Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 37
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 8Статус: действует

Статья 37. Прекращение службы по инициативе государственного органа, органа местного самоуправления

1.

По инициативе государственного органа, органа местного самоуправления служащий может быть освобожден от занимаемой должности в случаях:

1) реорганизации государственного органа, органа местного самоуправления;

2) сокращения занимаемой должности;

3) выражения недоверия при наличии одного из следующих оснований:

а) непринятие действий по предотвращению и/или урегулированию конфликта интересов, стороной которого он является;

б) занятие предпринимательской или другой оплачиваемой деятельностью лично, за исключением случаев, установленных в настоящем Законе;

в) осуществление деятельности в органах управления коммерческих организаций, за исключением случаев, предусмотренных законом;

г) неоднократное нарушение (2 и более раза) требований Кодекса этики, в том числе и во внерабочее время, по представлению комиссии по этике;

д) непредставление при поступлении на службу декларации о доходах, имуществе и обязательствах либо представление заведомо недостоверных или неполных данных;

е) сокрытие наличия гражданства иностранного государства;

ж) предоставление заведомо ложной информации о наличии гражданства Кыргызской Республики;

4) избрания или назначения служащего на должность, не совместимую с государственной гражданской или муниципальной службой;

5) нарушения служащим трудовой дисциплины:

а) прогул (отсутствие на рабочем месте без уважительных причин более 3 часов в течение рабочего дня);

б) совершение по месту службы хищения имущества, утраты, умышленного его уничтожения или повреждения;

в) появление на работе в состоянии алкогольного, наркотического или иного токсического опьянения;

г) разглашение охраняемой законом тайны (государственной, служебной и иной), ставшей известной служащему в связи с исполнением им возложенных обязанностей;

д) неоднократное неисполнение (2 и более раза) служащим возложенных на него обязанностей и если у него имеется ранее непогашенное и неснятое дисциплинарное взыскание;

е) создание политических партий, религиозных организаций, участие или оказание содействия в какой-либо форме в их деятельности, кроме случаев, прямо предусмотренных законом или должностными инструкциями;

ж) организация или участие в забастовках, митингах или других действиях, препятствующих функционированию государственных органов или органов местного самоуправления;

6) установления факта несоблюдения предусмотренных статьей 15 настоящего Закона ограничений;

7) представления служащим подложных документов или заведомо ложных сведений при поступлении на государственную гражданскую службу или муниципальную службу;

8) прекращения допуска к государственной тайне, если выполняемые должностные обязанности требуют допуска к государственной тайне;

9) отказа от перевода в порядке ротации в случаях, предусмотренных настоящим Законом;

10) несоответствия занимаемой должности, подтвержденной результатами оценки;

11) выхода из гражданства Кыргызской Республики;

12) достижения им предельного возраста, установленного настоящим Законом, для пребывания на государственной гражданской службе и муниципальной службе;

13) (утратил силу в соответствии с Законами КР от 29 июля 2024 года № 152, 30 июля 2024 года № 156)

14) ненадлежащего исполнения должностных обязанностей, установленного комиссией по проведению служебного расследования по результатам рассмотрения деятельности служащего;

15) утраты доверия политического руководства.

2.

Предельный возраст пребывания служащего на государственной гражданской службе и муниципальной службе составляет 65 лет.

3.

Лица, назначенные на должность в особом порядке, также могут быть освобождены от должности в случае несоответствия их деятельности принятым решениям и политике, проводимой политическим руководством.

4.

Лица, занимающие патронатные должности, могут быть освобождены от должности в связи со сменой руководителя государственного органа, органа местного самоуправления.

5.

Освобождение по основаниям реорганизации государственного органа, органа местного самоуправления либо сокращения штатной должности допускается, если невозможно перевести служащего с его согласия на другую работу.

6.

Временная нетрудоспособность не является препятствием для освобождения служащего по инициативе государственного органа, органа местного самоуправления.

7.

