Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 4Статус: действует

Статья 15. Мониторинг охотничьих животных и среды их обитания

1.

Мониторинг охотничьих животных и среды их обитания является составной частью системы государственного мониторинга окружающей среды, проводится в целях государственного управления в сфере сохранения, воспроизводства и использования охотничьих животных и среды их обитания, сохранения биологического разнообразия, осуществления охоты и ведения охотхозяйственной деятельности.

2.

Мониторинг охотничьих животных и среды их обитания состоит из следующих этапов действий:

1) наблюдение (слежение) и получение данных об охотничьих животных и состоянии среды их обитания;

2) анализ, оценка и прогноз ситуации состояния охотничьих животных и среды их обитания.

3.

Мониторинг осуществляется в установленном порядке уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства, субъектами особо охраняемых природных территорий, охотпользователями, научными организациями и учреждениями, независимыми экспертами и представителями общественности.

4.

Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства периодически организует и осуществляет государственный мониторинг охотничьих животных - по лимитируемым видам не реже одного раза в 5 лет. Данные государственного мониторинга используются при установлении лимитов добычи охотничьих животных.

5.

Охотпользователь организует и осуществляет производственный мониторинг за счет собственных средств, по основным видам - не менее одного раза в год. Данные производственного мониторинга используются при установлении лимитов добычи охотничьих животных на уровне отдельных охотничьих угодий. Данные производственного мониторинга предоставляются уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства через его территориальные структурные подразделения. Уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства вправе дополнительно осуществлять проверочные учеты численности охотничьих животных на территориях охотничьих угодий, находящихся в ведении охотпользователей.

6.

Информация о планируемом государственном мониторинге, результаты государственного и производственных мониторингов являются доступными для общественности и размещаются на сайте уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

7.

Ответственность за достоверность информации по результатам мониторинга охотничьих животных и среды их обитания несут юридические и физические лица, осуществлявшие мониторинг.

8.

Методическая инструкция по осуществлению мониторинга охотничьих животных и среды их обитания разрабатывается и утверждается уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства по согласованию с научными органами.

Кыргызча
Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги 1. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги курчап турган чөйрөнүн мамлекеттик мониторингинин тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат, аңчылык жаныбарларын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, аңчылыкты жүзөгө ашыруу жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү чөйрөсүн мамлекеттик башкаруу максатында жүргүзүлөт. 2. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторинги аракеттердин төмөнкүдөй этаптарынан турат: 1) байкоо (көз салуу) жана аңчылык жаныбарлары жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы жөнүндө маалыматтарды алуу; 2) аңчылык жаныбарлары жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалынын кырдаалын талдоо, баалоо жана божомолдоо. 3. Мониторинг аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын субъекттери, аңчылыкты пайдалануучулар, илимий уюмдар жана мекемелер, көз карандысыз эксперттер жана коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 4. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылык жаныбарларынын мамлекеттик мониторингин - лимиттенүүчү түрлөр боюнча 5 жылда бир жолудан кем эмес уюштурат жана мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат. Мамлекеттик мониторингдин маалыматтары аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттерин белгилөөдө пайдаланылат. 5. Аңчылыкты пайдалануучу аңчылык жаныбарларынын негизги түрлөрү боюнча жылына бир жолудан кем эмес өндүрүштүк мониторинг жүргүзүүнү өз каражаттарынын эсебинен уюштурат жана жүзөгө ашырат. Өндүрүштүк мониторингдин маалыматтары аңчылык жаныбарларын олжолоонун лимиттерин айрым бир мергенчилик кылуучу жерлердин деңгээлинде белгилөөдө пайдаланылат. Өндүрүштүк мониторингдин маалыматтары аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү аркылуу берилет. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аңчылыкты пайдалануучулардын карамагында турган аңчылык кылуучу жерлердин аймактарындагы аңчылык жаныбарларынын санын текшерүү эсебин кошумча жүзөгө ашырууга укуктуу. 6. Пландаштырылган мамлекеттик мониторинг жөнүндө маалыматтар, мамлекеттик жана өндүрүштүк мониторингдердин натыйжалары коомчулукка жеткиликтүү болуп саналат жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат. 7. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторингинин натыйжалары боюнча маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти мониторингди жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар тартышат. 8. Аңчылык жаныбарларынын жана алардын жашоо чөйрөсүнүн мониторингин жүзөгө ашыруу боюнча усулдук нускама илимий органдар менен макулдашуу боюнча аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.