Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 473 УПК
УПК КР · гл. 54Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 473. Наложение обязательств

1.

Ребенку в сроки, установленные договором, может быть запрещено:

1) посещать определенные места;

2) менять место жительства;

3) покидать жилище в течение определенного времени;

4) воздерживаться от общения с определенными лицами;

5) использовать определенные формы досуга;

6) любое другое действие, которое препятствует его ресоциализации.

2.

Ребенок в сроки, установленные договором, обязан:

1) начать или возобновить учебу в образовательном учреждении с помощью уполномоченного государственного органа по защите детей;

2) трудоустроиться с помощью уполномоченного государственного органа по защите детей;

3) пройти образовательную программу и (или) программу медицинского лечения;

4) использовать свободное время в определенном порядке;

5) выполнять другие обязательства, которые будут способствовать его ресоциализации и недопущению повторного совершения преступления.

Содействие исполнению ребенком обязанностей возлагается на его родителей или лиц их заменяющих, комиссию по делам детей, органы внутренних дел, образования, здравоохранения, пробации, трудоустройства, по защите детей и органы местного самоуправления в порядке и на условиях, определяемых Кабинетом Министров.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 14 ноября 2025 года № 259)

Кыргызча
Милдеттенмелерди жүктөө 1. Келишимде белгиленген мөөнөттө балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн: 1) айрым жерлерге барууга; 2) жашаган жерин өзгөртүүгө; 3) белгилүү бир убакытка чейин үйдөн кетүүгө; 4) айрым адамдар менен баарлашуудан алыс болууга; 5) эс алуунун айрым түрлөрүн колдонууга; 6) анын кайра социалдашуусуна тоскоол болгон бардык башка аракеттерге. 2. Бала келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен билим берүү мекемесинде окууну баштоого же улантууга; 2) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен ишке орношууга; 3) билим берүү программасынан жана (же) медициналык дарылоо программасынан өтүүгө; 4) бош убакытты белгилүү бир тартипте пайдаланууга; 5) анын кайра социалдашуусуна жана кылмышты кайрадан жасоого жол бербөөгө өбөлгө түзгөн башка милдеттенмелерди аткарууга. Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 474- берене. Кепилдикке өткөрүп берүү 1. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү – бул баланын кызыкчылыгына каршы келген учурларды кошпогондо, ата-энелерге же аларды алмаштырган адамдарга, же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чыгаруу программасын ишке ашыруу боюнча милдеттерди жүктөө. 2. Баланы кепилдикке өткөрүп берүү чыгаруу программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин тарабы катары чыгууга даяр башка адамдарга жана уюмдарга жүктөлүшү мүмкүн.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.