Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 91 ТК
ТК КР · гл. 7Статус: действует

Статья 91. Оплата труда работников. Формы оплаты труда

1.

Работодатель обязан оплачивать труд работника в соответствии с настоящим Кодексом, другими нормативными правовыми актами, коллективным договором и трудовым договором.

2.

Труд работников оплачивается повременно, сдельно или по иным системам оплаты труда. Оплата может производиться по индивидуальным и (или) коллективным результатам труда. Размер оплаты труда не может быть ниже установленного законодательством минимального размера заработной платы.

3.

Оплата труда работников определяется в зависимости от объема, качества и сложности выполняемой работы.

4.

Квалификационные требования к работникам и сложность определенных видов работ устанавливаются на основе квалификационного справочника работ и профессий рабочих, квалификационного справочника должностей служащих. Разработка и порядок применения указанных справочников определяется уполномоченным государственным органом в сфере труда. Отнесение выполняемых работ к определенной сложности и присвоение квалификационных разрядов работникам производится работодателем самостоятельно в соответствии с квалификационным справочником работ и профессий рабочих, квалификационным справочником должностей служащих на основе профессиональных стандартов.

5.

Перечень вознаграждений, относящихся к оплате труда, определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

6.

Выплата заработной платы производится в денежной форме в валюте Кыргызской Республики (в сомах).

7.

Запрещается оплата труда в форме долговых обязательств, расписок, продовольственных или промтоварных карточек и иных подобных заменителей денежных средств.

8.

Выплата заработной платы должна производиться в безналичной форме:

- работодателем - юридическим лицом;

- работодателем - индивидуальным предпринимателем при выплате заработной платы иностранным гражданам.

Выплата заработной платы в наличной форме разрешается в случае возникновения обстоятельств непреодолимой силы, объявления чрезвычайного положения или чрезвычайной ситуации, а также в случаях, предусмотренных Кабинетом Министров Кыргызской Республики. Кабинет Министров Кыргызской Республики вправе разрешить выплату заработной платы в наличной форме работодателям - организациям отдельных видов деятельности или на определенных территориях страны.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 243 )

Кыргызча
Кызматкерлерге эмгек акы төлөө. Эмгек акы төлөөнүн формалары 1. Иш берүүчү ушул Кодекске, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимдерге жана эмгек келишимине ылайык кызматкерге эмгек акы төлөөгө милдеттүү. 2. Кызматкерлерге убакыт боюнча эмгек акы аткарылганына жараша же эмгек акы төлөөнүн башка тутумдары боюнча төлөнөт. Акы жекече жана (же) жамааттык эмгектин натыйжалары боюнча төлөнүшү мүмкүн. Эмгек акы төлөөнүн өлчөмү мыйзамдарда белгиленген эмгек акынын төмөнкү өлчөмүнөн төмөн болбойт. 3. Кызматкерлерге эмгек акы төлөө аткарылган иштин көлөмүнө, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат. 4. Кызматкерлерге квалификациялык талаптар жана иштердин белгилүү бир түрлөрүнүн татаалдыгы иштердин жана кызматкерлердин кесиптеринин квалификациялык маалымдамасынын, кызматчылардын кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасынын негизинде белгиленет. Аталган маалымдамаларды иштеп чыгуу жана колдонуу тартиби эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Аткарылуучу иштерди белгилүү бир татаалдыкка таандык кылуу жана кызматкерлерге квалификациялык разряддарды ыйгаруу иш берүүчү тарабынан иштердин жана кызматкерлердин кесиптеринин квалификациялык маалымдамасына, кызматчылардын кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасына ылайык кесиптик стандарттардын негизинде өз алдынча жүргүзүлөт. 5. Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 6. Эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын валютасы (сом) менен акчалай түрдө жүргүзүлөт. 7. Карыздык милдеттенме, тил кат, азык-түлүктүн же өнөр жай товарларынын карточкалары жана ушул сыяктуу акчаны алмаштыруучулар түрүндө эмгек акы төлөөгө тыюу салынат. 8. Эмгек акыны төлөө накталай эмес формада жүргүзүлүүгө тийиш: - иш берүүчү - юридикалык жак тарабынан; - иш берүүчү- жеке ишкер тарабынан чет өлкөлүк жарандарга эмгек акы төлөөдө. Ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларда эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иш берүүчүлөргө - иштин айрым түрлөрүндөгү уюмдарга же өлкөнүн белгилүү бир аймактарында эмгек акыны накталай формада төлөөгө уруксат берүүгө укуктуу. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.