В случае прекращения деятельности подведомственного или иного обособленного структурного подразделения государственного органа, органа местного самоуправления, расположенного в другой местности, освобождение служащих этого структурного подразделения производится по правилам, предусмотренным для случаев реорганизации государственного органа, органа местного самоуправления.

(В редакции Законов КР от 29 июля 2024 года № 152, 30 июля 2024 года № 156, 10 июля 2025 года № 141)

Кыргызча
Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу 1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматчы төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн: 1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кайра уюшулганда; 2) ээлеген кызмат орду кыскартылганда; 3) төмөнкү негиздердин бири болгондо ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө: а) тараптардын бир жагында туруп кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана/же аны жөнгө салуу боюнча аракет көрбөгөндө; б) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, жеке өзү ишкердик иш менен же башка акы төлөнүүчү иш менен алектенгенде; в) мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иш жүргүзгөндө; г) Этика кодексинин талаптарын, анын ичинде жумуш убактысынан тышкары бир нече жолу (2 жана андан көп жолу) бузганда, этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча; д) кызматка кирүүдө кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларация бербегенде же болбосо билип туруп так эмес же толук эмес маалыматтарды бергенде; е) чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырганда; ж) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды бергенде; 4) кызматчыны мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызмат менен айкалышпаган кызмат ордуна шайлаганда же дайындаганда; 5) кызматчы эмгек тартибин төмөнкүдөй бузганда: а) ишке келбей койгондо (жумуш күндүн ичинде жүйөлүү себептерсиз 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондо); б) кызмат орду боюнча мүлктү уурдоо, жоготуу, аны атайылап жок кылганда же бүлдүргөндө; в) ишке алкоголдук, баңгизат же башка токсикалык мас абалында келгенде; г) кызматчыга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырларды (мамлекеттик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгарганда; д) кызматчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди бир нече жолу аткарбаганда (2 жана андан көп жолу) жана эгерде анда мурда жоюлбаган жана алынбаган тартиптик жазасы болсо; е) мыйзамда же кызматтык нускамаларда түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, саясий партияларды, диний уюмдарды түзгөндө, алардын ишине кандайдыр бир формада катышканда же көмөк көрсөткөндө; ж) мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоол болгон иш таштоолорду, митингдерди же башка иш-аракеттерди уюштурганда же катышканда; 6) ушул Мыйзамдын 15-беренесинде каралган чектөөлөр сакталбаган фактылар белгиленгенде; 7) кызматчы мамлекеттик жарандык кызматка же муниципалдык кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергенде; 8) эгерде аткарылып жаткан кызматтык милдеттер мамлекеттик сырга уруксат алууну талап кылса, мамлекеттик сырга жеткиликтүүлүк токтотулганда; 9) ушул Мыйзамда каралган учурларда ротациялоо тартибинде которулуудан баш тартканда; 10) баалоонун жыйынтыгы менен тастыкталган ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбегенде; 11) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда; 12) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген чектүү куракка жеткенде; 13) (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамдарына ылайык күчүн жоготту) 14) кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан кызматчынын ишин кароонун жыйынтыктары боюнча аныкталган кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганда; 15) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо. 2. Кызматчынын мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта туруусунун чектүү курагы 65 жашты түзөт. 3. Кызмат орунга өзгөчө тартипте дайындалган адамдар да алардын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. 4. Патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин алмашуусуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. 5. Эгерде кызматчынын макулдугу менен аны башка ишке которууга мүмкүн болбогондо, анда мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу же болбосо штаттык кызмат ордун кыскартуу негиздери боюнча иштен бошотууга жол берилет. 6. Кызматчынын убактылуу ишке жөндөмсүздүгү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча аны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. 7. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка жерде жайгашкан ведомстволук же башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулган учурда, бул түзүмдүк бөлүмдүн кызматчыларын бошотуу мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштуруу учурлары үчүн каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)