Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке" · гл. 2Статус: действует

Статья 8. Права и обязанности научных работников

1.

Научные работники имеют право:

1) на участие в конкурсах научных, научно-технических и научно-инновационных программ и проектов, финансируемых из республиканского бюджета и иных источников, не запрещенных законодательством Кыргызской Республики;

2) на признание их авторства на полученные ими научные и научно-технические результаты в соответствии с законодательством Кыргызской Республики об авторском праве и коммерциализацию результатов научной, научно-технической и инновационной деятельности;

3) на свободное изъявление своих научных взглядов и защиту от посягательств на свободу их творчества, защиту интеллектуальной собственности, независимую экспертизу результатов научных исследований и их реализацию;

4) на повышение квалификации путем стажировки в ведущих научно-исследовательских организациях, в том числе за рубежом, учебу в аспирантуре, докторантуре и иных формах квалификационной системы науки и образования, участие в научных форумах за счет научной/образовательной организации/доноров не менее одного раза в 3 года;

5) на обмен научной информацией и совместные исследования с зарубежными коллегами, работу в научных организациях за рубежом и публикацию в международной научной печати в установленном порядке;

6) на вступление или избрание в научные сообщества, включая зарубежные;

7) на самостоятельное определение тематики и методов исследования с учетом приоритетных направлений науки;

8) на свободное и самостоятельное объединение в коллективы, создание юридического лица и научных объединений, общественных и иных организаций.

2.

Научные работники обязаны:

1) соблюдать права и законные интересы других субъектов научной деятельности;

2) осуществлять научную деятельность, не нарушая права и свободы человека, не причиняя вреда жизни и здоровью других лиц, а также окружающей среде;

3) объективно проводить экспертизу научных программ, проектов, квалификационных научных работ (диссертаций) и других результатов научной деятельности.

3.

Научные работники в соответствии с настоящим Законом несут ответственность:

1) за направленность, методы и достоверность проводимых научных исследований и их результаты;

2) за нецелевое использование финансовых средств;

3) за нарушение норм профессиональной этики и нравственных ценностей;

4) за необъективную оценку осуществления экспертизы представленных им научных и научно-технических программ и проектов, научных и научно-технических результатов.

Кыргызча
Илимий кызматкерлердин укуктары жана милдеттери 1. Илимий кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу: 1) республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржылануучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык программалардын жана долбоорлордун конкурстарына катышууга; 2) автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар алган илимий жана илимий-техникалык натыйжаларга алардын авторлугун таанууга жана илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин натыйжаларын коммерциялаштырууга; 3) өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө жана алардын чыгармачылык эркиндигине кол салуудан коргоого, интеллектуалдык менчикти коргоого, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын көз карандысыз экспертизалоого жана аларды ишке ашырууга; 4) алдынкы илимий-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө такшалмадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илимдин жана билим берүүнүн квалификациялык системасынын башка формаларында окуу, илимий/билим берүү уюмдарынын/донорлорунун эсебинен илимий форумдарга 3 жылда бирден кем эмес жолу катышуу аркылуу квалификацияны жогорулатууга; 5) чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашууга жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда иштөөгө жана белгиленген тартипте эл аралык илимий басылмаларда макалаларын жарыялоого; 6) илимий, анын ичинде чет өлкөлүк коомдоштуктарга кирүүгө же шайланууга; 7) илимдин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен изилдөө тематикасын жана методдорун өз алдынча аныктоого; 8) жамааттарга эркин жана өз алдынча биригүүгө, юридикалык жакты жана илимий бирикмелерди, коомдук жана башка уюмдарды түзүүгө. 2. Илимий кызматкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого; 2) адамдын укуктарын жана эркиндиктерин бузбастан, башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен илимий ишти жүзөгө ашырууга; 3) илимий программаларга, долбоорлорго, квалификациялык илимий иштерге (диссертацияларга) жана илимий иштин башка натыйжаларына объективдүү экспертиза жүргүзүүгө. 3. Илимий кызматкерлер ушул Мыйзамга ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартышат: 1) жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн багыты, методдору, аныктыгы жана алардын натыйжалары үчүн; 2) каржы каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы үчүн; 3) кесиптик этиканын ченемдерин жана адеп-ахлактык баалуулуктарды бузгандыгы үчүн; 4) аларга берилген илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, илимий жана илимий-техникалык натыйжаларды экспертизалоону жүзөгө ашырууга объективдүү эмес баа бергендиги үчүн.