Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 96 ТК
ТК КР · гл. 7Статус: действует

Статья 96. Удержания из заработной платы. Ограничение размера удержания из заработной платы

1.

Удержания из заработной платы производятся только в случаях, предусмотренных настоящим Кодексом и иными законами.

2.

Удержания из заработной платы работника для погашения его задолженности работодателю могут производиться по распоряжению работодателя:

1) для возмещения неотработанного аванса, выданного работнику в счет заработной платы; для возврата сумм, излишне выплаченных вследствие счетных ошибок; для погашения неизрасходованного и своевременно не возвращенного аванса, выданного в связи со служебной командировкой или переводом на другую работу в другую местность; на хозяйственные нужды, если работник не оспаривает основания и размеры удержания;

2) при увольнении работника до окончания рабочего года, в счет которого он уже получил ежегодный оплачиваемый отпуск, за неотработанные дни отпуска. Удержание за эти дни не производится, если работник увольняется по основаниям, указанным в пунктах 1, 2, подпункте "а" пункта 3 и пункте 4 части 1 статьи 44, пунктах 1, 2, 6 и 7 части 1 статьи 49 настоящего Кодекса;

3) при возмещении ущерба, причиненного работодателю по вине работника, в размере, не превышающем его среднемесячную заработную плату.

В этих случаях работодатель вправе принять решение об удержании из заработной платы не позднее 1 месяца со дня окончания срока, установленного для возвращения аванса, погашения задолженности или со дня неправильно исчисленной выплаты, за исключением случаев, установленных настоящим Кодексом, если работник не оспаривает основания и размеры удержания. При пропуске указанного месячного срока удержание может быть произведено только в судебном порядке.

3.

Заработная плата, излишне выплаченная работнику работодателем, в том числе при неправильном применении закона, не может быть с него взыскана, за исключением случаев счетной ошибки.

4.

Общий размер всех удержаний при каждой выплате заработной платы не может превышать 20 процентов, а в случаях, предусмотренных законодательством, 50 процентов заработной платы, причитающейся работнику.

5.

При удержаниях из заработной платы по нескольким исполнительным документам за работником должны быть сохранены не менее 50 процентов заработной платы.

6.

Ограничения, установленные настоящей статьей, не распространяются на удержания из заработной платы при отбывании исправительных работ, при взыскании алиментов на несовершеннолетних детей, возмещении вреда, причиненного здоровью, возмещении вреда лицам, понесшим ущерб в связи со смертью кормильца, и возмещении ущерба, причиненного преступлением. Размер удержаний из заработной платы в этих случаях не может превышать 70 процентов заработной платы.

7.

Не допускаются удержания из выходного пособия, компенсационных и иных выплат, на которые согласно законодательству не обращается взыскание.

Кыргызча
Эмгек акыдан кармап калуу. Эмгек акыдан кармап калуу өлчөмүн чектөө 1. Эмгек акыдан кармап калуу ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган учурларда гана жүргүзүлөт. 2. Иш берүүчүгө кызматкердин карызын жоюу үчүн анын эмгек акысынан кармап калуу иш берүүчүнүн тескемеси боюнча төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 1) кызматкерге эмгек акынын эсебинен берилген аткарылбаган иш үчүн аванстын ордун толтуруу үчүн; эсептеги жаңылыштыктардан улам ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу үчүн; иш сапарына же башка жердеги башка ишке которулууга байланыштуу берилген сарпталбаган жана өз убагында кайтарылбаган авансты төлөө үчүн; эгерде кызматкер кармап калуунун негизин жана өлчөмүн талашпаса, чарбалык муктаждыктарга; 2) кызматкер ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүнү алган иш жылы аяктаганга чейин бошотулганда өргүүнүн иштебеген күндөрү үчүн. Эгерде кызматкер ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында, 3-пунктунун "а" пунктчасында жана 4-пунктунда, 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бошотулган болсо, бул күндөр үчүн кармап калуу жүргүзүлбөйт; 3) иш берүүчүгө кызматкердин күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын ордун анын орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө толтурууда. Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, эгерде кызматкер кармап калуунун негиздерин жана өлчөмдөрүн талашпаса, мындай учурларда иш берүүчү авансты кайтаруу, карызды тындыруу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып же туура эмес эсептелип төлөнгөн күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен эмгек акыдан кармап калуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөттү өткөрүп жибергенде кармап калуу сот тартибинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 3. Иш берүүчү тарабынан кызматкерге ашыкча төлөнгөн, анын ичинде мыйзам туура эмес колдонулган учурда андан эмгек акы өндүрүп алынбайт, буга эсептеги жаңылыштыктар кирбейт. 4. Ар бир эмгек акы төлөөдө бардык кармап калуулардын жалпы өлчөмү кызматкерге тийиштүү эмгек акынын 20 пайызынан, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда 50 пайызынан ашпоого тийиш. 5. Бир нече аткаруу документтери боюнча эмгек акыдан кармап калууда кызматкерде эмгек акынын 50 пайызынан кем эмеси сакталып калууга тийиш. 6. Ушул беренеде белгиленген чектөөлөр түзөтүү жумуштарын өтөөдөгү, жашы жете элек балдарга алименттерди өндүрүүдөгү, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруудагы, багуучусунун өлүмүнө байланыштуу залал тарткан адамдарга зыяндын ордун толтуруудагы жана кылмыштан келтирилген залалдын ордун толтуруудагы кармап калууларга колдонулбайт. Бул учурларда эмгек акыдан кармоонун өлчөмү эмгек акынын 70 пайызынан ашпоого тийиш. 7. Иштен бошотуу жөлөкпулунан, компенсациялык төлөөдөн жана мыйзамдарга ылайык өндүрүп алынбаган башка төлөөлөрдөн кармап калууга жол берилбейт.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.