Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 6
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 1Статус: действует

Статья 6. Конфликт интересов

1.

Руководителям и работникам закупающих организаций/Агента, членам комиссии по закупке при осуществлении закупок запрещается:

1) оказывать какое-либо влияние на действия (бездействие), решения в интересах какого-либо поставщика на любом этапе осуществления государственных закупок;

2) участвовать в качестве поставщиков или быть с ними аффилированными лицами при закупках, регулируемых настоящим Законом.

В случае нарушения требований настоящей части руководители, работники, члены комиссии по закупке закупающих организаций/Агента, участвующие в процедурах государственных закупок, привлекаются к ответственности в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке, а процедура закупки прекращается по решению закупающей организации/Агента либо уполномоченного государственного органа по государственным закупкам.

2.

Лица не могут исполнять обязанности, связанные с процедурой закупки, если они:

1) лично заинтересованы в результатах закупки (в том числе физические лица, подавшие заявки на участие в закупке);

2) являются работниками поставщиков, подавших предложения на участие в закупке, либо физическими лицами, на которых поставщики способны оказывать влияние, в том числе физическими лицами, являющимися участниками (акционерами), членами органов управления или кредиторами таких поставщиков.

3.

Закупающая организация/Агент не может заключать контракт о закупке или рамочное соглашение с поставщиком:

1) если учредитель или руководитель является учредителем или руководителем другого поставщика, участвующего в одной закупке;

2) если поставщик, участвующий в одной закупке, является близким родственником или близким лицом руководителя, члена комиссии по закупке, сотрудника отдела закупок закупающей организации/Агента;

3) если поставщик является аффилированным лицом;

4) если для подготовки его предложения в данной закупке привлечено физическое или юридическое лицо, которое ранее отвечало в закупающей организации/у Агента за подготовку документации о закупке.

4.

Закупающая организация/Агент обязана требовать от поставщика подтверждение об отсутствии аффилированности, а также информацию о бенефициарных владельцах.

5.

Все участники закупки должны соблюдать основные принципы этики поведения в процессе государственных закупок и при исполнении контрактов о закупках.

6.

В случае выявления закупающей организацией/Агентом фактов, указанных в частях 1–3 настоящей статьи, предложения таких поставщиков подлежат отклонению.

7.

Причины отклонения предложений поставщика в соответствии с настоящей статьей отражаются в протоколе процедур закупок.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 6 августа 2026 года № 144)

Кыргызча
Кызыкчылыктардын кагылышы 1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун кандай болбосун этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы иш-аракеттерге (аракетсиздикке), чечимдерге кандайдыр бир таасирин тийгизүүгө; 2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу сатып алуучу уюмдун/Агенттин же болбосо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат. 2. Адамдар сатып алуулардын жол-жобосу менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар: 1) сатып алуулардын натыйжасына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар); 2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн кызматкерлери же болбосо аларга берүүчүлөр таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар, анын ичинде башкаруу органдарынын катышуучулары (акционерлери), мүчɵлɵрү же мындай берүүчүлөрдүн кредиторлору болуп саналган жеке жактар болуп эсептелсе. 3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкүдɵй учурда түзө албайт: 1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса; 2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса; 3) эгерде берүүчү аффилирленген жак болуп саналса; 4) эгерде бул сатып алууда анын сунуштарын даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген жеке же юридикалык жак тартылса. 4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн аффилирлөөнүн жок экендиги жɵнүндɵ ырастоону, ошондой эле бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. 5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. 6. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 1–3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды аныктаган учурда, мындай берүүчүлөрдүн сунуштары четке кагылууга тийиш. 7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)