Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 376 УПК
УПК КР · гл. 45Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 376. Общие условия участия присяжных заседателей в судебном разбирательстве

1.

Скамья присяжных заседателей должна быть отделена от присутствующих в зале судебного заседания и расположена, как правило, напротив скамьи обвиняемых. Запасные присяжные заседатели занимают на скамье присяжных заседателей специально отведенные для них председательствующим места.

2.

Запасные присяжные заседатели могут быть до вынесения вердикта включены в основной состав присяжных заседателей в случае невозможности кого-либо из присяжных заседателей участвовать в судебном заседании. Замещение выбывших присяжных заседателей запасными производится в последовательности, указанной в списке при формировании коллегии присяжных заседателей по уголовному делу. В случае если возможность замены выбывших присяжных заседателей запасными исчерпана, председательствующий объявляет состоявшееся судебное разбирательство недействительным и возвращает судебное разбирательство к этапу предварительной выборки кандидатов в присяжные заседатели в соответствии со статьей 367 настоящего Кодекса.

3.

Если в ходе судебного разбирательства старшина присяжных заседателей выбывает, то его замена производится путем повторных выборов в порядке, установленном частью 1 статьи 374 настоящего Кодекса.

Кыргызча
Сот арачыларынын соттук териштирүүдө катышуусунун жалпы шарттары 1. Сот арачыларынын отургучтары соттук отурумдун залында отургандардан бөлүнүп, эреже катары, айыпталуучулардын отургучунун каршысына жайгаштырылууга тийиш. Запастагы сот арачылары төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат. 2. Сот арачыларынын кимдир-бирөөсүнүн соттук отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда запастагы сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу кылмыш иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калбай калган учурда, төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү жараксыз деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 367-беренесине ылайык сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат. 3. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, анда аны алмаштыруу ушул Кодекстин 374-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.