Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон КР от 19 октября 2013 года № 195 "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике" · гл. 1Статус: действует

Статья 12. Единый автоматизированный (электронный) реестр лицензий и разрешений

1.

Единый автоматизированный (электронный) реестр лицензий и разрешений (далее - реестр) является единственным источником, подтверждающим наличие выданных лицензий и разрешений и их правовой статус.

2.

Лицензии и разрешения включаются в реестр. Порядок формирования и ведения реестра утверждается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

3.

Реестр включает:

- сведения обо всех лицензиях и разрешениях, выданных в Кыргызской Республике, а также выданных лицензиарами иностранных государств, признанных на территории Кыргызской Республики, за исключением лицензий и разрешений, выданных вооруженными силами, правоохранительными органами и органами национальной безопасности;

- информационную часть.

4.

Сведения о выданных лицензиях и разрешениях содержат:

1) идентификационный номер налогоплательщика;

2) полное и сокращенное наименование (в случае если имеется), в том числе фирменное наименование, и организационно-правовую форму юридического лица, юридический адрес;

3) фамилию, имя, отчество физического лица, место его жительства, данные документа, удостоверяющего его личность, для индивидуальных предпринимателей - регистрационный номер записи о государственной регистрации индивидуального предпринимателя;

4) лицензируемый вид деятельности;

5) данные о территории осуществления деятельности (если ограничено территориально);

6) срок действия лицензии и (или) разрешения;

7) дату выдачи и регистрационный номер лицензии и (или) разрешения;

8) основание и срок приостановления и возобновления действия лицензии и (или) разрешения;

9) основание и дату прекращения лицензии и (или) разрешения.

5.

Информационная часть включает:

1) перечень лицензий и разрешений, выдаваемых в соответствии с настоящим Законом;

2) перечень нормативных правовых актов, определяющих порядок получения лицензии и разрешения, и ссылки на нормативные правовые акты;

3) перечень документов, необходимых для получения лицензий и разрешений;

4) требования к заявителям на получение лицензий и разрешений;

5) описание процедур подачи и рассмотрения заявлений на получение лицензий и разрешений;

6) основания для отказа в выдаче лицензий и разрешений;

7) описание процедур обжалования решений лицензирующих органов;

8) наименование, местонахождение и режим работы органов, осуществляющих выдачу лицензий и разрешений, рассмотрение жалоб, включая региональные подразделения;

9) размер и порядок оплаты государственной пошлины;

10) иные сведения, определяемые Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Достоверность, а также регулярное обновление данных, составляющих информационную часть, обеспечивается органами, осуществляющими лицензирование и выдачу разрешений.

6.

Информация, содержащаяся в реестре лицензий и разрешений, является открытой, если иное не установлено Законом Кыргызской Республики "Об информации персонального характера.

(В редакции Законов КР от 21 января 2022 года № 11, 28 февраля 2025 года № 49 )

Кыргызча
Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри 1. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз булак болуп саналат. 2. Лицензиялар жана уруксаттар реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 3. Реестр төмөнкүлөрдү камтыйт: - куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген бардык лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды; - маалыматтык бөлүктү. 4. Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин; 2) юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышын, анын ичинде фирмалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, юридикалык дарегин; 3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын жашаган жерин, анын ким экендигин тастыктоочу документтин маалыматтарын, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номерин; 4) иштин лицензиялануучу түрүн; 5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы жөнүндө маалыматтарды (эгерде аймактык жактан чектелген болсо); 6) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн; 7) лицензия жана (же) уруксат берилген датаны жана каттоо номерин; 8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизин жана мөөнөтүн; 9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизин жана датасын. 5. Маалыматтык бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегин; 2) лицензияны жана уруксатты алуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тизмегин жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди; 3) лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин; 4) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыз ээлерине карата талаптарды; 5) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорунун сыпаттамасын; 6) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди; 7) лицензиялоочу органдардын чечимдерин даттануу жол-жоболорунун сыпаттамасын; 8) лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү, даттанууларды кароону жүзөгө ашыруучу органдардын, анын ичинде региондук бөлүмдөрдүн аталышын, жайгашкан жерин жана иштөө режимин; 9) мамлекеттик алымды төлөө өлчөмүн жана тартибин; 10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды. Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы, ошондой эле үзгүлтүксүз жаңыланышы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат. 6. Эгерде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, лицензиялардын жана уруксаттардын реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат. (КР 2022-жылдын 21-январындагы № 11, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)