Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 51
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 7Статус: действует

Статья 51. Подготовка ответственным комитетом проекта закона ко второму чтению

1.

Субъекты права законодательной инициативы направляют одновременно в ответственный комитет и экспертным службам письменные поправки к проекту закона с их обоснованием, сравнительной таблицей через соответствующее структурное подразделение Аппарата в сроки, установленные частью 5 статьи 54 настоящего Регламента.

При этом не допускается внесение поправок, выходящих за рамки концепции законопроекта.

2.

Экспертные службы направляют ответственному комитету и инициатору поправок заключение на поступившие поправки не позднее 5 рабочих дней после окончания срока, указанного в постановлении о принятии в первом чтении.

3.

Ответственный комитет осуществляет рассмотрение:

1) поправок, поступивших от инициаторов поправок ко второму чтению согласно части 1 настоящей статьи;

2) заключений экспертных служб;

3) заключений других профильных комитетов.

4.

Рассмотрение поправок к проекту закона проводится не позднее 20 рабочих дней после окончания срока, указанного в постановлении о принятии в первом чтении, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Регламентом.

5.

На заседание ответственного комитета приглашаются инициаторы поправок, инициатор проекта закона или уполномоченный им представитель, которые предварительно уведомляются о времени и месте его проведения. В случае отсутствия инициатора проекта закона или его представителя комитет вправе отложить его рассмотрение на другое время. Отсутствие инициаторов поправок не является препятствием для рассмотрения проекта закона.

6.

Ответственный комитет рассматривает поступившие поправки и принимает решение о их принятии или отклонении. Принятые поправки включаются в проект закона, который должен быть подготовлен ко второму чтению.

Поправки, по которым комитет не пришел к единому решению, могут быть вынесены комитетом на заседание Жогорку Кенеша для принятия решения по ним.

7.

Ответственный комитет наряду с заключением ко второму чтению направляет соответствующему структурному подразделению Аппарата в бумажном или электронном виде следующие материалы:

1) текст проекта закона с учетом поправок, рекомендуемых к принятию Жогорку Кенешем;

2) сравнительную таблицу поправок;

3) проект постановления Жогорку Кенеша;

4) заключение экспертной службы по поступившим поправкам;

5) итоговую информацию по результатам общественных обсуждений в случае их проведения.

(В редакции Законов КР от 18 декабря 2024 года № 205, 19 мая 2026 года № 69 )

Кыргызча
Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо 1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу ушул Регламенттин 54-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө, мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү алардын негиздемеси, салыштырма таблицасы менен бир эле учурда жооптуу комитетке жана эксперттик кызматтарга жөнөтөт. Мында мыйзам долбоорунун концепциясынын алкагынан чыккан түзөтүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. 2. Эксперттик кызматтар келип түшкөн түзөтүүлөргө корутундуну жооптуу комитетке жана түзөтүүлөрдүн демилгечисине биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумуш күндөн кечиктирбестен жөнөтөт. 3. Жооптуу комитет төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат: 1) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык демилгечилерден экинчи окууга карата келип түшкөн түзөтүүлөрдү; 2) эксперттик кызматтардын корутундуларын; 3) башка тармактык комитеттердин корутундуларын. 4. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү кароо биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. 5. Жооптуу комитеттин жыйналышына түзөтүүлөрдүн демилгечилери, мыйзам долбоорунун демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл чакырылат, алар аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө алдын ала кабарландырылат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын өкүлү жок болгон учурда комитет аны кароону башка убакытка калтырууга укуктуу. Түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин жоктугу мыйзам долбоорун кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. 6. Жооптуу комитет келип түшкөн түзөтүүлөрдү карайт жана аларды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган түзөтүүлөр экинчи окууга даярдалууга тийиш болгон мыйзам долбооруна киргизилет. Алар боюнча комитет бир чечимге келбеген түзөтүүлөрдү комитет алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышына киргизиши мүмкүн. 7. Жооптуу комитет экинчи окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз же электрондук түрдө төмөнкүдөй материалдарды жөнөтөт: 1) Жогорку Кеңеш кабыл алышына сунушталуучу түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстин; 2) түзөтүүлөрдүн салыштырма таблицасын; 3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун; 4) келип түшкөн түзөтүүлөр боюнча эксперттик кызматтын корутундусун; 5) коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча жыйынтык маалыматты. (КР 2024-жылдын 18-декабрындагы № 205, 2026-жылдын 19-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)