Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Сфера применения настоящего Закона

1.

Настоящий Закон регулирует отношения, возникающие между органами исполнительной власти, физическими и юридическими лицами в связи с осуществлением лицензирования отдельных видов деятельности, действий, операций, в том числе по использованию ограниченных государственных ресурсов (далее - деятельность).

2.

Настоящий Закон устанавливает исчерпывающий перечень лицензий и разрешений.

3.

Действие настоящего Закона не распространяется:

1) на гражданско-правовые отношения, связанные с выдачей лицензий и разрешений в рамках заключенного между физическими и (или) юридическими лицами договора;

2) на государственную регистрационную систему;

3) на систему оценки квалификации и профессиональных навыков;

4) на область оценки соответствия в сфере технического регулирования.

4.

Порядок лицензирования видов деятельности, указанных в настоящем Законе, осуществляется в соответствии с настоящим Законом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики в части, не противоречащей ему.

Порядок и особенности лицензирования деятельности банков, финансово-кредитных организаций и других лиц, регулируемых Национальным банком Кыргызской Республики, включая порядок выдачи, приостановления, прекращения (отзыва/аннулирования) лицензий, а также лицензионные требования, лицензионный контроль устанавливаются в соответствии с законодательством Кыргызской Республики о Национальном банке Кыргызской Республики, о банках и банковской деятельности, о платежной, микрофинансовой деятельности, об обмене кредитной информацией, о деятельности кредитных союзов, жилищно-сберегательных кредитных компаний, о деятельности в сфере виртуальных активов, о лизинговой деятельности, а также о деятельности иных лиц, поднадзорных Национальному банку Кыргызской Республики.

Порядок лицензирования прав пользования недрами, включая порядок выдачи, продления, приостановления, прекращения, передачи лицензий, а также условия лицензирования, лицензионный контроль, взимание сборов и платежей регулируются законодательством Кыргызской Республики в сфере недропользования.

Особенности лицензирования деятельности в сфере внешней торговли устанавливаются в соответствии с законодательством Кыргызской Республики о регулировании внешнеторговой деятельности и международными договорами и актами, составляющими право Евразийского экономического союза в сфере лицензирования.

Порядок и особенности лицензирования деятельности операторов телекоммуникаций, а также присвоения радиочастот для эксплуатации радиоэлектронных средств регулируются Цифровым кодексом Кыргызской Республики и принимаемыми в соответствии с ним актами Кабинета Министров Кыргызской Республики.

Порядок лицензирования игорной деятельности, включая порядок выдачи, приостановления, прекращения (отзыва/аннулирования), переоформления лицензии, а также условия лицензирования, лицензионный контроль, взимание сборов и платежей регулируются законодательством Кыргызской Республики об игорной деятельности.

Особенности и порядок выдачи, продления, приостановления, аннулирования, прекращения действия разрешений на работу, выдаваемых иностранным лицам и лицам без гражданства по заявлению работодателей и на трудоустройство граждан Кыргызской Республики за ее пределами, а также условия получения разрешения, осуществления контроля взимания платежей регулируются законодательством Кыргызской Республики в сфере внешней трудовой миграции.

Порядок и особенности выдачи, признания, продления, приостановления действия и аннулирования разрешений в сфере гражданской авиации регулируются воздушным законодательством Кыргызской Республики.

Порядок лицензирования субъектов специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом, а также условия лицензирования, контроль, взимание сборов и платежей регулируется Законом Кыргызской Республики "О специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом.

5.

В отношении ввоза, вывоза, транзита товаров, включенных в единый перечень товаров, к которым применяются запреты или ограничения на ввоз или вывоз государствами-участниками Евразийского экономического союза в рамках Евразийского экономического сообщества в торговле с третьими странами, применяются меры нетарифного регулирования и ограничения в соответствии с международными договорами и актами, составляющими право Евразийского экономического союза.

6.

Иностранной финансовой организации, обладающей правом на осуществление одной или нескольких видов профессиональной деятельности на рынке ценных бумаг на территории иностранных государств, участвующей в эмиссии, размещении и обращении ценных бумаг (включая международные облигации и глобальные депозитарные расписки) за пределами Кыргызской Республики и (или) выполняющей роль номинального держателя на территории Кыргызской Республики, не требуется получение лицензии профессионального участника рынка ценных бумаг в порядке, предусмотренном настоящим Законом.

(В редакции Законов КР от 31 декабря 2014 года № 179, 30 апреля 2015 года № 91, 28 июня 2016 года № 91, 4 мая 2017 года № 75, 14 марта 2018 года № 29, 18 июля 2019 года № 89, 21 января 2022 года № 11, 30 июня 2022 года № 51, 5 августа 2022 года № 81, 19 марта 2024 года № 71, 26 июня 2025 года № 126 ,10 июля 2025 года № 137, 31 июля 2025 года № 180)

Кыргызча
Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары - иш) лицензиялоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат. 2. Ушул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт. 3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт: 1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге; 2) мамлекеттик каттоо тутумуна; 3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна; 4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ылайыктуулукту баалоо жаатына. 4. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат. Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө, лизинг иши жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет. Телекоммуникация операторлорунун ишин лицензиялоонун, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруунун тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен жөнгө салынат. Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын ичинде лицензияны берүү, токто туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жоюу), кайра жол-жоболоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо шарттары, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. Жарандык авиация чөйрөсүндө уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын субъекттерин лицензиялоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо, контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу шарттары "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. 5. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат. 6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары баалуу кагаздарды (эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды кошуп алганда) эмиссиялоого, жайгаштырууга жана жүгүртүүгө катышуучу жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагында номиналдык кармоочунун ролун аткаруучу чет мамлекеттердин аймагында баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин бир же бир нече түрүн жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк финансылык уюмга ушул Мыйзамда каралган тартипте баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын алуу талап кылынбайт. (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 179, 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 91, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 , 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)