Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 47
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 7Статус: действует

Статья 47. Регистрация проекта закона

1.

Соответствующее структурное подразделение Аппарата в течение 2 рабочих дней регистрирует проект закона и направляет его в юридическую службу для подготовки справки в течение 3 рабочих дней о его соответствии требованиям статей 44 и 46 настоящего Регламента для внесения Торага.

2.

Торага не позднее 2 рабочих дней на основании справки юридической службы накладывает резолюцию о направлении законопроекта в соответствующие комитеты согласно вопросам ведения с определением ответственного комитета.

Ответственным является комитет, фамилия председателя которого в резолюции указывается первой.

3.

В соответствии с резолюцией Торага соответствующее структурное подразделение Аппарата в течение дня направляет проект закона и сопроводительные документы во фракции, депутатские группы, комитеты, депутатам, экспертным службам, осуществляющим специальные экспертизы (далее - экспертные службы), а также размещает проект закона на официальном сайте Жогорку Кенеша.

4.

Проекты законов, внесенные депутатами, а также в порядке народной инициативы, после регистрации направляются другим субъектам права законодательной инициативы для рассмотрения вопросов, относящихся к их компетенции.

5.

Депутат как субъект законодательной инициативы вправе отозвать либо отказаться от участия в инициировании проекта закона до его принятия во втором чтении, о чем письменно уведомляет Торага. Если проект закона внесен группой депутатов, он может быть отозван с согласия всех инициаторов. Другие субъекты законодательной инициативы вправе отозвать проект закона до его принятия в первом чтении.

6.

Депутат или группа депутатов с согласия инициаторов проекта закона вправе присоединиться к инициированию проекта закона до принятия его в первом чтении, о чем письменно уведомляет Торага.

Кыргызча
Мыйзам долбоорун каттоо 1. Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү мыйзам долбоорун 2 жумуш күндүн ичинде каттайт жана Төрагага киргизүү үчүн ушул Регламенттин 44 жана 46-беренелеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө маалымдама даярдоо үчүн аны юридикалык кызматка 3 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт. 2. Төрага 2 жумуш күндөн кечиктирбестен юридикалык кызматтын маалымдамасынын негизинде мыйзам долбоорун карамагындагы маселелерге ылайык жооптуу комитетти аныктоо менен тиешелүү комитеттерге жөнөтүү жөнүндө резолюция коет. Резолюцияда төрагасынын фамилиясы биринчи көрсөтүлгөн комитет жооптуу болуп саналат. 3. Төраганын резолюциясына ылайык Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү бир күндүн ичинде мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди фракцияларга, депутаттык топторго, комитеттерге, депутаттарга, атайын экспертизаларды жүзөгө ашыруучу эксперттик кызматтарга (мындан ары - эксперттик кызматтар) жөнөтөт, ошондой эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырат. 4. Депутаттар тарабынан, ошондой эле элдик демилге тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору каттоодон кийин өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн мыйзам чыгаруу демилге укугунун башка субъекттерине жөнөтүлөт. 5. Депутат мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти катары мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алганга чейин аны кайра чакыртып алууга же болбосо демилгелөөгө катышуудан баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт. Эгерде мыйзам долбоору депутаттардын тобу тарабынан киргизилсе, ал бардык демилгечилердин макулдугу менен кайра чакыртып алынышы мүмкүн. Мыйзам чыгаруу демилгесинин башка субъекттери мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны кайра чакыртып алууга укуктуу. 6. Депутат же депутаттардын тобу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин макулдугу менен мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганга чейин аны демилгелөөгө кошулууга укуктуу, бул жөнүндө Төрагага жазуу жүзүндө кабарлайт.