Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 2Статус: действует

Статья 12. Подготовка, переподготовка, стажировка, повышение квалификации и аттестация научных работников

1.

Научные и научно-технические организации, образовательные организации высшего профессионального образования, располагающие квалифицированными научными кадрами и необходимой материально-технической базой, вправе осуществлять подготовку, переподготовку, стажировку и повышение квалификации научных работников и научно-педагогических кадров в установленном порядке.

2.

Государственные научные и научно-технические организации, образовательные организации высшего профессионального образования могут осуществлять подготовку, переподготовку, стажировку и повышение квалификации научных, научно-технических работников и научно-педагогических кадров за счет республиканского бюджета в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

3.

Научные и научно-технические организации, образовательные организации высшего профессионального образования вправе участвовать в установленном порядке в создании советов по защите диссертаций на соискание ученых степеней.

4.

Научные работники проходят аттестацию не реже одного раза в 5 лет. Порядок проведения аттестации научных работников определяется научной и научно-технической организацией самостоятельно.

5.

В Кыргызской Республике устанавливаются ученые степени доктора наук, кандидата наук, доктора философии (PhD)/доктора по профилю, ученые звания профессора, доцента и старшего научного сотрудника.

6.

Национальная аттестационная комиссия при Президенте Кыргызской Республики осуществляет аттестацию научных и научно-педагогических кадров высшей квалификации, присуждает ученые степени и присваивает ученые звания в установленном порядке.

7.

Порядок организации послевузовского профессионального образования и присуждения ученой степени доктора философии (PhD)/доктора по профилю определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

Кыргызча
Илимий кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо, такшалмадан өткөрүү, квалификациясын жогорулатуу жана аттестациялоо 1. Квалификациялуу илимий кадрларга жана зарыл материалдык-техникалык базага ээ болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары илимий кызматкерлерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, такшалмадан өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга укуктуу. 2. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары илимий, илимий-техникалык кызматкерлерди жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, такшалмадан өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашыра алат. 3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар, кесиптик жогорку билим берүү уюмдары окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерди түзүүгө белгиленген тартипте катышууга укуктуу. 4. Илимий кызматкерлер 5 жылда бирден кем эмес жолу аттестациядан өтүшөт. Илимий кызматкерлерди аттестациялоодон өткөрүүнүн тартиби илимий жана илимий-техникалык уюм тарабынан өз алдынча аныкталат. 5. Кыргыз Республикасында илимдин докторунун, илимдин кандидатынын, философия докторунун (PhD), тармак боюнча доктордун окумуштуулук даражалары, профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары белгиленет. 6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону жүзөгө ашырат, белгиленген тартипте окумуштуулук даражаларды берет жана окумуштуулук наамдарды ыйгарат. 7. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнү уюштуруунун жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.