Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 28 НК
НК КР · гл. 1Статус: действует

Статья 28. Постоянное учреждение иностранной организации в Кыргызской Республике

1.

Постоянное учреждение означает постоянное место деятельности с привлечением персонала на постоянной основе, через которое полностью или частично осуществляется предпринимательская деятельность иностранной организации (далее - нерезидент) на территории Кыргызской Республики.

2.

Понятие "Постоянное учреждение", в частности, включает:

1) место управления;

2) отделение;

3) контору;

4) фабрику;

5) мастерскую;

6) шахту, нефтяную или газовую скважину, карьер или любое другое место добычи природных ресурсов;

7) земельный участок;

8) строительную площадку или строительный, монтажный, или сборочный объект, или услуги, связанные с наблюдением за выполнением соответствующих работ, если только такие площадка или объект существуют в течение 183 и более календарных дней, или такие услуги оказываются в течение 183 и более календарных дней в течение любого 12-месячного периода;

9) установку или сооружение, используемые для разведки природных ресурсов, или услуги, связанные с наблюдением за выполнением этих работ, или буровую установку или судно, используемые для разведки природных ресурсов, если только такое использование длится в течение 183 и более календарных дней или такие услуги оказываются в течение 183 и более календарных дней в течение любого 12-месячного периода;

10) оказание услуг, включая консультационные услуги нерезидентом через персонал, нанятый этим нерезидентом, если персонал осуществляет такую деятельность на территории Кыргызской Республики в течение 183 и более календарных дней в течение любого 12-месячного периода;

11) осуществление предпринимательской деятельности в Кыргызской Республике через зависимого агента.

Для целей настоящей статьи зависимым агентом признается организация или физическое лицо, которое соответствует одновременно следующим условиям:

а) уполномочено на основании договорных отношений представлять в Кыргызской Республике интересы иностранной организации, действовать и/или совершать от имени и за счет такой организации определенные юридические действия, в том числе заключать договор возмездного оказания услуг, передавать право собственности или пользования имуществом, принадлежащего такой организации;

б) сумма вознаграждения, полученная от иностранной организации, превышает 75 процентов от его выручки за налоговый период по налогу на прибыль;

в) деятельность не ограничивается видами деятельности, перечисленными в пункте 6 части 3 настоящей статьи;

12) реализация иностранной организацией товаров в Кыргызской Республике, в том числе полученных в результате переработки на территории Кыргызской Республики;

13) оказание услуг в электронной форме на основе использования доменного имени или IP-адреса, зарегистрированного в Кыргызской Республике.

3.

Понятие "Постоянное учреждение" не включает:

1) использование сооружений исключительно с целью хранения, демонстрации или доставки товаров, принадлежащих нерезиденту;

2) содержание запасов товаров, принадлежащих нерезиденту, исключительно с целью хранения, демонстрации или доставки;

3) содержание запасов товаров, принадлежащих нерезиденту, исключительно с целью переработки другой организацией или физическим лицом;

4) содержание постоянного места деятельности исключительно с целью закупки товаров либо для сбора, обработки и/или распространения информации, ведения бухгалтерского учета, маркетинга, рекламы или изучения рынка товаров (работ, услуг), реализуемых иностранной организацией, если такая деятельность не является основной (обычной) деятельностью этой организации;

4-1) содержание постоянного места деятельности исключительно для целей простого подписания контрактов от имени этой организации, если подписание контрактов происходит в соответствии с детальными письменными инструкциями нерезидента;

5) содержание постоянного места деятельности исключительно с целью осуществления нерезидентом любой другой деятельности подготовительного или вспомогательного характера.

В целях настоящего пункта под деятельностью:

- подготовительного характера понимается деятельность, которая направлена на создание условий для ведения основной деятельности, включая исследование рынка, взаимодействие с государственными органами для получения документов разрешительного характера, сертификации продукции;

- вспомогательного характера понимается деятельность в рамках деятельности филиала/представительства нерезидента с целью создания условий для осуществления основной деятельности нерезидента, основным критерием для которой является то, что выпускаемая в результате такой деятельности продукция всегда предназначена для промежуточного потребления нерезидентом;

6) содержание постоянного места деятельности исключительно для осуществления любой комбинации видов деятельности, перечисленных в пунктах 1-5 настоящей статьи, при условии, что совокупная деятельность постоянного места деятельности, возникающая в результате такой комбинации, имеет подготовительный или вспомогательный характер;

7) осуществление экономической деятельности в Кыргызской Республике через агента, при условии, что такие лица действуют в рамках своей обычной деятельности;

8) обладание иностранной организацией правом собственности на акции или доли участия в отечественной организации;

9) заключение договора о совместной деятельности, местом осуществления которой является территория Кыргызской Республики, в случае если налоговый учет такой совместной деятельности осуществляет налогоплательщик Кыргызской Республики;

10) заключение договора доверительного управления имуществом с налогоплательщиком Кыргызской Республики в отношении имущества, расположенного за пределами территории Кыргызской Республики;

11) осуществление иностранной организацией предпринимательской деятельности через независимого агента, при условии, что такой агент действует в рамках своей обычной деятельности.

12) получение и перечисление денежных средств по поручению иностранной организации, учредившей такой филиал (представительство), зарегистрированный в Кыргызской Республике в соответствии с законодательством о государственной регистрации, в ее адрес или в адрес третьего лица.

