Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 368 УПК
УПК КР · гл. 45Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 368. Порядок проведения судебного заседания по формированию коллегии присяжных заседателей для участия в судебном разбирательстве

1.

Председательствующий открывает судебное заседание, представляется и представляет других участников процесса, проверяет явку сторон, разъясняет участникам процесса их права, установленные настоящим Кодексом, в том числе их право заявить отвод судье, прокурору, секретарю судебного заседания, кандидатам в присяжные заседатели, а также последствия неиспользования данного права и предоставляет слово администратору суда, который докладывает о явке граждан, включенных в предварительный состав кандидатов в присяжные заседатели.

Председательствующий произносит перед кандидатами в присяжные заседатели краткое вступительное слово, в котором сообщает, какое дело подлежит рассмотрению, о задачах присяжных заседателей и об условиях их участия в рассмотрении этого дела; разъясняет основания освобождения от обязанностей присяжного заседателя, предусмотренные Законом Кыргызской Республики «О присяжных заседателях в судах Кыргызской Республики».

2.

Формирование коллегии присяжных заседателей из числа лиц, включенных в предварительный состав кандидатов в присяжные заседатели, осуществляется путем:

1) освобождения председательствующим судьей кандидатов в присяжные заседатели от участия в рассмотрении дела по основаниям, предусмотренным Законом Кыргызской Республики «О присяжных заседателях в судах Кыргызской Республики», и иным основаниям;

2) разрешения вопросов об отводе;

3) удовлетворения немотивированного отвода сторон кандидатов в присяжные заседатели.

3.

Формирование коллегии присяжных заседателей производится в закрытом судебном заседании.

4.

Списки кандидатов в присяжные заседатели, явившихся в судебное заседание, вручаются сторонам. Вместе с указанием в списках фамилий, имен и отчеств кандидатов в присяжные заседатели указываются их возраст, род занятий, образование.

5.

Коллегия присяжных заседателей состоит из 9 присяжных заседателей основного состава и присяжных заседателей запасного состава.

6.

Одно и то же лицо не может участвовать в течение одного года в судебных заседаниях в качестве присяжного заседателя более одного раза.

7.

В целях объективного решения вопроса об освобождении кандидата в присяжные заседатели от участия в рассмотрении уголовного дела стороны в очередности, определенной председательствующим, при отборе присяжных заседателей вправе задавать кандидатам вопросы.

С разрешения председательствующего судьи все или часть адресованных кандидатам в присяжные заседатели вопросов могут быть сформулированы сторонами письменно. Анкета с вопросами стороны предлагается для заполнения кандидатами в присяжные заседатели после одобрения ее председательствующим.

8.

Кандидат в присяжные заседатели должен правдиво отвечать на вопросы председательствующего, сторон обвинения и защиты, задаваемые при отборе для участия в рассмотрении дела, а также представлять по требованию председательствующего иную необходимую информацию о себе и об отношениях с другими лицами, участвующими в деле. Вопросы, затрагивающие охраняемые законом их права и интересы, председательствующим отклоняются.

9.

Все вопросы, связанные с освобождением кандидата в присяжные заседатели от участия в рассмотрении дела, а также отводы, заявленные кандидатам в присяжные заседатели, разрешаются председательствующим судьей единолично без удаления в отдельное помещение.

10.

В том случае, когда при решении вопроса об отводах или при образовании коллегии присяжных заседателей были допущены какие-либо нарушения, повлиявшие на правильность ее образования, председательствующий объявляет недействительным образование коллегии присяжных заседателей и проводит отбор кандидатов в присяжные заседатели заново в полном объеме либо частично.

11.

До приведения присяжных заседателей к присяге стороны вправе заявить, что вследствие особенностей рассматриваемого уголовного дела образованная коллегия присяжных заседателей в целом может оказаться неспособной вынести объективный вердикт. В этом случае председательствующий по ходатайству сторон вправе распустить коллегию присяжных заседателей в связи с тенденциозностью состава.

12.

В случае если количество явившихся в суд кандидатов в присяжные заседатели менее 35, то председательствующий дает распоряжение о дополнительном наборе недостающего количества кандидатов в присяжные заседатели.

Количество кандидатов в присяжные заседатели, приглашаемых для дополнительного набора, и срок его проведения определяются председательствующим. При этом председательствующий объявляет перерыв в судебном заседании.

