Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 44
Закон КР от 16 июня 1999 года № 53 "Об охране окружающей среды" · ст. 44Статус: действует

Статья 44. Права и обязанности должностных лиц государственных органов Кыргызской Республики по охране окружающей среды

Должностные лица республиканского и территориальных государственных органов охраны окружающей среды и других специально уполномоченных государственных органов по охране окружающей среды Кыргызской Республики обязаны обеспечивать выполнение возложенных на них в установленном порядке функций и в соответствии с их полномочиями имеют право:

- в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики, посещать предприятия, учреждения, организации, рынки (базары), воинские части, специальные объекты и службы воинских подразделений, органов внутренних дел и национальной безопасности, знакомиться с документами, результатами анализов, иными материалами, необходимыми для выполнения их служебных обязанностей;

- проверять в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики, соблюдение требований природоохранного законодательства, нормативов качества окружающей среды, выполнение мероприятий по охране природы, работу очистных сооружений и других природоохранных устройств, средств их контроля;

- устанавливать нормативы выбросов и сбросов вредных веществ источниками загрязнения окружающей среды;

- назначать государственную экологическую экспертизу, обеспечивать контроль за выполнением ее заключения;

- требовать устранения выявленных недостатков, давать указания или заключения по разрешению, проектированию, строительству, реконструкции, вводу в эксплуатацию и эксплуатации объектов;

- осуществлять задержание правонарушителей, проводя личный досмотр и осмотр вещей, изымать предметы или орудия совершения правонарушений (в том числе незаконно добытые объекты природы), осуществлять проверку транспортных средств;

- рассматривать дела об административных правонарушениях в области охраны окружающей среды и использования природных ресурсов, налагать на виновных штрафы и иные административные взыскания, при необходимости передавать дела в правоохранительные органы для привлечения виновных лиц к уголовной ответственности, предъявлять иски в суд о возмещении ущерба, причиненного окружающей среде;

- хранить, носить и применять служебное огнестрельное оружие и специальные средства при исполнении служебных обязанностей в порядке, установленном законодательством, а также на форменную одежду со знаками различия в соответствии с положениями, утверждаемыми Кабинетом Министров Кыргызской Республики;

- налагать запреты на строительство, реконструкцию, изменение технологии, на проведение работ по использованию природных ресурсов и другие виды деятельности, осуществляемые с нарушением природоохранного законодательства, стандартов, норм и правил по охране и использованию природных ресурсов;

- запрещать, приостанавливать работу и пользование природными ресурсами, ограничивать сбросы и выбросы, физические и иные воздействия на окружающую среду объединений, предприятий, учреждений и организаций, отдельных цехов, участков, установок и иных объектов независимо от форм собственности, которые осуществляются с грубейшими или систематическими нарушениями стандартов, норм и правил охраны и использования природных ресурсов, эксплуатации установок и сооружений природоохранного назначения;

- запрещать производство, ввоз, использование продукции, веществ и материалов, применение которых приводит к загрязнению или деградации окружающей среды, наносит ущерб здоровью людей;

- приостанавливать или запрещать эксплуатацию транспортных средств и иных передвижных установок и объектов с выбросами, превышающими установленные нормативы;

- запрещать ввоз, вывоз, выпуск, расселение и акклиматизацию животных и растений, могущих повлечь за собой причинение ущерба обитающим (произрастающим) на территории республики объектам животного и растительного мира;

- принимать иные меры, направленные на исполнение настоящего Закона и иных нормативных актов по охране окружающей среды.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 4 февраля 2002 года № 22, 11 июня 2003 года № 101, 27 апреля 2009 года № 131, 13 июня 2024 года № 95)

Кыргызча
Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык жана аймактык мамлекеттик органдарынын жана башка атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары белгиленген тартипте өздөрүнө жүктөлгөн функцияларды аткарууну камсыз кылууга милдеттүү жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык төмөндөгүлөргө: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, рынокторго (базарларга) аскер бөлүктөрүнө, атайын объектилерге жана аскердик кичи бөлүктөрдүн кызматтарына жана ички иштер жана коопсуздук органдарына тоскоолдуксуз барууга, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер, талдоолордун натыйжалары, башка материалдар менен таанышууга; - жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, айлана-чөйрөнүн сапатынын ченемдеринин талаптарынын сакталышын, жаратылышты коргоо боюнча ишчаралардын, тазалоочу курулуштардын жана башка жаратылышты коргоочу жабдуулардын, аларды контролдоочу каражаттардын ишин текшерүүгө; - булгоо булактарынын зыяндуу заттарды айлана-чөйрөдөгү абага чыгарышынын жана агызып чыгарышынын ченемдерин белгилөөгө; - мамлекеттик экологиялык экспертизаны дайындоого, анын корутундусунун аткарылышына контролдукту камсыз кылууга; - табылган кемчиликтерди четтетүүнү талап кылууга, объектилерди долбоорлоого, курууга, кайра конструкциялоого, пайдаланууга берүүгө жана объектилерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча көрсөтмөлөрдү же корутундуларды берүүгө; - жеке карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу менен укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоонун нерселерин жана куралдарын (анын ичинде жаратылыштын мыйзамсыз алынган объектилерин алып коюуга), транспорт каражаттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга; - айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөлүүлөргө жазапулдарды салууга жана башка администрациялык чараларды көрүүгө, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө, айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доо менен кайрылууга; - кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык айырмалоочу белгиси бар формалуу кийимди кийүүгө жана колдонууга; - жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүдө курулушка, кайра конструкциялоого, технологиясын өзгөртүүгө тыюу салууга; - менчигинин түрүнө карабастан айлана чөйрөгө жеке жана башка таасир кылып жаткан бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, айрым цехтердин, участоктордун жабдуулардын жана башка объектилердин жаратылыш ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун, жаратылышты коргоо багытындагы жабдуулар менен курулуштарды пайдалануунун стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жумуштарына жана жаратылыш ресурстарын пайдалануусуна тыюу салууга, токтото турууга, агызып чыгарууларын жана абага чыгарууларын, айлана-чөйрөгө жеке жана башка таасирин чектөөгө; - аларды колдонуу айлана чөйрөнү булгоого же бүлгүнгө учуратууга алып келсе, адамдардын ден соолугуна зыян келтирсе продукцияларды, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө тыюу салууга; - зыяндуу заттарды белгиленген ченемдерден ашык абага чыгарган транспорт каражаттарын жана башка жүрүүчү жабдуулар менен объектилерди пайдаланууну токтото турууга же ага тыюу салууга; - республиканын аймагында жашаган (өсүп-өнүгүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып кетүүгө, чыгарууга, көчүрүп келүүгө жана акклиматизациялоого тыюу салууга; - ушул Мыйзамды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башка ченемдик актыларды аткарууга багытталган башка чараларды көрүүгө укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, расмий тилде. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, мамлекеттик тилдеги жөндөмөнүн үчүнчү абзацы текстке дал келбейт.