Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 475 УПК
УПК КР · гл. 54Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 475. Невыполнение обязательств по договору о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства

1.

В случае невыполнения ребенком обязательств по договору о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства государственные органы, указанные в части 6 статьи 468 настоящего Кодекса, обязаны выявить причины невыполнения и принять исчерпывающие меры по их выполнению ребенком.

2.

В случае умышленного невыполнения ребенком обязательств по договору государственные органы, указанные в части 6 статьи 468 настоящего Кодекса, письменно информируют об этом прокурора.

3.

Прокурор обязан выслушать пояснения ребенка и лиц, указанных в части 3 статьи 468 настоящего Кодекса. По результатам беседы прокурор вправе оставить в силе или отменить решение о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства.

4.

Изменение применяемых мер или продление срока действия договора о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства производятся на основании указания прокурора постановлением следователя.

5.

В случае изменения применяемых мер или продления срока договора о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства следователь составляет дополнительное соглашение.

6.

В случае отмены решения о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства досудебное производство в отношении ребенка производится в общем порядке.

7.

В случае отмены решения о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства действия, предпринятые ребенком по исполнению мер по выведению его из системы уголовного судопроизводства, учитываются в процессе вынесения приговора.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 14 ноября 2025 года № 259)

Кыргызча
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо 1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткарбаган учурда ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткарбоонун себептерин аныктоого жана баланын аларды аткаруусу боюнча толук чараларды колдонууга милдеттүү. 2. Келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бул тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдайт. 3. Прокурор баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди күчүндө калтырууга же жокко чыгарууга укуктуу. 4. Колдонулуучу чараларды өзгөртүү же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде тергөөчүнүн токтому менен жүргүзүлөт. 5. Колдонулуучу чаралар өзгөртүлгөн же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү узартылган учурда тергөөчү кошумча макулдашууну түзөт. 6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт. 7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда аны кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча бала тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер өкүм чыгаруу процессинде эске алынат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.