных минимальных размеров площадей целостных участков охотничьих угодий. По возможности учитываются границы территориальных административных единиц.

11.

Минимальный размер площадей целостных участков охотничьих угодий устанавливается:

1) в местах, пригодных для обитания копытных животных:

а) горного барана (Ovis ammo№) - не менее 70000 га;

б) горного козла (Capra sibirica), марала (благородного оленя) (Cervus elaphus), джейрана (Gazella subgutturosa) - не менее 20000 га;

в) кабана (Sus scrofa) - не менее 20000 га;

г) косули (Capreolus pygargus) - не менее 10000 га;

2) в местах, пригодных для обитания пушных зверей и птиц - не менее 500 га;

3) в местах, пригодных для обитания смешанного состава диких животных, размер площади охотничьих угодий определяется исходя из вида с наибольшими потребностями по площади.

12.

Схема размещения охотничьих угодий утверждается уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства и пересматривается только в случаях существенных географических и административных изменений.

13.

Границы и площади зон сохранения видов диких животных, время запрета на них отдельных видов хозяйственной деятельности (сельскохозяйственной и иной) определяются исходя из численности диких животных, расположения естественных мест и времени их расплода, путей и стоянок миграции, исконных (обычных) мест обитания и сезонных концентраций.

14.

Оптимальные суммарные площади зон сохранения видов диких животных в Кыргызской Республике и периоды ограничения на них отдельных видов хозяйственной деятельности устанавливаются:

1) на территориях, пригодных для горного барана (Ovis ammo№), - 900000 га с ограничением отдельных видов хозяйственной деятельности на местах расплода - в мае и июне, на зимних кормовочных местах - с мая по сентябрь, на местах зимней концентрации животных - в осенне-зимне-весенний период (с октября по март), на путях миграции - в октябре, ноябре, марте, апреле;

2) на территориях, пригодных для горного козла (Capra sibirica), - 300000 га с ограничением отдельных видов хозяйственной деятельности в осенне-зимне-весенний период (с сентября по май);

3) на территориях, пригодных для перелетных птиц, - 300000 га с ограничением отдельных видов хозяйственной деятельности во время массового пролета птиц;

4) на территориях, пригодных для иных видов диких животных, площади и периоды ограничений на них отдельных видов хозяйственной деятельности - в зависимости от актуальных научных данных.

15.

Схема зон сохранения видов диких животных и режим ограничения на них отдельных видов хозяйственной деятельности (сельскохозяйственной и иной) утверждаются Правительством Кыргызской Республики и могут изменяться только в случае получения иных данных в результате государственного мониторинга и научных исследований.

16.

Информацию о схемах зон сохранения видов диких животных и размещения охотничьих угодий уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства доводит до сведения уполномоченных органов, регулирующих использование земельных ресурсов соответствующих территорий, и размещает на своем сайте и в средствах массовой информации.

17.

Порядок проведения межхозяйственного охотустройства определяется Правительством Кыргызской Республики, руководство (методические указания) по проведению межхозяйственного охотустройства утверждается уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

(В редакции Закона КР от 13 июня 2024 года № 95)