4.

Оказание иностранной организацией услуг в электронной форме, а также осуществление электронной торговли товарами в адрес покупателей-физических лиц – резидентов Кыргызской Республики, без использования доменного имени или IP-адреса, зарегистрированного в Кыргызской Республике, местом поставки которых признается территория Кыргызской Республики, не приводит к образованию постоянного учреждения этой организации в Кыргызской Республике.

5.

Постоянное учреждение иностранной организации подлежит налоговой регистрации в соответствии с настоящим Кодексом.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года № 78, 12 февраля 2025 года № 37, 31 июля 2025 года № 185, 6 августа 2026 года № 145 )

Кыргызча
Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси 1. Туруктуу мекеме персоналды туруктуу негизде тартуу менен иштин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк уюмдун ишкердик иши толук же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат (мындан ары - резидент эмес). 2. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө, атап айтканда, төмөнкүлөр камтылат: 1) башкаруу орду; 2) бөлүм; 3) контора; 4) фабрика; 5) ɵнɵркана; 6) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстарын алуунун башка кандай болбосун орду; 7) жер участогу; 8) курулуш аянтчасы же курулуш, монтаждоо же чогултуу объекти же тиешелүү иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай аянтча же объект кандай болбосун 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде болсо же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө; 9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөр же курулмалар же ушундай иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, же болбосо жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургулоо түзүлүшү же кеме, эгерде аларды ушундайча пайдалануу кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күнгө созулса же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө; 10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөр, эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-аракетти кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырса; 11) Кыргыз Республикасында көз каранды агент аркылуу ишкердик ишти жүзөгө ашырса. Ушул берененин максаттары үчүн көз каранды агент болуп бир учурда төмөнкүдөй шарттарга ылайык келген уюм же жеке жак таанылат: а) келишимдик мамилелердин негизинде Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, мындай уюмдун атынан жана эсебинен аракеттенүүгө жана/же белгилүү бир юридикалык аракеттерди аткарууга, анын ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү келишимдерин түзүүгө, мындай уюмга тиешелүү болгон мүлккө менчик же пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу; б) чет өлкөлүк уюмдан алынган сый акысынын суммасы пайда салыгы боюнча салыктык мезгил үчүн түшкөн каражаттан 75 пайыздан ашат; в) иши ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда саналган иштин түрлөрү менен чектелбейт; 12) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюм тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды сатуу; 13) Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонуунун негизинде электрондук түрдө кызмат көрсөтүү. 3. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылбайт: 1) курулмаларды резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана пайдалануу; 2) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармап туруу; 3) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармап туруу; 4) товарларды сатып алуу максатында же болбосо маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана/же жайылтуу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, маркетинг, жарнама же чет өлкөлүк уюм тарабынан сатылуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногун иликтөө үчүн гана иштин туруктуу ордун кармоо, эгерде мындай иш ошол уюмдун негизги (кадимки) иши болуп саналбаса; 4-1) эгерде контракттарга кол коюу резидент эместин жазуу жүзүндөгү деталдуу нускамаларына ылайык жүргүзүлсө, ошол уюмдун атынан контракттарга жөнөкөй кол коюу максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу; 5) даярдоо же көмөкчү мүнөздөгү кандай болбосун башка ишти резидент эмес тарабынан жүргүзүү максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу. Ушул пункттун максаттарында: - даярдоо мүнөзүндөгү иш деп негизги ишти жүргүзүү, анын ичинде рынокту иликтөө, уруксат берүүчү мүнөздөгү документтерди алуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, продукцияны сертификациялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш даярдоо мүнөзүндөгү иш деп түшүнүлөт; - көмөкчү мүнөздөгү иш деп мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан дайыма орто аралыкта пайдалануу үчүн багытталгандыгы ал үчүн негизги критерий болуп саналган резидент эместин негизги ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында резидент эместин филиалынын/өкүлчүлүгүнүн ишинин алкагындагы иш түшүнүлөт; 6) ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында саналган иштин түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана, иштин туруктуу ордунун мындай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу туруктуу орундагы жалпы ишти даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта, иштин туруктуу ордун кармап туруу; 7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык ишти жүргүзүү, мындай жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта; 8) чет өлкөлүк уюмдун акцияларга же ата мекендик уюмга катышуу үлүшүнө ээлик кылуусу; 9) ишке ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүү, эгерде мындай биргелешкен иштин салыктык эсепке алуусун Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жүзөгө ашырса; 10) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мүлккө карата Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү; 11) чет өлкөлүк уюм көз карандысыз агент аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашыруусу, мындай агент өзүнүн кадимки ишинин алкагында аракеттенген шартта. 12) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында катталган мындай филиалды (өкүлчүлүктү) уюштурган чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча анын дарегине же үчүнчү жактын дарегине акча каражаттарын алуу жана которуу. 4. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышын же IP-дарегин колдонбостон Кыргыз Республикасынын резиденттери - сатып алуучу-жеке жактардын дарегине Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду катары таанылган электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле товарларды электрондук сатууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасында бул уюмдун туруктуу мекемесин түзүүгө алып келбейт. 5. Чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси ушул Кодекске ылайык салыктык катталууга тийиш. (КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.01.2022? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.