Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 44 ТК
ТК КР · гл. 3Статус: действует

Статья 44. Расторжение трудового договора по инициативе работодателя

1.

Трудовой договор, заключенный на неопределенный срок, а также срочный трудовой договор до истечения срока его действия могут быть расторгнуты работодателем в случаях:

1) ликвидации организации, (юридического лица) или ее филиала (представительства), прекращения деятельности работодателя (физического лица);

2) сокращения численности или штата работников, в том числе в связи с реорганизацией организации;

3) несоответствия работника занимаемой должности или выполняемой работе вследствие:

а) состояния здоровья в соответствии с медицинским заключением;

б) недостаточной квалификации, подтвержденной результатами аттестации, справками о невыполнении норм труда, актами о выпуске брака и другими данными;

4) смены собственника имущества организации (в отношении руководителя организации, его заместителей и главного бухгалтера);

5) неоднократного неисполнения работником без уважительных причин трудовых обязанностей, наличия дисциплинарного взыскания;

6) однократного грубого нарушения работником трудовых обязанностей:

а) прогула (отсутствие на работе более 3 часов подряд в течение рабочего дня без уважительных причин);

б) появления на работе в состоянии алкогольного, наркотического или токсического опьянения. Такое состояние подтверждается медицинским заключением, свидетельскими показаниями или актом, составленным работодателем совместно с представительным органом работников;

в) совершения по месту работы умышленной порчи или хищения имущества организации;

г) нарушения работником правил охраны труда, которое повлекло тяжкие последствия, включая травмы и аварии;

д) разглашения государственной, служебной, банковской, коммерческой или иной охраняемой законом тайны, ставшей известной работнику в связи с исполнением трудовых обязанностей и, если условие о ее сохранении предусмотрено в трудовом договоре.

Нормативными правовыми актами, уставами или локальными нормативными актами организаций могут предусматриваться другие условия трудовых соглашений в отношении некоторых категорий работников;

7) совершения установленных судом виновных действий работником, непосредственно обслуживающим денежные или товарные ценности, электронные вычислительные машины, программное обеспечение, если эти действия дают основание для утраты доверия к нему со стороны работодателя;

8) совершения работником, выполняющим воспитательные функции, аморального поступка, не совместимого с продолжением данной работы;

9) принятия необоснованного решения руководителем организации (филиала, представительства), его заместителями и главным бухгалтером, повлекшего за собой нарушение сохранности, неправомерное использование или иной ущерб имуществу организации;

10) представления работником работодателю подложных документов или заведомо ложных сведений при заключении трудового договора, если они могли являться основанием для отказа в заключении трудового договора;

11) однократного грубого нарушения руководителем организации (филиала, представительства), его заместителями своих трудовых обязанностей, предусмотренных уставом или положением этой организации;

12) в других случаях, установленных настоящим Кодексом и иными нормативными правовыми актами.

2.

Лица, занимающие политические государственные должности, специальные государственные должности и политические муниципальные должности, а также должностные лица, в отношении которых избрание, назначение или утверждение осуществляются Президентом Кыргызской Республики, Жогорку Кенешем Кыргызской Республики, Председателем Кабинета Министров Кыргызской Республики - Руководителем Администрации Президента Кыргызской Республики, также могут быть освобождены:

1) в случае несоответствия их деятельности принятым решениям и проводимой политике политического руководства;

2) утраты доверия политического руководства.

3.

Неподтверждение в судебном порядке результатов проверки о нарушениях субъектом предпринимательства законодательства Кыргызской Республики и установление в судебном порядке вины должностного лица, проводившего проверку, влекут освобождение его от занимаемой должности.

Кыргызча
Эмгек келишимин иш берүүчүнүн демилгеси боюнча бузуу 1. Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуу мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: 1) уюм (юридикалык жак) же анын филиалы (өкүлчүлүктөрү) жоюлганда, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; 2) кызматкерлердин саны же штаты кыскарганда, анын ичинде уюмду кайра уюштурууга байланыштуу; 3) кызматкер ээлеген кызмат ордуна же аткарган ишине төмөнкүлөргө байланыштуу ылайык келбегенде: а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына; б) аттестациянын натыйжалары, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралуу маалымкаттар, брак чыгаруу жөнүндө актылар жана башка маалыматтар менен тастыкталган квалификациясынын жетишсиздигине; 4) уюмдун мүлкүнүн ээсинин алмашуусуна (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата); 5) кызматкер эмгек милдеттерин жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбаганда, тартип жазасы бар болгондо; 6) кызматкер эмгек милдеттерин бир жолу төмөнкүдөй одоно бузганда: а) ишке келбегенде (иште жүйөлүү себептерсиз бир жумуш күнү ичинде катары менен 3 сааттан ашуун жок болуу); б) ишке алкоголго, баңги же уулуу заттарга мас болгон абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү же иш берүүчүнүн кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен биргеликте түзгөн актысы менен тастыкталат; в) иштеген жеринде уюмдун мүлкүн атайылап бүлдүрсө же уурдаса; г) кызматкер оор кесепеттерге, анын ичинде жаракат жана аварияга алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузса; д) кызматкерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон жана аны сактоо жөнүндө шарт эмгек келишиминде каралган мамлекеттик, кызматтык, банктык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгарса. Кызматкерлердин айрым категорияларына карата ченемдик укуктук актылар, уюмдардын уставдары же локалдуу ченемдик актылар менен эмгек макулдашууларынын башка шарттары каралышы мүмкүн; 7) акча же товардык баалуулуктарды, электрондук эсептөө машиналарын, программалык камсыздоону түздөн-түз тейлөөчү кызматкер сот тарабынан белгиленген күнөөлүү иш-аракеттерди жасаганда, эгерде бул иш-аракеттер иш берүүчүнүн ага болгон ишенимин жоготуу үчүн негиз болсо; 8) тарбиялык функцияларды аткарган кызматкер бул ишти улантууга ылайык келбеген моралга жат жорук, жасаганда; 9) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укук ченемсиз колдонууга же башка зыян алып келүүчү негизсиз чечимди кабыл алганда; 10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды бергенде, эгерде алар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн болсо; 11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары ушул уюмдун уставында жана жобосунда каралган өз эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузганда; 12) ушул Кодексте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда. 2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле шайлоо, дайындоо же бекитүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу кызмат адамдары да төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн: 1) алардын иши кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда; 2) саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкондо. 3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжаларынын сот тартибинде ырасталбашы жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсүнүн сот тартибинде аныкталышы аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.

Право на дату

Действие было до 28.01.2025? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.