Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния" · гл. 2Статус: действует

Статья 13. Основания для государственной регистрации рождения

1.

Основаниями для государственной регистрации рождения являются:

1) справка о рождении ребенка установленного образца, выданная организацией здравоохранения, в которой происходили роды, либо справка о рождении, выданная врачом или другим медицинским работником, уполномоченным органом здравоохранения при родах вне медицинского учреждения;

2) документы, удостоверяющие личность родителей ребенка (одного из родителей), свидетельство о заключении брака (документы, удостоверяющие личность матери, в случае отсутствия брака), либо документы, удостоверяющие личность близкого родственника, сотрудника территориального подразделения уполномоченного органа по защите детей;

3) документы (медицинское свидетельство о рождении, выписка из реестра, сертификат о рождении и другие), выданные компетентными органами иностранных государств, подтверждающие факт рождения детей, родившихся в иностранном государстве, родители которых (или один из родителей) являются гражданами Кыргызской Республики;

4) заявление.

Указанные в пунктах 1, 2 и 4 настоящей части документы могут быть поданы в электронном виде.

2.

При отсутствии медицинского свидетельства о рождении ребенка государственная регистрация рождения ребенка производится на основании вступившего в законную силу решения суда об установлении факта рождения ребенка данной женщиной.

3.

При государственной регистрации рождения ребенка по заявлению супругов, давших согласие на имплантацию эмбриона другой женщине в целях его вынашивания, одновременно с документом, подтверждающим факт рождения ребенка, должен быть представлен документ, подтверждающий факт имплантации эмбриона, выданный медицинской организацией.

4.

Заявление о регистрации рождения ребенка подается родителями или одним из них, а в случае заболевания, смерти родителей или невозможности по иным причинам подать заявление - по заявлению близких родственников.

Если мать ребенка, не состоящая в браке с отцом ребенка, умерла или отказалась взять ребенка из организации здравоохранения после рождения, или оставила ребенка в организации здравоохранения после рождения и ее место жительства неизвестно, регистрация рождения ребенка производится по заявлению администрации организации здравоохранения, где произошли роды либо где находится (оставлен) ребенок, территориального подразделения уполномоченного государственного органа по защите детей, либо лица, у которого находится ребенок. В случае если родители ребенка отказались взять ребенка из организации здравоохранения после рождения регистрация рождения ребенка производится по заявлению администрации организации здравоохранения, где произошли роды.

5.

В случае отсутствия у родителей (родителя) документов, удостоверяющих их личность, государственная регистрация факта рождения ребенка осуществляется на основании заявления о рождении ребенка и медицинского свидетельства о рождении и выдается свидетельство о рождении. При этом делается соответствующая отметка в электронной записи актов гражданского состояния.

Государственная регистрация факта рождения ребенка производится в отношении детей до одного года.

6.

Государственная регистрация рождения ребенка, достигшего возраста одного года и более, производится по письменному заявлению родителей (одного из родителей) или близкого родственника, или территориального подразделения уполномоченного государственного органа по защите детей, а также по заявлению самого ребенка по достижении шестнадцатилетнего возраста с приложением необходимых документов, определяемых Правительством Кыргызской Республики.

7.

Государственная регистрация рождения ребенка, родившегося на территории Кыргызской Республики, родителями которого являются иностранные граждане или лица без гражданства, проживающие на территории Кыргызской Республики, осуществляется в соответствии с частью 1 настоящей статьи.

8.

Государственная регистрация рождения ребенка, родившегося в период введения чрезвычайной ситуации или чрезвычайного положения на отдельной или всей территории Кыргызской Республики, осуществляется в соответствии с частью 1 настоящей статьи и в срок не более одного месяца после отмены чрезвычайной ситуации или чрезвычайного положения.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 16 марта 2023 года № 59, 8 июля 2024 года № 113)

Кыргызча
Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиздер 1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: 1) төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген баланын туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат; 2) баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) инсандыгын ырастаган документтери, никелешүү тууралуу күбөлүгү (никеси жок болгон учурда, энесинин инсандыгын ырастаган документтер) же болбосо жакын тууганынын, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык бөлүмдүн кызматкеринин инсандыгын ырастаган документтер; 3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган ата-эненин (же ата-энесинин биринин) балдарынын чет мамлекетте төрөлгөн фактысын тастыктоочу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер (туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк, реестрден көчүрмө, туулгандыгы жөнүндө сертификат жана башкалар); 4) арыз. Ушул бөлүктүн 1, 2 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн документтер электрондук түрдө берилиши мүмкүн. 2. Баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүгү жок болгондо, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, баланы ушул аял төрөгөндүгүнүн фактысы аныкталгандыгы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жүргүзүлөт. 3. Баланы боюнда көтөрүп берүү максатында башка аялга түйүлдүктү жалгаштырууга макулдугун беришкен жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо анын төрөлгөн фактысын тастыктоочу документ менен бирге медициналык уюм тарабынан берилген түйүлдүктү жалгаштыруу фактысын тастыктоочу документ кошо берилиши керек. 4. Баланын туулгандыгын каттоо жөнүндө арыз анын ата-энеси же алардын бири тарабынан, ал эми ата-энеси ооруп калган, каза болгон же башка себептер менен арыз берүүгө мүмкүн болбогон учурда - жакын туугандарынын арызы боюнча берилет. Эгерде баланын атасы менен никеде турбаган балалуу эне каза болуп калса же төрөлгөндөн кийин баланы саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, же баланы төрөлгөндөн кийин саламаттык сактоо уюмуна таштап кетсе жана анын жашаган жери белгисиз болсо, баланын туулгандыгын каттоо төрөт болуп өткөн саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын же болбосо бала жайгашкан (калтырылган) саламаттык сактоо уюмунун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн же болбосо бала колунда турган адамдын арызы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде төрөлгөндөн кийин баланын ата-энеси баланы саламаттык сактоо уюмунан алуудан баш тартса, баланын туулгандыгын каттоо төрөт болуп өткөн жердеги саламаттык сактоо уюмунун администрациясынын арызы боюнча жүргүзүлөт. 5. Ата-энесинде (ата-энесинин биринде) алардын инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда бала туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо баланын туулгандыгы жөнүндө арыздын жана туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде жүзөгө ашырылат жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актыларынын электрондук жазуусуна тиешелүү белги коюлат. Баланын туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт. 6. Бир жашка чыккан же андан жогору жаш курагындагы баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ата-энесинин (ата-энесинин биринин) же жакын тууганынын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, ошондой эле бала он алты жашка толгондо, анын өзүнүн арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген зарыл документтерди тиркөө менен жүргүзүлөт. 7. Кыргыз Республикасынын аймагында туулган, ата-энеси Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат. 8. Кыргыз Республикасынын айрым же бардык аймагында өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде төрөлгөн баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жана өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал алынгандан кийинки бир айдан ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-мартындагы № 59, 2024-жылдын 8-июлундагы 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)