Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 32 НК
НК КР · гл. 1Статус: действует

Статья 32. Услуга в электронной форме

1.

Оказанием услуги в электронной форме признается предпринимательская деятельность, осуществляемая посредством информационно-коммуникационных сетей, в том числе сети Интернет (далее - информационные сети), технических, организационных, информационных, развлекательных и иных возможностей, включая:

1) предоставление через информационные сети прав на использование программного обеспечения для любых видов электронных устройств (включая компьютерные игры, в том числе онлайн-игры), баз данных, в том числе путем предоставления удаленного доступа к ним, включая обновления к ним и дополнительные функциональные возможности;

2) предоставление через информационные сети прав на использование электронных книг (изданий) и других электронных публикаций, информационных, образовательных материалов, графических изображений, музыкальных произведений с текстом или без текста, аудиовизуальных произведений через информационные сети, в том числе путем предоставления удаленного доступа к ним для просмотра или прослушивания через информационные сети;

3) оказание рекламных услуг в информационных сетях, в том числе с использованием программного обеспечения для любых видов электронных устройств и баз данных, функционирующих в информационных сетях, а также предоставление в информационных сетях рекламной площади (пространства);

4) оказание услуг по размещению в информационных сетях предложений о приобретении (реализации) товаров (работ, услуг), имущественных прав;

5) оказание через информационные сети услуг по предоставлению технических, организационных, информационных и иных возможностей с использованием информационных технологий и систем для установления контактов и заключения сделок между продавцами и покупателями (включая предоставление торговой площадки, функционирующей в информационных сетях, в режиме реального времени, на которой потенциальные покупатели предлагают свою цену посредством автоматизированной процедуры и стороны извещаются о продаже путем отправляемого автоматически создаваемого сообщения);

6) обеспечение и/или поддержание присутствия в информационных сетях для личных целей или в целях осуществления предпринимательской (коммерческой) деятельности, поддержка электронных ресурсов пользователей (сайтов и/или страниц сайтов в информационных сетях), обеспечение доступа к ним других пользователей информационных сетей, предоставление пользователям возможности их модификации;

7) хранение и обработка информации (при условии, что лицо, представившее эту информацию, имеет к ней доступ через информационные сети);

8) предоставление в режиме реального времени вычислительной мощности для размещения информации в информационной системе;

9) предоставление доменных имен, оказание услуг хостинга;

10) оказание услуг по администрированию информационных систем, сайтов в информационных сетях;

11) оказание услуг, осуществляемых автоматическим способом через информационные сети при вводе данных покупателем услуги, автоматизированных услуг по поиску данных, их отбору и сортировке по запросам, предоставлению указанных данных пользователям через информационные сети (включая сводки фондовых бирж в режиме реального времени, осуществление в режиме реального времени автоматизированного перевода);

12) оказание услуг заказчику по поиску и/или предоставлению ему информации о потенциальных покупателях;

13) предоставление доступа к поисковым системам в информационных сетях;

14) оказание услуг по ведению статистики на сайтах в информационных сетях.

2.

К услугам в электронной форме не относятся, в частности, следующие операции:

1) (Утратил силу в соответствии с Законом Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78)

2) реализация (передача прав на использование) программ для электронных вычислительных машин (включая компьютерные игры), баз данных на материальных носителях;

3) оказание консультационных услуг по электронным средствам связи;

4) оказание услуг по предоставлению доступа к сети Интернет.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37 )

Кыргызча
Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү 1. Маалыматтык-коммуникациялык түйүндөр, анын ичинде Интернет түйүнү (мындан ары - маалымат тармагы), техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык, оюн-зоок жана башка мүмкүнчүлүктөр аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик иш, анын ичинде төмөнкүлөр электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп таанылат: 1) маалымат тармагы аркылуу электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү (компьютердик оюндарды, анын ичинде онлайн-оюндарды кошкондо), маалымат базалары үчүн программалык камсыздоону пайдаланууга укуктарын, анын ичинде аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү, аны менен бирге аларды жаңылоону жана кошумча функциялык мүмкүнчүлүктөрдү кошо ыйгаруу аркылуу берүү; 2) электрондук китептерди (басылмаларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, тексти бар же тексти жок музыкалык чыгармаларды, аудиовизуалдык чыгармаларды маалымат тармагы аркылуу, анын ичинде маалымат тармагы аркылуу көрүү же угуу үчүн аларга аралыктан жеткиликтүүлүктү берүү жолу менен пайдалануу укугун маалымат тармагы аркылуу берүү; 3) маалымат тармагында, анын ичинде электрондук түзүлүштөрдүн жана маалымат тармагында иштеген маалымат базаларынын кандай болбосун түрлөрү үчүн программалык камсыздоону колдонуу менен жарнамалык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле маалымат тармагында жарнамалык аянт (мейкиндик) берүү; 4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды маалымат тармагында жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; 5) сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосунда байланыштарды орнотуу жана бүтүмдөрдү түзүү үчүн маалыматтык технологияларды жана тутумдарды пайдалануу менен техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык жана башка мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча кызматтарды маалымат тармагы аркылуу көрсөтүү (анын ичинде потенциалдуу сатып алуучулар автоматташтырылган жол-жобо аркылуу өз баасын сунуштаган жана тараптар жиберилүүчү автоматтык түрдө түзүлгөн билдирүүлөр аркылуу сатуу жөнүндө кабарлоо алган маалымат тармагында иштеген соода аянтчасын реалдуу убакыт режиминде берүү); 6) жеке максаттар үчүн же ишкердик (коммерциялык) ишти жүзөгө ашыруу максатында маалымат тармагында болушун камсыз кылуу жана/же колдоо, пайдалануучулардын электрондук ресурстарын (маалыматтык тармактардагы сайттарды жана/же сайттардын барактарын) колдоо, аларга маалымат тармагын башка пайдалануучуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, пайдалануучуларга аларды модификациялоо мүмкүнчүлүгүн берүү; 7) маалыматты сактоо жана иштеп чыгуу (бул маалыматты берген жак ага маалымат түйүндөрү аркылуу кире алган шартта); 8) маалымат тутумунда маалыматты жайгаштыруу үчүн эсептөө кубаттуулугун реалдуу убакыт режиминде берүү; 9) домендик аталыштарды берүү, хостинг кызматтарын көрсөтүү; 10) маалымат тутумдарын, маалымат тармагындагы сайттарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү; 11) кызмат көрсөтүүнү сатып алуучу тарабынан маалыматтарды киргизүүдө, маалыматтарды издөө, аларды тандоо жана суроо-талаптар боюнча иргөө, аталган маалыматтарды маалымат тармагы аркылуу пайдалануучуларга берүү боюнча автоматташтырылган кызматтарды көрсөтүүдө маалымат тармагы аркылуу автоматтык ыкма менен ишке ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү (анын ичинде реалдуу убакыт режиминде фондулук биржалардын жыйнагы, реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган которууну жүзөгө ашыруу); 12) потенциалдуу сатып алуучулар жөнүндө маалыматты издөө жана/же ага берүү боюнча заказчыга кызматтарды көрсөтүү; 13) маалымат тармагындагы издөө системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү; 14) маалымат тармагындагы сайттарда статистиканы жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү. 2. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөргө, атап айтканда, төмөнкүдөй операциялар кирбейт: 1) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2) электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды (анын ичинде компьютердик оюндарды), материалдык алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтарды сатуу (пайдалануу укугун берүү); 3) электрондук байланыш каражаттары аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүү; 4) Интернет түйүндөрүнө жеткиликтүүлүктү берүү боюнча кызмат көрсөтүү. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.