Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 27
Закон КР от 3 декабря 2021 года № 147 "Об аудиторской деятельности" · гл. 4Статус: действует

Статья 27. Совет общественного надзора над аудитом

1.

Совет общественного надзора над аудитом (далее - Совет) является коллегиальным консультативно-совещательным органом, состоящим из представителей государственных органов, бизнес-среды и академической среды, созданным при уполномоченном государственном органе, осуществляющим государственно-общественный контроль, рассматривающим вопросы, связанные с аудитом и внешним контролем качества, и принимающим решения в целях общественного интереса.

2.

К полномочиям Совета относятся:

1) внесение предложений по совершенствованию нормативных правовых актов, регулирующих аудит, внешнему контролю качества аудита, присвоению профессиональной квалификации аудитора и непрерывному профессиональному образованию аудиторов, аккредитации учебных программ профессиональных аудиторских объединений по программам профессиональной квалификации аудитора и непрерывного профессионального образования аудиторов;

2) рассмотрение и утверждение годового плана деятельности Совета, полугодового плана внешнего контроля качества аудита, программы проведения внешнего контроля качества аудита, годового отчета о деятельности Совета;

3) предоставление заключения по результатам внешнего контроля качества аудита;

4) предоставление заключения по применению мер воздействия к аудиторам, аудиторским организациям, профессиональным аудиторским объединениям;

5) рассмотрение жалоб по вопросам контроля качества аудита и разрешения споров между аудиторами, аудиторскими организациями и профессиональными аудиторскими объединениями, относящимися к их деятельности.

3.

Совет состоит из 7 человек, включая председателя Совета, членов Совета и ответственного секретаря Совета. Персональный состав Совета утверждается уполномоченным государственным органом. Срок полномочий членов Совета составляет 3 года.

4.

Членом Совета может быть непрактикующее лицо:

1) имеющее высшее образование в экономической или юридической области;

2) имеющее трудовой стаж не менее 10 лет в экономической, юридической сферах или в области образования в сфере аудита;

3) имеющее опыт разработки нормативных правовых актов в сфере бухгалтерского учета и аудита и/или проведения аудита финансовой отчетности не менее 3 лет;

4) близкие родственники, супруг(а) которого не являются аудиторами, участниками/учредителями, членами исполнительного органа аудиторской организации;

5) не имеющее непогашенную судимость.

5.

Член Совета после завершения своей деятельности в Совете общественного надзора над аудитом не имеет права осуществлять аудиторскую деятельность в течение 3 лет.

6.

Совет имеет право привлекать независимых экспертов, научных и иных консультантов, не имеющих конфликта интересов по рассматриваемым вопросам, для оказания экспертно-консультативного содействия работе Совета и выработки рекомендаций.

7.

Совет обеспечивает прозрачность своей деятельности и размещает на официальном сайте уполномоченного органа:

1) годовой план деятельности Совета;

2) полугодовой план внешнего контроля качества аудита;

3) решения Совета;

4) годовой отчет о деятельности и информацию, отражающую деятельность Совета;

5) нормативные правовые акты, связанные с выполнением функции общественного надзора.

8.

Положение о Совете утверждается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 20 июня 2025 года № 122)

Кыргызча
Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши 1. Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңеши (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн, мамлекеттик коомдук контролду жүзөгө ашырган, аудит жана сапатты тышкы контролдоо менен байланышкан маселелерди караган жана коомдук кызыкчылыктын максатында чечимдерди кабыл алган коллегиялуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. 2. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: 1) аудитти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо боюнча сунуштарды киргизүү; 2) Кеңештин ишинин жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын, аудиттин сапатын тышкы контролдоону жүргүзүү программасын, Кеңештин иши жөнүндө жылдык отчетту кароо жана бекитүү; 3) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун натыйжалары боюнча корутунду берүү; 4) аудиторлорго, аудитордук уюмдарга жана кесиптик аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонуу боюнча корутунду берүү; 5) аудиттин сапатын контролдоо жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин ортосундагы алардын ишине тиешелүү болгон талаш-тартыштарды чечүү маселелери боюнча даттанууларды кароо. 3. Кеңеш 7 адамдан, анын ичинде Кеңештин төрагасынан, Кеңештин мүчөлөрүнөн жана Кеңештин жооптуу катчысынан турат. Кеңештин персоналдык курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 3 жылды түзөт. 4. Практика жүргүзбөгөн төмөнкүдөй адам Кеңештин мүчөсү боло алат: 1) экономика жана юридика жаатында жогорку билими бар; 2) экономика, юридика чөйрөлөрүндө же аудит чөйрөсүндөгү билим жаатында 10 жылдан кем эмес эмгек стажы бар; 3) бухгалтердик эсепке алуу жана аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же финансылык отчеттуулукка аудит жүргүзүү боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар; 4) жакын туугандары, жубайы аудитор, аудитордук уюмдун катышуучусу/уюштуруучусу, аткаруу органынын мүчөлөрү болуп саналбаган; 5) жоюлбаган соттуулугу жок. 5. Кеңештин мүчөсү Аудитти коомдук көзөмөлдөө кеңешинде өз ишин аяктагандан кийин 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүргүзүүгө укуксуз. 6. Кеңештин ишине эксперттик-консультациялык жардам көрсөтүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн Кеңеш каралып жаткан маселелер боюнча кызыкчылыктын кагылышы болбогон көз карандысыз эксперттерди, илимий жана башка консультанттарды тартууга укуктуу. 7. Кеңеш өзүнүн ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына төмөнкүлөрдү жайгаштырат: 1) Кеңештин ишинин жылдык планын; 2) аудиттин сапатын тышкы контролдоонун жарым жылдык планын; 3) Кеңештин чечимдерин; 4) иш жөнүндө жылдык отчетту жана Кеңештин ишин чагылдырган маалыматтарды; 5) коомдук көзөмөлдөө функцияларын аткаруу менен байланышкан ченемдик укуктук актыларды. 8. Кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)