Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 45 ТК
ТК КР · гл. 3Статус: действует

Статья 45. Расторжение трудового договора по инициативе работодателя с предварительного согласия профсоюзной организации либо иного представительного органа работников

1.

Увольнение работников, являющихся членами профсоюзной организации либо иного представительного органа работников, в соответствии с пунктом 2, подпунктом "б" пункта 3, пунктом 5, подпунктом "г" пункта 6 части 1 статьи 44 настоящего Кодекса без предварительного письменного согласия профсоюзной организации либо иного представительного органа работников данной организации не допускается. Коллективным договором могут быть предусмотрены и иные основания увольнения, которые также требуют предварительного согласия профсоюзной организации либо иного представительного органа на расторжение трудового договора по инициативе работодателя.

2.

Согласие представительного органа работников на расторжение трудового договора не требуется в случаях:

1) увольнения из организации, где отсутствует представительный орган работников;

2) увольнения руководителя организации, его заместителей, работников на руководящих должностях, избираемых, утверждаемых или назначаемых органами государственной власти или управления, а также общественными организациями и другими объединениями граждан, в иных случаях, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

3.

Ходатайство работодателя на увольнение работника должно быть рассмотрено представительным органом в семидневный срок.

4.

Работодатель вправе расторгнуть трудовой договор не позднее одного месяца со дня получения согласия соответствующего представительного органа.

Кыргызча
Кесиптик бирлик уюмунун же болбосо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органынын алдын ала макулдугу менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу 1. Ушул Кодекстин 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 3-пунктунун "б" пунктчасына, 5-пунктуна, 6-пунктунун "г" пунктчасына ылайык кесиптик бирлик уюмунун же болбосо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органынын мүчөлөрү болуп саналган кызматкерлерди кесиптик бирлик уюмунун же болбосо ошол уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органынын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз бошотууга жол берилбейт. Жамааттык келишим менен иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузууга кесиптик бирлик уюмунун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органдын алдын ала макулдугу талап кылынуучу бошотуунун дагы башка негиздери каралышы мүмкүн. 2. Эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт: 1) кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы жок уюмдан бошотууда; 2) уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары, мамлекеттик бийлик же башкаруу органдары, ошондой эле коомдук уюмдар жана жарандардын башка бирикмелери тарабынан шайлануучу, бекитилүүчү же дайындалуучу жетекчилик кызмат орундарындагы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда бошотулганда. 3. Кызматкерди бошотууга иш берүүчүнүн өтүнүчү өкүлчүлүктүү орган тарабынан жети күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. 4. Иш берүүчү тиешелүү өкүлчүлүктүү органдын макулдугун алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен эмгек келишимин бузууга укуктуу.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.