Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 11. Содержание лицензии и (или) разрешения

1.

В лицензии и (или) разрешении указываются:

1) наименование лицензирующего органа;

2) полное и сокращенное (при наличии) наименование, организационно-правовая форма юридического лица, а также юридический адрес;

3) фамилия, имя, отчество физического лица, данные документа, удостоверяющего его личность, для индивидуальных предпринимателей - регистрационный номер записи о государственной регистрации индивидуального предпринимателя;

4) для лицензии - лицензируемый вид деятельности;

для разрешения - вид действия, на который выдается разрешение;

5) срок действия лицензии и (или) разрешения (если установлен);

6) территория осуществления деятельности (если ограничено территориально);

7) дата выдачи и регистрационный номер лицензии и (или) разрешения;

8) идентификационный номер налогоплательщика.

2.

Лицензия, приложение к лицензии и (или) разрешение оформляются по форме, утвержденной лицензиаром, в бумажном и (или) электронном форматах.

3.

Заявление и прилагаемые к нему документы, акты лицензиара о предоставлении лицензии и (или) разрешения, отказе в предоставлении лицензии и (или) разрешения, переоформлении, приостановлении, возобновлении или прекращении действия лицензии и (или) разрешения и другие документы составляют лицензионное дело заявителя или лицензиата.

Лицензионное дело формируется и хранится уполномоченным государственным органом в бумажном и (или) электронном форматах.

4.

При необходимости к лицензии оформляются приложения, которые являются ее неотъемлемой частью, за исключением случаев, когда на действия в процессе деятельности выдаются разрешения в соответствии со статьей 17 настоящего Закона.

Приложение к лицензии оформляется для указания каждого из видов выполняемых работ, услуг, действий и операций лицензируемого вида деятельности.

При открытии нового (дополнительного) объекта осуществления деятельности в приложении к лицензии указывается его фактический адрес.

Исчерпывающий перечень работ, услуг, действий и операций лицензируемого вида деятельности, указываемых в приложении к лицензии, устанавливается Положением о лицензировании отдельных видов деятельности, утверждаемым Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

С учетом особенностей отдельных видов деятельности и необходимости получения приложения лицензиат направляет соответствующему лицензиару уведомление, а также необходимые документы с указанием дополнительных видов выполняемых работ, услуг, действий и операций в рамках лицензируемого вида деятельности и (или) адреса нового объекта осуществления деятельности.

Приложение оформляется в течение пятнадцати рабочих дней с момента получения уведомления.

Осуществление дополнительных работ, услуг, действий и операций в рамках лицензируемого вида деятельности, а также функционирования нового (дополнительного) объекта осуществления деятельности начинается с момента получения приложения к лицензии.

Заявитель в случае неполучения письменного отказа в выдаче приложения к лицензии в течение пятнадцати рабочих дней с даты истечения срока, установленного для выдачи приложения к лицензии, начинает осуществление заявленных им дополнительных работ, услуг, действий и операций в рамках лицензируемого вида деятельности, а также функционирование нового (дополнительного) объекта осуществления деятельности.

(В редакции Закона КР от 28 февраля 2025 года № 49 )

Кыргызча
Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну 1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 1) лицензиялоочу органдын аталышы; 2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болсо) аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, ошондой эле юридикалык дареги; 3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери; 4) лицензия үчүн - иштин лицензиялануучу түрү; уруксат үчүн - уруксат берилип жаткан иш-аракеттин түрү; 5) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо); 6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак боюнча чектелген болсо); 7) лицензиянын жана (же) уруксаттын берилген датасы жана каттоо номери; 8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери. 2. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат лицензия берүүчү тарабынан бекитилген формада, кагаз жана (же) электрондук форматтарда жол-жоболоштурулат. 3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп туруу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун лицензиялык ишин түзөт. Лицензиялык иш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кагаз жана (же) электрондук форматтарда түзүлөт жана сакталат. 4. Зарыл болгондо лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемелер жол-жоболоштурулат, буга иш процессиндеги иш-аракеттерге ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык уруксат берилүүчү учурлар кирбейт. Лицензияга тиркеме иштин лицензиялануучу түрүнүн аткарылуучу жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын түрлөрүнүн ар бирин көрсөтүү үчүн жол-жоболоштурулат. Ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисин ачууда лицензиянын тиркемесинде анын иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт. Лицензиянын тиркемесинде көрсөтүлүүчү иштин лицензиялануучу түрүнүн жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, иш-аракеттеринин жана операцияларынын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен белгиленет. Иштин айрым түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана тиркемени алуу зарылдыгын эске алуу менен лицензия алуучу тиешелүү лицензия берүүчүгө кабарлоону, ошондой эле иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагында аткарылуучу жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын кошумча түрлөрүн жана (же) ишти жүзөгө ашыруунун жаңы объектисинин дарегин көрсөтүү менен зарыл документтерди жөнөтөт. Тиркеме кабарлоону алган учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде жол-жоболоштурулат. Иштин лицензиялануучу түрүнүн, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин иштөөсүнүн алкагында кошумча иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиянын тиркемесин алган учурдан тартып башталат. Арыз ээси лицензиянын тиркемесин берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартууну албаган учурда лицензиянын тиркемесин берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде ал тарабынан билдирилген, иштин лицензиялануучу түрүнүн алкагындагы кошумча жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле ишти жүзөгө ашыруунун жаңы (кошумча) объектисинин ишин баштайт. (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)