Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 469 УПК
УПК КР · гл. 54Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 469. Гарантии для ребенка в ходе выведения из системы уголовного судопроизводства

1.

До принятия решения о выведении из системы уголовного судопроизводства ребенку, его законному представителю и защитнику должна предоставляться подробная информация о сути выведения из системы уголовного судопроизводства, порядке его применения, его продолжительности, возможные условия и последствия несоблюдения мер по выведению от системы уголовного судопроизводства.

2.

Ребенку в устной и в письменной форме должно быть разъяснено, что согласие на выведение из системы уголовного судопроизводства должно быть добровольным и что ребенок вправе отказаться от выведения из системы уголовного судопроизводства на любом этапе.

3.

Признание ребенка в совершении преступления, а также информация, собранная о нем в процессе выведения из системы уголовного судопроизводства, не могут быть использованы против него в суде.

4.

На основании сообщения органов, указанных в части 6 статьи 468 настоящего Кодекса, о выполнении ребенком обязательств по договору о выведении ребенка из системы уголовного судопроизводства, следователь незамедлительно вносит в Единый реестр преступлений сведения о завершении программы выведения ребенка из системы уголовного судопроизводства.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 14 ноября 2025 года № 259)

Кыргызча
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун жүрүшүндө бала үчүн кепилдиктер 1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин балага, анын мыйзамдуу өкүлүнө жана жактоочуга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун маңызы, аны колдонуу тартиби, узактыгы, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды сактабоонун мүмкүн болгон шарттары жана кесепеттери жөнүндө толук маалымат берилүүгө тийиш. 2. Балага оозеки жана жазуу жүзүндө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга макулдугу ыктыярдуу болушу керектиги жана бала каалаган этапта кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгуудан баш тартууга укуктуу экендиги түшүндүрүлүшү керек. 3. Баланын кылмышты мойнуна алышы, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде ал жөнүндө чогултулган маалымат сотто ага каршы колдонулушу мүмкүн эмес. 4. Ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткаргандыгы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизет. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 470- берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу тартиби 1. Балага карата баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн. 1) келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу; 2) милдеттенме коюу; 3) кепилдикке өткөрүп берүү. 2. Тергөөчү жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугун, баланын жаш курагын, анын күнөөсүнүн, келтирилген зыяндын даражаларын, ошондой эле анын кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-турумун эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир учурда бир нече чара колдонушу мүмкүн. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин негизинде аныкталууга тийиш. 3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар акылга сыярлык жана жасалган кылмышка өлчөмдөш болууга тийиш. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, аны кадимки окуу процессинен четтеткен, ошондой эле баланын физикалык же психикалык ден соолугуна зыян келтирген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салынат. 4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда жасалган кылмыш үчүн каралган мыйзамда белгиленген минималдуу жазадан кыйла катаал чараларды колдонууга тыюу салынат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.