Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 45
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 7Статус: действует

Статья 45. О законопроектах, не принятых предыдущим созывом Жогорку Кенеша

1.

Проект закона, инициированный депутатом или депутатами и не рассмотренный в первом чтении предыдущим созывом Жогорку Кенеша, считается отозванным, за исключением проекта, внесенного в порядке народной инициативы.

2.

Проект закона, внесенный субъектами права законодательной инициативы, за исключением депутатов Жогорку Кенеша, считается отозванным, если субъекты права законодательной инициативы отказались его поддержать.

3.

Отозванный проект закона, который был инициирован депутатом или депутатами предыдущего созыва, раздается депутатам нового созыва и профильному комитету Жогорку Кенеша для принятия решения о его повторном инициировании и включении в сессионный план либо о нецелесообразности его дальнейшего инициирования.

4.

Отозванный проект закона, не востребованный депутатами нового созыва, передается в архив Жогорку Кенеша.

5.

Проект закона, внесенный в порядке народной инициативы или поддержанный субъектами права законодательной инициативы, рассматривается Жогорку Кенешем в порядке, определенном настоящим Регламентом.

6.

Законопроекты, принятые Жогорку Кенешем предыдущего созыва в первом, втором и третьем чтениях, рассматриваются Жогорку Кенешем в порядке, установленном настоящим Регламентом.

Кыргызча
Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлору жөнүндө 1. Элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, депутат же депутаттар демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору кайра чакыртып алынган деп эсептелет. 2. Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери тарабынан киргизилген мыйзам долбоору, эгерде мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери аны колдоодон баш тартса, кайра чакыртып алынган болуп эсептелет. 3. Мурдагы чакырылыштагы депутат же депутаттар тарабынан демилгеленген кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө же болбосо андан ары демилгелөөнүн максатка ылайыксыздыгы жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана тармактык комитетине таратып берилет. 4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган кайра чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет. 5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери колдогон мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте аныкталган тартипте карайт. 6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш ушул Регламентте белгиленген тартипте карайт.