Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 1Статус: действует

Статья 9. Закупающая организация/Агент

1.

Для проведения процедур закупок закупающая организация/Агент может создать структурное подразделение по закупкам либо возложить функции на одно из своих структурных подразделений или работника.

2.

Структурное подразделение по закупкам/работник осуществляет следующие функции:

1) на основании представленных заявок с указанием технических спецификаций и предварительного бюджета проводит мониторинг рынка закупаемых товаров, работ, услуг в момент составления плана закупок и перед публикацией объявления (на этапе планирования, составления плана закупок, при заключении рамочного соглашения и при закупке методом из одного источника);

2) осуществляет планирование государственных закупок в соответствии с требованиями статьи 11 настоящего Закона;

3) разрабатывает на веб-портале документацию о закупке, изменения и дополнения к ней, размещает ответы на запросы о разъяснениях, итоги оценки предложений поставщиков, протокол процедуры закупки после подписания;

4) размещает на веб-портале информацию о заключенном контракте в соответствии со статьей 47 настоящего Закона;

5) отменяет закупку на веб-портале в случае, предусмотренном частью 1 статьи 28 настоящего Закона, или признает закупку несостоявшейся в соответствии с пунктами 4 и 5 части 3 статьи 28 настоящего Закона;

6) инициирует включение в базу данных недобросовестных поставщиков;

7) направляет в уполномоченный государственный орган по государственным закупкам уведомление об исполнении решения независимой комиссии в течение трех рабочих дней со дня вынесения решения.

3.

Все работники структурного подразделения по закупкам либо работник, на которого возложены функции по проведению процедур закупок, должны иметь сертификат по государственным закупкам, выданный уполномоченным органом, или диплом о высшем/среднем профессиональном образовании в сфере закупок.

4.

Не позднее 10 рабочих дней текущего года руководитель закупающей организации создает комиссию по закупке из числа сотрудников закупающей организации/Агента, других органов и представителей общественности (по письменному обращению), отбор которых осуществляется посредством случайной выборки через веб-портал.

Комиссия по закупке не создается при закупках методами из одного источника и запроса котировок без установления квалификационных требований.

Комиссия по закупке должна состоять не менее чем из трех человек, один из которых должен иметь сертификат в сфере государственных закупок, выданный уполномоченным органом, или диплом о высшем/среднем профессиональном образовании в сфере закупок. В состав комиссии по закупке могут входить руководители закупающей организации, работники других государственных (муниципальных) организаций и учреждений, представители общественности и привлеченные эксперты.

5.

Комиссия по закупке:

1) утверждает критерии документации о закупке;

2) проводит оценку предложений, используя процедуры и критерии, предусмотренные настоящим Законом и документацией о закупке;

3) определяет победителя и поставщиков, занявших следующие по рейтингу места;

4) признает закупку несостоявшейся в случаях, предусмотренных статьей 28 настоящего Закона;

5) в случае признания жалобы обоснованной согласно пункту 1 части 3 статьи 44 и пункту 2 части 5 статьи 45 настоящего Закона осуществляет переоценку предложений поставщиков.

6.

Руководитель закупающей организации/Агента создает структурное подразделение или возлагает на структурное подразделение/работника функции администрирования контракта о закупках.

7.

При осуществлении закупок закупающая организация/Агент обеспечивает участие гражданского общества по заявлению представителей гражданского общества в процессе исполнения контракта при приемке товаров, работ, услуг.

8.

Руководитель, работники структурного подразделения по закупкам либо структурное подразделение/работник, на которого возложены функции по проведению процедур закупок, комиссия по закупке, лица, ответственные за администрирование контракта закупающей организации/Агента, несут персональную ответственность за нарушение возложенных на них обязанностей в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

Кыргызча
Сатып алуучу уюм/Агент 1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүм түзө алат же болбосо өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бирине же кызматкерине функцияларын жүктөй алат. 2. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бɵлүм/кызматкер төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: 1) техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, сатып алуулар планын түзүү учурунда жана кулактандырууну жарыялоонун алдында (сатып алууларды пландоо, планын түзүү этабында, алкактык макулдашууну түзүүдө жана бир булактан сатып алуу ыкмасында) сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзөт; 2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат; 3) сатып алуу жөнүндө документтерди, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду веб-порталда иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоонун жыйынтыктарын, сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун кол коюлгандан кийин жайгаштырат; 4) веб-порталга ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты жайгаштырат; 5) ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда веб-порталда сатып алууну жокко чыгарат же ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык сатып алууну болгон жок деп тааныйт; 6) маалыматтар базасына ак ниет эмес берүүчүлөрдү киргизүүнү демилгелейт; 7) көз карандысыз комиссиянын чечиминин аткарылышы жөнүндө билдирүүнү чечим чыгарылган күндɵн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет. 3. Сатып алуучулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн бардык кызматкерлерин же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн кызматкеринин ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто билими жөнүндө диплому болууга тийиш. 4. Cатып алуучу уюмдун жетекчиси учурдагы жылдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун/Агенттин, башка органдардын кызматкерлеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн (жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча) ичинен сатып алуу боюнча комиссияны түзөт, аларды тандоо веб-порталда кокусунан тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Квалификациялык талаптарды белгилебестен бир булактан жана котировкаларды суратуу методдор менен сатып алууларда сатып алуу боюнча комиссия түзүлбөйт. Сатып алуу боюнча комиссия кеминде үч адамдан турууга тийиш, алардын биринде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мамлекеттик сатып алуулар чɵйрɵсүндɵгү сертификаты же сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогорку/орто кесиптик билими жөнүндө диплому болууга тийиш. Сатып алуу боюнча комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчилери, башка мамлекеттик (муниципалдык) уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылган эксперттер кириши мүмкүн. 5. Сатып алуу боюнча комиссия: 1) сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитет; 2) ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалоону жүргүзɵт; 3) жеңүүчүнү жана рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөрдү аныктайт; 4) ушул Мыйзамдын 28-беренесинде каралган учурларда сатып алууну болгон жок деп тааныйт; 5) даттануу ушул Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 45-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык негиздүү деп таанылган учурда берүүчүлөрдүн сунуштарын кайра баалоону жүзөгө ашырат. 6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси түзүмдүк бɵлүмдү түзɵт же сатып алуулар жөнүндө контрактты башкаруу функциясын түзүмдүк бɵлүмгɵ/кызматкерге жүктɵйт. 7. Сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда контрактты аткаруу процессине жарандык коомдун ɵкүлдɵрүнүн арызы боюнча жарандык коомдун катышуусун камсыздайт. 8. Сатып алуулар боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, кызматкерлери же болбосо сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү функциялары жүктөлгөн түзүмдүк бɵлүм/кызматкер, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун/Агенттин контрактты башкарууга жооптуу адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 2-глава. Мамлекеттик сатып алуулардын этаптары