Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19
Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике" · гл. 3Статус: действует

Статья 19. Условия предоставления сведений о юридических лицах и персональных сведений о гражданах

1.

Предоставление риелторам сведений о юридических лицах осуществляется в объеме сведений, включенных в единый государственный реестр юридических лиц, филиалов (представительств).

2.

Предоставление риелторам персональных сведений о гражданах осуществляется в объеме:

1) сведений о фактах прописки (регистрации) граждан по адресам их места жительства;

2) сведений, включаемых уполномоченным государственным органом по учету документаций об объектах жилого и нежилого фонда;

3) сведений, необходимых для установления характера и содержания прав на недвижимое имущество лиц, относящихся к особым категориям граждан (несовершеннолетних и иных лиц, признанных в установленном порядке недееспособными, инвалидов, пенсионеров);

4) сведений, включаемых в журналы регистрации актов гражданского состояния;

5) сведений о состоянии здоровья лиц, находящихся на учете в специализированных лечебных учреждениях.

3.

Предоставление риелтору сведений о фактах усыновления не допускается вне зависимости от характера запроса и обстоятельств, на которые ссылается риелтор.

4.

Должностные лица, виновные в предоставлении риелтору персональных сведений о гражданах, разглашение которых не допускается в соответствии с частью 3 настоящей статьи, несут ответственность в соответствии с уголовным законодательством Кыргызской Республики и законодательством Кыргызской Республики о правонарушениях.

5.

Разглашение риелторами и сотрудниками риелторской фирмы персональной информации, полученной в ходе совершения сделки и не подлежащей разглашению, является основанием для привлечения их к ответственности в соответствии с уголовным законодательством Кыргызской Республики и законодательством Кыргызской Республики о правонарушениях.

Кыргызча
Юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды жана жарандар тууралуу жекече маалыматтарды берүүнүн шарттары 1. Риелторлорго юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды берүү юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө жүзөгө ашырылат. 2. Риелторлорго жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды берүү төмөнкүлөрдүн көлөмүндө жүзөгө ашырылат: 1) жарандардын жашаган жеринин даректери боюнча алар катталгандыгынын (каттоонун) фактылары жөнүндө маалыматтардын; 2) турак жана турак эмес жайлардын фондунун объекттери жөнүндө документтерди эсепке алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизүүчү маалыматтардын; 3) жарандардын өзгөчө категорияларына кирген адамдардын (жашы жете элек жана белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган башка адамдар, майыптар, пенсионерлер) кыймылсыз мүлккө укуктарынын мүнөзүн жана мазмунун белгилөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын; 4) жарандык абалдын актыларын каттоо журналдарына киргизилүүчү маалыматтардын; 5) адистештирилген дарылоо мекемелеринде каттоодо турган адамдардын ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтардын. 3. Риелторго баланы асырап алуунун фактылары жөнүндө маалыматтарды берүүгө суроо-талаптын мүнөзүнө жана риелтор шилтеме жасаган жагдайларга карабастан жол берилбейт. 4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык жарыя кылууга жол берилбеген жарандар жөнүндө жекече маалыматтарды риелторго бергендиги үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 5. Бүтүм жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган жана жарыя кылууга болбой турган жекече маалыматты риелторлордун жана риелтордук фирманын кызматкерлеринин жарыя кылышы аларды Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.