Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 22
Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности" · гл. 4Статус: действует

Статья 22. Единый государственный реестр

1.

Аудиторы, аудиторские организации, профессиональные аудиторские объединения и аудиторские организации, допущенные к аудиту субъектов публичного интереса, субъектов крупного предпринимательства, приобретают право на осуществление деятельности в соответствии с настоящим Законом с даты принятия уполномоченным государственным органом решения о регистрации их в Едином государственном реестре.

2.

Единый государственный реестр состоит из следующих частей:

1) реестр аудиторов;

2) реестр аудиторских организаций;

3) реестр профессиональных аудиторских объединений;

4) реестр аудиторских организаций, допущенных к аудиту субъектов публичного интереса, субъектов крупного предпринимательства.

Идентификация аудитора, аудиторской организации, профессионального аудиторского объединения обеспечивается индивидуальным регистрационным номером.

3.

Единый государственный реестр ведется уполномоченным государственным органом в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики (далее - Порядок ведения Единого государственного реестра). При регистрации, перерегистрации в Едином государственном реестре с аудитора, аудиторской организации, аудиторской организации, допущенной к аудиту субъектов публичного интереса, субъектов крупного предпринимательства, за исключением профессионального аудиторского объединения, взимается разовый сбор, а также ежегодный сбор за ведение Единого государственного реестра, начиная с года, следующего за годом внесения в Единый государственный реестр, в соответствии с законодательством о неналоговых доходах.

4.

Единый государственный реестр подлежит обязательному размещению на официальном сайте уполномоченного государственного органа, является открытым и доступным для ознакомления заинтересованных лиц со сведениями, содержащимися в нем, за исключением сведений ограниченного доступа в соответствии с законодательством об информации персонального характера.

5.

Единый государственный реестр должен содержать следующие основные сведения:

1) полное наименование и адрес уполномоченного государственного органа;

2) информацию об аудиторской организации (полное и сокращенное наименование, организационно-правовая форма аудиторской организации и аудиторской организации, допущенной к аудиту субъектов публичного интереса, субъектов крупного предпринимательства, ее местонахождение, юридический адрес, идентификационный номер налогоплательщика, сведения об органах ее управления, сведения об аудиторах и членстве в профессиональных аудиторских объединениях, контактные данные, данные веб-сайта);

3) информацию об аудиторе (фамилия, имя, отчество аудитора, место его жительства, данные документа, удостоверяющего его личность, данные квалификационного сертификата аудитора, контактные данные), о прохождении обучения по Программе непрерывного профессионального образования аудиторов, о членстве в профессиональных аудиторских объединениях, информацию об аудиторской организации, в которой аудитор осуществляет деятельность, контактные данные;

4) информацию о профессиональном аудиторском объединении (полное и сокращенное наименование профессионального аудиторского объединения, местонахождение и юридический адрес, данные об органе управления, о филиалах (представительствах) (если имеются), сведения о членах, контактные данные, данные веб-сайта);

5) полное наименование и адрес органа (органов), осуществляющего внешний контроль качества аудита, и применение мер воздействия к аудиторам, аудиторским организациям, профессиональным аудиторским объединениям. Решение о применении мер воздействия публикуется по истечении срока их обжалования;

6) дату регистрации/перерегистрации и регистрационный номер;

7) основание и дату исключения из Единого государственного реестра;

8) иные сведения, определенные Порядком ведения Единого государственного реестра.

Кыргызча
Бирдиктүү мамлекеттик реестр 1. Аудиторлор, аудитордук уюмдар, кесиптик аудитордук бирикмелер жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аларды Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө чечими кабыл алган датадан тартып иш жүргүзүү укугун алышат. 2. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат: 1) аудиторлордун реестринен; 2) аудитордук уюмдардын реестринен; 3) кесиптик аудитордук бирикмелердин реестринен; 4) ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдардын реестринен. Аудиторду, аудитордук уюмду, кесиптик аудитордук бирикмени идентификациялоо жекече каттоо номери менен камсыз кылынат. 3. Бирдиктүү мамлекеттик реестр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте (мындан ары - Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартиби) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодо, кайра каттоодо аудитордон, аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылыктын субъекттерине, ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмени кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык бир жолку жыйым алынат, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген жылдан кийинки жылдан тартып Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыл сайын жыйым алынат. 4. Бирдиктүү мамлекеттик реестр милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш, жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарга ылайык пайдаланууга чектөө киргизилген маалыматтарды кошпогондо, кызыкдар жактардын анда камтылган маалыматтар менен таанышуусу үчүн ачык жана жеткиликтүү болуп саналат. 5. Бирдиктүү мамлекеттик реестр төмөнкүдөй негизги маалыматтарды камтууга тийиш: 1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын толук аталышын жана дарегин; 2) аудитордук уюм жөнүндө маалыматты (аудитордук уюмдун жана ачык кызыкчылыктын субъекттерине жана ири ишкердиктин субъекттерине аудит жүргүзүүгө уруксат берилген аудитордук уюмдун толук жана кыскача аталышын, уюштуруучулук-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, юридикалык дарегин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин, анын башкаруу органдары тууралуу маалыматтарды, аудиторлору жана кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматтарды, байланыш маалыматтарын жана веб-сайттын маалыматтарын); 3) аудитор жөнүндө (аудитордун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтарын, аудитордун квалификациялык сертификатынын маалыматтарын, байланыш маалыматтарын), Аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өтүшү жөнүндө, кесиптик аудитордук бирикмелерге мүчөлүгү жөнүндө маалыматты, аудитор иштеген аудитордук уюм жөнүндө маалыматты, байланыш маалыматтарын; 4) кесиптик аудитордук бирикме тууралуу маалыматты (кесиптик аудитордук бирикменин толук жана кыскача аталышы, жайгашкан жери жана юридикалык дареги, башкаруу органы жөнүндө, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) (эгерде бар болсо) жөнүндө маалыматтар, мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, байланыш маалыматтары жана веб-сайттын маалыматтары); 5) аудиттин сапатына тышкы контроль жүргүзгөн жана аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, кесиптик аудитордук бирикмелерге карата таасир этүү чараларын колдонгон органдын (органдардын) толук аталышын жана дарегин. Таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим аларга даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин жарыяланат; 6) катталган/кайра катталган датасын жана каттоо номерин; 7) Бирдиктүү мамлекеттик реестрден алып салуунун негиздерин жана датасын; 8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү тартибинде аныкталган башка маалыматтарды.