Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 39 УПК
УПК КР · гл. 5Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 39. Орган дознания

1.

К органам дознания относятся:

1) органы внутренних дел;

2) органы и учреждения уголовно-исполнительной системы;

3) командиры воинских частей, соединений и начальники военных учреждений;

4) пограничные органы;

5) командиры воздушных судов;

6) органы национальной безопасности;

7) таможенные органы;

8) органы службы чрезвычайных ситуаций;

9) руководители геологоразведочных партий, экспедиций в отдаленных местностях;

10) главы дипломатических представительств и консульских учреждений Кыргызской Республики;

11) органы налоговой службы, осуществляющие досудебное производство;

12) органы государственной охраны.

2.

Орган дознания в пределах своей компетенции:

1) обеспечивает регистрацию в Едином реестре преступлений заявлений, сообщений о совершенном или готовящемся преступлении;

2) принимает меры к сохранению следов происшествия;

2-1) осуществляет допрос в порядке, предусмотренном пунктом 2 части 1 статьи 153 настоящего Кодекса;

3) осуществляет оперативно-розыскные мероприятия, не ограничивающие конституционные права граждан, для предупреждения, пресечения преступлений, обнаружения и розыска лиц, совершивших преступления, а также по поручению следователя оперативно-розыскные мероприятия по специальным следственным действиям для раскрытия преступления и собирания доказательств;

3-1) осуществляет специальные следственные действия по основаниям и условиям, предусмотренным абзацами вторым и третьим части 4 статьи 219 настоящего Кодекса;

4) предоставляет прокурору и следователю, действующим в пределах своей компетенции, истребуемые ими сведения и материалы;

5) выполняет письменные указания и поручения прокурора, поручения следователя, в том числе поручения о применении мер защиты потерпевших, свидетелей, других лиц, участвующих в уголовном судопроизводстве;

5-1) выполняет письменные поручения следователя о производстве выемки на основании постановления следственного судьи;

6) осуществляет привод;

7) выполняет письменные поручения и распоряжения суда в соответствии с настоящим Кодексом;

8) осуществляет контроль за соблюдением условий и порядка избранной меры пресечения.

3.

Органы дознания, указанные в пунктах 3–5, 7–10 и 12 части 1 настоящей статьи, принимают неотложные меры только по сохранению следов происшествия с передачей собранных материалов следователю или прокурору по подследственности, определенной настоящим Кодексом.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 18 января 2022 года № 4, 19 ноября 2024 года № 183, 12 февраля 2025 года № 37, 9 августа 2025 года № 193, 28 июля 2026 года № 133)

Кыргызча
Алгачкы текшерүү органы 1. Алгачкы текшерүү органына төмөнкүлөр кирет: 1) ички иштер органдары; 2) жаза-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери; 3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскердик мекемелердин начальниктери; 4) чек ара органдары; 5) аба кемелеринин командирлери; 6) улуттук коопсуздук органдары; 7) бажы органдары; 8) өзгөчө кырдаалдар кызматынын органдары; 9) алыскы жерлердеги геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедициялардын жетекчилери; 10) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары; 11) салык кызматынын сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдары; 12) мамлекеттик күзөт органдары. 2. Алгачкы текшерүү органы өз компетенциясынын чектеринде: 1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоону камсыз кылат; 2) окуянын издерин сактоо чараларын көрөт; 2-1) ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт; 3) кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, кылмыш жасаган адамдарды табуу жана издөө үчүн жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген ыкчам-издөө иш-чараларын, ошондой эле тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча кылмышты ачуу жана далилдерди чогултуу үчүн атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат; 3-1) ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер жана шарттар боюнча атайын тергөө аракеттерин жүзөгө ашырат; 4) өз компетенцияларынын чегинде аракеттенишкен прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет; 5) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын, тергөөчүнүн тапшырмаларын, анын ичинде жабырлануучуларды, күбөлөрдү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларды аткарат; 5-1) тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн жазуу жүзүндө тапшырмасын аткарат; 6) айдап келүүнү жүзөгө ашырат; 7) ушул Кодекске ылайык, соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын жана тескемелерин аткарат; 8) бөгөт коюу чарасынын шарттарынын жана тартиптеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат. 3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3–5, 7–10 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн алгачкы текшерүү органдары жыйналган материалдарды ушул Кодексте аныкталган тергөө караштуулугу боюнча тергөөчүгө же прокурорго өткөрүп берүү менен, окуянын изин сактоо боюнча гана кечиктирилгис чараларды көрөт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 9-августундагы № 193, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.