Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках" · гл. 1Статус: действует

Статья 8. Уполномоченный государственный орган по государственным закупкам

1.

Уполномоченный государственный орган по государственным закупкам осуществляет разработку и реализацию государственной политики в области государственных закупок.

2.

Основными функциями уполномоченного государственного органа по государственным закупкам являются:

1) разработка проектов нормативных правовых актов в сфере государственных закупок, в том числе:

а) порядок проведения процедур государственных закупок;

б) (Утратил силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 25 июля 2023 года № 147)

в) порядок применения общего классификатора государственных закупок;

1-1) представление письменных разъяснений по запросам применения законодательства в сфере государственных закупок;

2) координация, регулирование, содействие и обучение участников процедур закупок товаров, работ, услуг;

3) привлечение к ответственности за нарушение положений нормативных правовых актов в сфере государственных закупок в порядке, предусмотренном законодательством Кыргызской Республики;

4) формирование и ведение единых республиканских реестров закупающих организаций, контрактов о государственных закупках, базы данных поставщиков, а также базы данных недобросовестных поставщиков и консультантов;

5) обеспечение открытости и публичности процедур закупок, включая публикацию жалоб на веб-портале (содержание и решение, принятое по результатам рассмотрения таких жалоб);

6) составление статистической и аналитической информации о проведенных государственных закупках;

7) внедрение лучшей практики и инновационных технологий в систему государственных закупок;

8) администрирование электронного каталога и веб-портала;

9) аккумулирование и управление денежными средствами на специальном счете, поступающими от поставщиков, участвующих в государственных закупках, в виде оплаты гарантийного обеспечения исполнения контракта, платы за использование веб-портала государственных закупок и подачу жалобы в независимую комиссию. Порядок аккумулирования и управления денежными средствами, а также порядок и размер оплаты услуг веб-портала государственных закупок и подачи жалоб в независимую комиссию определяются решением Кабинета Министров;

10) контроль за заключением и мониторинг за исполнением закупающими организациями/Агентом контрактов о закупках;

11) взаимодействие с гражданским обществом по вопросам совершенствования системы государственных закупок.

3.

Уполномоченный государственный орган по государственным закупкам при проведении мониторинга и выявлении нарушений законодательства Кыргызской Республики в области государственных закупок обязан применять следующие меры:

1) обязать закупающую организацию/Агента привести процедуру закупки в соответствие требованиям, предусмотренным настоящим Законом;

2) обязать закупающую организацию/Агента пересмотреть свое незаконное решение или признать закупку несостоявшейся;

3) приостановить процедуру закупки;

4) принять решение о прекращении процедур закупок;

5) направить материалы о допущенных нарушениях в соответствующие правоохранительные органы.

4.

Предписание уполномоченного государственного органа по государственным закупкам, изданное в пределах его компетенции, в соответствии с частью 3 настоящей статьи подлежит исполнению закупающими организациями/Агентом, допустившими нарушения.

5.

Сотрудники уполномоченного государственного органа по государственным закупкам не вправе входить в состав комиссий по государственным закупкам, за исключением закупок для собственных нужд.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 25 июля 2023 года № 147, 6 августа 2026 года № 144 )

Кыргызча
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде: а) мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү тартибин; б) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) в) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун колдонуунун тартибин; 1-1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү 2) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын жол-жоболорун координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана катышуучуларды окутуу; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу; 4) сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды, берүүчүлөрдүн маалыматтар базасын, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү; 5) сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын, буга кошуп веб-порталда даттанууларды жарыялоону камсыз кылуу (мындай даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мазмун жана чечим); 6) жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү; 7) мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды мамлекеттик сатып алуулар системасына киргизүү; 8) электрондук каталогду жана веб-порталды башкаруу; 9) мамлекеттик сатып алууларга катышкан берүүчүлөрдөн контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоого акы төлөө, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталын пайдалангандыгы үчүн акы жана көз карандысыз комиссияга даттануу бергендиги үчүн акы төлөө түрүндө келип түшкөн акча каражаттарын атайын эсепте топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоо жана башкаруу тартиби, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар веб-порталынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жана көз карандысыз комиссияга даттануу берүүгө акы төлөө тартиби жана өлчөмү Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган; 10) сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан сатып алуулар жөнүндө контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү; 11) мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү. 3. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү: 1) сатып алуучу уюмду/Агентти сатып алуу жол-жобосун ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүү; 2) сатып алуучу уюмду/Агентти өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра кароого же сатып алууну болгон жок деп таанууга милдеттендирүү; 3) сатып алуу жол-жобосун токтотуп туруу; 4) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу; 5) жол берилген бузуулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү. 4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз компетенциясынын чегинде чыгарылган эскертме каты ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бузууларга жол берген сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан аткарылууга тийиш. 5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, өз муктаждыктары үчүн сатып алууларды кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиялардын курамына кирүүгө укуксуз. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2026-жылдын 6-августундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)