Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 2Статус: действует

Статья 9. Правовой статус научных и научно-технических организаций

1.

Научные и научно-технические организации являются юридическими лицами, которые осуществляют научную, научно-техническую и научно-инновационную деятельность, соответствующую целям и задачам, предусмотренным уставом данной организации, не противоречащую законодательству Кыргызской Республики, за исключением научных организаций, осуществляющих научную деятельность в сфере здравоохранения. Научные организации могут осуществлять научную деятельность в сфере здравоохранения на основании прохождения обязательной государственной аккредитации в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Устав научных и научно-технических организаций и научно-исследовательских институтов образовательных организаций высшего профессионального образования утверждается его учредителем и регистрируется в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

3.

Научные и научно-технические организации имеют право:

1) определять основные направления своей научной и научно-технической деятельности;

2) участвовать в конкурсах научных и научно-технических программ и проектов, финансируемых из республиканского бюджета и иных источников, не запрещенных законодательством Кыргызской Республики;

3) развивать прямые связи с другими научными и иными организациями;

4) в установленном порядке вступать в объединения, создавать филиалы;

5) издавать научные труды, периодические и серийные издания, формировать базы научно-технических данных, проводить конференции и другие научные мероприятия;

6) повышать квалификацию научных и научно-технических работников, осуществлять подготовку специалистов через аспирантуру, докторантуру, PhD докторантуру по профилю;

7) участвовать в установленном порядке в создании советов по защите диссертационных работ на соискание ученой степени и присвоению ученых званий;

8) принимать участие в межгосударственных и международных научно-исследовательских программах и проектах в соответствии с законодательством Кыргызской Республики и вступившими в силу в установленном законодательством порядке международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика;

9) создавать хозяйственные общества, опытные производства, технопарки, технополисы в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики, и получать доходы от реализации результатов научной, научно-технической и научно-инновационной деятельности;

10) создавать научно-технический совет для обеспечения коллегиальности принимаемых решений в сфере осуществления научной и научно-технической деятельности, управления деятельностью научной и научно-технической организации.

4.

Для обеспечения качества осуществляемой деятельности и соответствия современным требованиям научные и научно-технические организации подлежат государственной аттестации, за исключением научных организаций, осуществляющих научную деятельность в сфере здравоохранения.

Порядок проведения государственной аттестации научно-технической организации определяется уполномоченным государственным органом.

5.

Государство предоставляет государственным научным и научно-техническим организациям в безвозмездное пользование основные, оборотные фонды и государственное имущество, используемые для деятельности, предусмотренной их учредительными документами.

Основные и оборотные фонды и прочее государственное имущество, переданные в оперативное управление научным организациям, должны использоваться по целевому назначению.

Государственные научные и научно-технические организации используют переданную им государственную собственность для осуществления деятельности, установленной уставом организации, в том числе опытно-конструкторской, производственной, инновационной и коммерческой, с использованием получаемой прибыли для развития материально-технической базы, содержания инфраструктуры и социальной поддержки сотрудников организации.

6.

Государственным научным и научно-техническим организациям могут предоставляться в безвозмездное пользование участки земель для организации научных, испытательных полигонов (геоэкологические, физические, химические) в соответствии с земельным законодательством Кыргызской Республики.

7.

За сохранность и целевое использование переданного государственного имущества руководство государственной научной и научно-технической организации несет ответственность в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

8.

Государственные научные и научно-технические организации вправе создавать отраслевые территориальные отделения, научно-исследовательские организации, учебно-научные, инженерные и инновационные центры, технопарки, научно-учебно-лечебные комплексы в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

9.

Порядок назначения и освобождения руководителей государственных научных и научно-технических организаций определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

10.

Порядок назначения и освобождения руководителей научно-исследовательских институтов образовательных организаций высшего профессионального образования определяется уполномоченным государственным органом.

11.

Порядок назначения и освобождения руководителей негосударственных научных и научно-технических организаций определяется их учредительными документами.

(В редакции Закона КР от от 23 января 2026 года № 6 )

Кыргызча
Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук статусу 1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, илимий жана илимий-техникалык уюмдар ошол уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Илимий уюмдар саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте милдеттүү мамлекеттик аккредитациядан өтүүнүн негизинде жүзөгө ашыра алат. 2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынын жана илимий-изилдөө институттарынын уставы анын уюмдаштыруучусу тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат. 3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого; 2) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга; 3) башка илимий жана башка уюмдар менен түз байланыштарды өнүктүрүүгө; 4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө; 5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө; 6) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, адистерди аспирантура, докторантура, тармак боюнча PhD докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга; 7) окумуштуулук даражаны изденип алууга диссертациялык иштерди коргоо жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга; 8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына жана долбоорлоруна катышууга; 9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чарбалык коомдорду, тажрыйбалык өндүрүштөрдү, технопарктарды, технополистерди түзүүгө жана илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга; 10) илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу, илимий жана илимий-техникалык уюмдун ишин башкаруу чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдердин коллегиялуулугун камсыз кылуу үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүүгө. 4. Саламаттык сактоо чөйрөсүндө илимий ишти жүзөгө ашыруучу илимий уюмдарды кошпогондо, жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар мамлекеттик аттестациядан өтүүгө тийиш. Илимий-техникалык уюмду мамлекеттик аттестациядан өткөрүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 5. Мамлекет мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюштуруу документтеринде каралган иш үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү акысыз пайдаланууга берет. Илимий уюмдардын ыкчам башкаруусуна берилген негизги жана жүгүртүүдөгү фонддор жана башка мамлекеттик мүлк максаттуу багыты боюнча пайдаланылууга тийиш. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар аларга берилген мамлекеттик менчикти уюмдун уставында белгиленген ишти, анын ичинде тажрыйбалык-конструктордук, өндүрүштүк, инновациялык жана коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн, материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, инфратүзүмдү карап күтүү жана уюмдун кызматкерлерин социалдык колдоо үчүн алынган пайданы пайдалануу аркылуу колдонот. 6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору бекер пайдаланууга берилиши мүмкүн. 7. Берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 8. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тармактык аймактык бөлүмдөрдү, илимий-изилдөө уюмдарын, окуу-илимий, инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу-дарылоо комплекстерин түзүүгө укуктуу. 9. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 10. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын илимий-изилдөө институттарынын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. 11. Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби алардын уюмдаштыруучу документтери менен аныкталат. (КР 2026-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)