Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 28
Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности" · гл. 4Статус: действует

Статья 28. Внешний контроль качества аудита

1.

Внешний контроль качества аудита осуществляется с целью управления системой обеспечения качества аудита, а также для оценки применения политики и процедур контроля качества аудита на уровне аудиторской организации, политики и процедур контроля качества аудита на уровне проведенного аудита.

2.

Плановый внешний контроль качества аудита проводится один раз в 3 года на основе риск-ориентированного подхода к аудиторским организациям, проводящим аудит субъектов публичного интереса, субъектов крупного предпринимательства, и один раз в 6 лет - к прочим аудиторским организациям.

3.

Внеплановый внешний контроль качества аудита проводится по заявлениям, поступившим в уполномоченный государственный орган.

4.

Для проведения внешнего контроля качества аудита уполномоченный государственный орган вправе привлекать консультантов на конкурсной основе в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственных закупках".

5.

Критериями отбора консультантов для проведения внешнего контроля качества аудита являются:

1) наличие квалификационного сертификата аудитора и опыта работы в области аудита финансовых отчетов не менее 5 лет;

2) наличие опыта в сфере подготовки финансовой отчетности в соответствии с Международными стандартами финансовой отчетности и/или Международным стандартом финансовой отчетности для субъектов малого и среднего предпринимательства не менее 5 лет;

3) опыт проведения анализа и применения его в процессе проведения внешнего контроля качества аудита.

6.

Привлекаемый консультант для проведения внешнего контроля качества аудита должен быть непрактикующим лицом, который после завершения деятельности в качестве консультанта по проведению внешнего контроля качества аудита не имеет права осуществлять аудиторскую деятельность в течение 3 лет.

7.

В случае нарушения законодательства Кыргызской Республики в сфере аудита, стандартов аудита, стандартов управления качеством и Кодекса этики уполномоченный государственный орган применяет к аудиторам, аудиторским организациям, профессиональным аудиторским объединениям следующие меры воздействия:

1) предупреждение;

2) штраф;

3) исключение из Единого государственного реестра.

8.

Порядок проведения внешнего контроля качества аудита, включая права и обязанности консультантов, привлекаемых для проведения внешнего контроля качества аудита, а также требования к их независимости и отсутствию интересов в отношении проверяемой аудиторской организации, порядок применения мер воздействия к аудиторам, аудиторским организациям, профессиональным аудиторским объединениям определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 20 июня 2025 года № 122)

Кыргызча
Аудиттин сапатын тышкы контролдоо 1. Аудиттин сапатын тышкы контролдоо аудиттин сапатын камсыз кылуу тутумун башкаруу максатында, ошондой эле аудитордук уюмдун деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун, жүргүзүлгөн аудиттин деңгээлинде аудиттин сапатын контролдоо саясатын жана жол-жоболорун колдонууну баалоо үчүн жүзөгө ашырылат. 2. Аудиттин сапатын пландуу тышкы контролдоо тобокелдикке багытталган мамилелердин негизинде 3 жылда бир жолу - ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзгөн аудитордук уюмдарга жана 6 жылда бир жолу - башка аудитордук уюмдарга карата жүргүзүлөт. 3. Аудиттин сапатын пландуу эмес тышкы контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн арыздар боюнча жүргүзүлөт. 4. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде консультанттарды ишке тартууга укуктуу. 5. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн консультанттарды тандоонун критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) аудитордун квалификациялык сертификатынын жана финансылык отчеттордун аудити жаатында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу; 2) Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана/же Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык отчеттуулукту даярдоо чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу; 3) талдоо жүргүзүү жана аны аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү процессинде колдонуу тажрыйбасы. 6. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн тартылган консультант практика жүргүзбөгөн жак болууга тийиш, ал сапатка тышкы контролдоо жүргүзүү боюнча консультант катары ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуктуу эмес. 7. Аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын жана Этика кодексин бузган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын көрөт; 1) эскертүү; 2) айып салуу; 3) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгаруу. 8. Аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү тартибин, аудиттин сапатына тышкы контролдоо жүргүзүү үчүн ишке тартылган консультанттардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле алардын көз карандысыздыгына талаптарды жана текшерилип жаткан аудитордук уюмга карата кызыкчылыктын жоктугун кошуп алганда аудиттин сапатын тышкы контролдоо тартиби, аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 5-глава. Корутунду жоболор