Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 17
Закон КР от 1 августа 2020 года № 110 "Об актах гражданского состояния" · гл. 2Статус: действует

Статья 17. Запись фамилии, имени и отчества ребенка при государственной регистрации рождения

1.

При государственной регистрации рождения фамилия ребенка записывается по фамилии его родителей. При разных фамилиях родителей фамилия ребенка записывается по фамилии отца или по фамилии матери по соглашению родителей. Не допускается присвоение двойной фамилии.

2.

Имя ребенка записывается по соглашению родителей. Допускается присвоение двойного имени.

3.

При отсутствии соглашения между родителями относительно имени и/или фамилии ребенка (при разных фамилиях родителей), возникшие разногласия разрешаются в судебном порядке.

4.

Отчество ребенка записывается по имени отца.

5.

Если мать не состоит в браке с отцом ребенка и отцовство в отношении ребенка не установлено, имя ребенка записывается по указанию матери, отчество - по имени лица, указанного матерью в качестве отца ребенка (либо не указывается), фамилия ребенка - по фамилии матери либо по имени отца матери.

6.

Если оба родителя ребенка неизвестны, фамилию, имя и отчество ребенку присваивает территориальное подразделение уполномоченного государственного органа по защите детей.

7.

По кыргызским национальным традициям фамилия ребенка может быть записана:

1) по имени отца с добавлением слова "уулу" для детей мужского пола и слова "кызы" для детей женского пола или без добавления такового. В этих случаях отчество ребенку не присваивается;

2) по имени дедушки без добавления окончания к нему, а также по желанию родителей может быть добавлено имя отца;

3) по имени дедушки с присоединением к нему слова "тегин", а также по желанию родителей может быть добавлено имя отца, либо имя отца с добавлением слова "уулу" для детей мужского пола, слова "кызы" для детей женского пола. По желанию родителей фамилия ребенку может присваиваться по имени предков до седьмого колена при наличии подтверждающих прямую родственную связь документов или их наличии в архивах уполномоченного государственного органа.

Имена и фамилии лиц других национальностей по их желанию указываются в соответствии с их традициями.

По желанию родителей фамилия ребенка может быть записана по имени отца или деда ребенка с добавлением окончания "-ов", "-ев" и "-ова", "-ева".

(В редакции Закона КР от 17 июля 2025 года № 148)

Кыргызча
Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу 1. Туулгандыгын мамлекеттик каттоодо баланын фамилиясы анын ата-энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Ата-энесинин фамилиялары ар башка болгондо, баланын фамилиясы ата-энесинин макулдашуусу менен атасынын фамилиясы боюнча же энесинин фамилиясы боюнча жазылат. Кош фамилияны берүүгө жол берилбейт. 2. Баланын аты ата-энесинин макулдашуусу боюнча жазылат. Кош ат берүүгө жол берилет. 3. Баланын аты жана/же фамилиясы боюнча ата-энесинин ортосунда макулдашуу болбогондо (ата-эненин фамилиялары ар башка болгондо) келип чыккан пикир келишпестиктер сот тартибинде чечилет. 4. Баланын атасынын аты атасынын аты боюнча жазылат. 5. Эгерде энеси баланын атасы менен никеде турбаса жана баланын атасы экендиги аныкталбаса, баланын аты - энесинин көрсөтүүсү боюнча, атасынын аты - энеси баланын атасы катары көрсөткөн адамдын аты боюнча (же болбосо көрсөтүлбөйт), баланын фамилиясы - энесинин фамилиясы боюнча, же болбосо энесинин атасынын аты боюнча жазылат. 6. Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү баланын атын, фамилиясын, атасынын атын коёт. 7. Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн: 1) атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт; 2) чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн; 3) чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн. Башка улуттагы адамдардын аттары жана фамилиялары алардын каалоосу боюнча алардын салттарына ылайык көрсөтүлөт. Ата-эненин каалоосу боюнча баланын фамилиясы баланын атасынын же чоң атасынын аты боюнча, "-ов", "-ев" жана "-ова", "-ева" деген мүчөлөр улануу менен жазылышы мүмкүн. (КР 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)