Кыргызча
Соттук териштирүүгө катышуу үчүн сот арачыларынын коллегиясын түзүү боюнча соттук отурумун өткөрүүнүн тартиби 1. Төрагалык кылуучу соттук отурумун ачат, өзүн тааныштырат жана процесстин башка катышуучуларын тааныштырат, тараптардын келишин текшерет, процесстин катышуучуларына ушул Кодексте белгиленген алардын укуктарын, анын ичинде алардын судьяга, прокурорго, соттук отурумдун катчысына, сот арачылыгына талапкерлерге четтетүү билдирүү укуктарын, ошондой эле ушул укукту пайдаланбоонун кесепеттерин түшүндүрөт жана соттун администраторуна сөз берет, ал сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген жарандардын келгендиги жөнүндө билдирет. Төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин алдында кыскача кириш сөз сүйлөйт, анда ал кандай иш карала тургандыгы, сот арачыларынын милдеттери жана бул ишти кароого алардын катышуусунун шарттары жөнүндө билдирет; “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сот арачыларынын милдеттерин аткаруудан бошотуунун негиздерин түшүндүрөт. 2. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген адамдардын арасынан сот арачыларынын коллегиясын түзүү төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат: 1) төрагалык кылуучу судьянын “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздер жана башка негиздер боюнча сот арачылыгына талапкерлерди ишти кароого катышуудан бошотуу; 2) четтетүү жөнүндө маселени чечүү; 3) сот арачылыгына талапкерлерден тараптардын жүйөлүү себепсиз четтетүүсүн канааттандыруу. 3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү жабык соттук отурумда жүргүзүлөт. 4. Соттук отурумга келген сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси тараптарга тапшырылат. Тизмелерде сот арачылыгына талапкерлердин фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын көрсөтүү менен бирдикте алардын жаш курагы, алектенген ишинин түрү, билими көрсөтүлөт. 5. Сот арачыларынын коллегиясы негизги курамдагы 9 сот арачысынан жана запастагы курамдагы сот арачыларынан турат. 6. Бир эле адам бир жылдын ичинде соттук отурумга сот арачысы катары бир жолудан ашык катыша албайт. 7. Сот арачылыгына талапкерди кылмыш ишин кароого катышуудан бошотуу жөнүндө маселени объективдүү чечүү максатында сот арачыларын тандоодо тараптар төрагалык кылуучу аныктаган кезекте талапкерлерге суроо берүүгө укуктуу. Төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен сот арачылыгына талапкерлерге даректелген суроолордун баары же бөлүгү тараптар тарабынан жазуу жүзүндө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын суроолору менен анкета төрагалык кылуучу тарабынан жактырылгандан кийин толтуруу үчүн сот арачылыгына талапкерлерге сунуш кылынат. 8. Сот арачылыгына талапкер төрагалык кылуучунун, айыптоочу жана коргоочу тараптын ишти кароого катышуу үчүн тандоодо берилген суроолоруна ак ниет жооп берүүгө, ошондой эле төрагалык кылуучунун талабы боюнча өзү жөнүндө жана ишке катышкан башка адамдар менен мамилеси жөнүндө башка зарыл маалыматтарды берүүгө тийиш. Алардын мыйзам менен корголгон укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон суроолор төрагалык кылуучу тарабынан четке кагылат. 9. Сот арачылыгына талапкерди ишти кароого катышуудан бошотуу менен байланышкан бардык суроолор, ошондой эле сот арачылыгына талапкерлерге билдирилген четтетүүлөр өзүнчө бөлмөгө чыгып кетпестен төрагалык кылуучу судья тарабынан жекече чечилет. 10. Четтетүүлөр жөнүндө маселени чечүүдө же сот арачыларынын коллегиясын түзүүдө аны түзүүнүн тууралыгына таасир тийгизген кандайдыр бир бузууларга жол берилген учурда төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын түзүлүшүн жараксыз деп жарыялайт жана сот арачылыгына талапкерлерди толук көлөмдө же болбосо жарым-жартылай кайтадан тандоо жүргүзөт. 11. Сот арачылары ант бергенге чейин тараптар каралып жаткан кылмыш ишинин өзгөчөлүгүнүн натыйжасында сот арачыларынын түзүлгөн коллегиясы объективдүү вердикт чыгарууга жалпысынан жөндөмсүз болуп калаарын билдирүүгө укуктуу. Бул учурда төрагалык кылуучу тараптардын өтүнүчү боюнча курамынын бир жактуулугуна байланыштуу сот арачыларынын коллегиясын таркатып жиберүүгө укуктуу. 12. Эгерде сотко келген сот арачылыгына талапкерлердин саны 35тен кем болсо, анда төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин жетпеген санын кошумча тандоо жөнүндө тескеме берет. Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин саны жана аны өткөрүү үчүн мөөнөт төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат. Мында төрагалык кылуучу соттук отурумуна тыныгуу жарыялайт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.