Кыргызча
Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу 1. Мергенчилик чарбаларын уюштуруу жана аларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоочу зоналарды белгилөө үчүн жерлерди аныктоо чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун максаты болуп саналат. 2. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүлөрүнүн, ошондой эле тартылган адистердин жана адистештирилген уюмдардын күчү менен координацияланат жана жүзөгө ашырылат. 3. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) мергенчилик чарба иштерин жүзөгө ашыруу (мергенчилик чарбасын уюштуруу) үчүн арналган мергенчилик жерлеринин чек араларын аныктоо; 2) чарба иштеринин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) белгилүү бир мезгилдерде жүргүзүүгө тыюу салынган жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөө; 3) аңчылык жаныбарларын жана мергенчилик кылуучу жерлерди кайтаруунун жана пайдалануунун белгилүү бир режимин белгилөө; 4) мергенчилик чарбасын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө. 4. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалын чагылдырган мониторингдердин маалыматтары, картографиянын, илимий изилдөөлөрдүн жана адабий булактардын материалдары чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү үчүн негизги баштапкы материалдар болуп кызмат кылат. 5. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу зарылчылыкка жараша жүргүзүлөт. 6. Чарбалар аралык мергенчиликти уюштуруунун алдын ала натыйжалары техникалык кеңешмелерде бардык кызыкдар жактардын катышуусунда этап боюнча талкууланат, аларды өткөрүү жөнүндө маалыматтар аларды өткөргөнгө чейин 10 күн мурда аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат. 7. Негиздемени, чек аралардын сүрөттөлүшүн жана карта-схемаларды камтыган долбоорлор: 1) мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруу; 2) аларда айыл чарбалык жана башка иштерге тыюу салуу убактысын көрсөтүү менен жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын жайгаштыруу чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун натыйжасы болуп саналат. 8. Мергенчилик кылуучу жерлердин курамына төмөнкүлөр кирбейт: 1) мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендерологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, зоологиялык корукчалардын (жапайы жаныбарлардын мергенчилик кылуучу түрлөрү боюнча), биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын аймактары; 2) калктуу конуштардын аймактары жана шаарчадан 500 м жана райондук борборлордон, шаар тибиндеги шаарчалардан жана шаарлардан 2 км аралыктарда аларга жанаша жайгашкан аймактар; 3) өнөр жайлык, чарбалык, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу, аскердик жана башка объекттердин аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар; 4) калктын жалпы эс алуучу жайларынын, парктардын, дачалык участоктордун аймактары жана аларга 500 м аралыкта жанаша жайгашкан аймактар. 9. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары төмөнкүдөй белгиленет: 1) кургак жерде - рельефтин мүнөздүү чекиттери, сызыктары (суу бөлгүчтөр) жана даана көрүнгөн, таанууга мүмкүн болгон башка багыттамалары боюнча белгиленген чек ара узундуктарын бүтүндөй бойлой кеткен жерлерде; 2) дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын тең ортосу боюнча же дарыянын башкы айрыгынын ортосу боюнча; 3) көлмөлөрдө - аларга чыгуучу чек араларды бириктирген түз сызык боюнча, же көлмөлөрдүн жээктери боюнча. 10. Мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек аралары жана аянттары жапайы жаныбарлардын түрдүк курамын, белгилүү бир популяциялардын өлчөмдөрүн, алардын таралуу ареалын жана миграциялык жолдорун, рельефтин шарттарын, аймакты браконьердиктен кайтарууга алуунун жүзөгө ашырылуучулугун, мергенчилик кылуучу жерлердин бирдиктүү участокторунун аянттарынын белгиленген минималдык өлчөмдөрүн эске алуу менен белгиленет. Мүмкүнчүлүгүнө жараша аймактык администрациялык бирдиктердин чек аралары эске алынат. 11. Мергенчилик кылуучу жерлердин бүтүндөй участокторунун аянттарынын минималдык өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет: 1) туяктуу жаныбарлардын жашоосу үчүн жарактуу жерлерде: а) аркар-кулжа (Ovis ammo№) - 70000 га дан кем эмес; б) жапайы эчки-теке (Capra sibirica), марал (ак бугу) (Cervus elaphus), жейрен (Gazella subgutturosa) - 20000 га дан кем эмес; в) доңуз (Sus scrofa) - 20000 га дан кем эмес; г) элик (Capreolus pygargus) - 10000 га дан кем эмес; 2) териси баалуу жаныбарлардын жана канаттуулардын жашашы үчүн жарактуу жерлерде - 500 га дан кем эмес; 3) жапайы жаныбарлардын аралаш курамы жашашы үчүн жарактуу жерлерде мергенчилик кылуучу жерлердин аянтынын өлчөмү аянты боюнча кыйла көбүрөөк керектөөлөрү менен түрүнө жараша аныкталат. 12. Мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана орчундуу географиялык жана администрациялык өзгөртүүлөрдүн учурларында гана кайра каралат . 13. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо үчүн зоналардын чек аралары жана аянттары, аларда айыл чарба иштеринин айрым түрлөрүнө (айыл чарбалык жана башка) тыюу салуу убактысы жапайы жаныбарлардын санына, табигый жерлеринин жайгашуусуна жана төлдөө убактысына, миграциялануу жолдоруна жана токтомо жерлерине, баштапкы (адаттагы) жашаган жана мезгилдүү топтолуу жерлерине жараша аныкталат. 14. Кыргыз Республикасында жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын оптималдуу суммалык аянттары жана аларда чарбалык иштердин айрым түрлөрүн чектөө мезгилдери төмөнкүдөй белгиленет: 1) төлдөө жерлеринде - майда жана июнда, кышкы оттоо жерлеринде майдан тартып сентябрды кошуп алганда жаныбарлардын кышкы топтолуу жерлеринде - күзгү-кышкы-жазгы мезгилде (октябрдан тартып мартты кошуп алганда), орун которуу жолдорунда - октябрда, ноябрда, мартта, апрелде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 900000 га аркар-кулжа (Ovis ammo№) үчүн жарактуу аймактарда; 2) күз-кыш-жаз мезгилдеринде (сентябрдан тартып майды кошуп алганда) чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га жапайы эчки-теке (Capra sibirica) үчүн жарактуу аймактарда; 3) куштар жапырт түрдө учуп өтүү мезгилинде чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө менен 300000 га келгин куштар үчүн жарактуу аймактарда; 4) жапайы жаныбарлардын башка түрлөрү үчүн жарактуу аймактарда аянттар жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн чектөө мезгили - актуалдуу илимий маалыматтарга жараша болот. 15. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын схемасы жана аларда чарбалык иштин айрым түрлөрүн (айыл чарбалык жана башка) чектөө режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик мониторингдин жана илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында башка маалыматтар алынган учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн. 16. Жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарынын жана мергенчилик кылуучу жерлерди жайгаштыруунун схемалары жөнүндө маалыматтарды аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү аймактардын жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдарына чейин жеткирет жана өзүнүн сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырат. 17. Чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, чарбалар аралык аңчылыкты уюштурууну жүргүзүү боюнча колдонмо (усулдук көрсөтмөлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. (КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)