Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 291 УПК
УПК КР · гл. 41Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 291. Гласность судебного разбирательства и порядок доступа в зал судебных заседаний при закрытом судебном разбирательстве

1.

Суд должен обеспечить открытое судебное разбирательство дела, за исключением случаев, когда это может привести к разглашению сведений, составляющих государственную и иную охраняемую законом тайну, а также в иных случаях, когда это предусмотрено частью 2 настоящей статьи.

2.

Закрытое судебное разбирательство допускается по мотивированному постановлению судьи, определению суда:

1) по делам о преступлениях против половой неприкосновенности и половой свободы личности и других преступлениях в целях неразглашения сведений об интимных сторонах жизни участвующих в деле лиц либо сведений, унижающих их честь и достоинство;

2) в случае рассмотрения уголовных дел о преступлениях, совершенных детьми, не достигшими возраста 16 лет;

3) в случаях, когда этого требуют интересы обеспечения безопасности участников процесса, их близких родственников, супруга (супруги).

3.

Разбирательство дела в закрытом судебном заседании осуществляется с соблюдением всех правил судопроизводства. Постановление судьи, определение суда о разбирательстве дела в закрытом заседании могут быть вынесены в отношении всего разбирательства либо соответствующей его части.

4.

В целях охраны тайны переписки и сообщений личная переписка, телефонные переговоры, почтовые, телеграфные, электронные и иные сообщения граждан, содержащие сведения личного характера, могут быть оглашены в открытом судебном заседании только с согласия лиц, между которыми эта переписка и сообщения происходили. В противном случае такая переписка и сообщения оглашаются и исследуются в закрытом судебном заседании. Указанные правила применяются и при исследовании фотографий, аудио- и (или) видеозаписей, носящих личный характер.

5.

Присутствующие в открытом судебном заседании вправе вести аудиозапись и письменную запись. Проведение фотографирования, видеозаписи допускается с разрешения председательствующего в судебном заседании.

6.

Ребенок в возрасте до 16 лет, если он не является участником уголовного судопроизводства, допускается в зал судебного заседания с разрешения председательствующего.

7.

При разбирательстве уголовного дела в закрытом судебном заседании в зал судебного заседания допускаются только стороны, а в необходимых случаях – переводчик или ассистент, а также Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики, его заместители, уполномоченные им сотрудники Аппарата Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики с согласия лица, в интересах которого судебное разбирательство объявлено закрытым.

8.

После вынесения и оглашения постановления судьи, определения суда о проведении разбирательства дела в закрытом судебном заседании лица, присутствующие в зале судебного заседания и не являющиеся участниками процесса, удаляются из зала, о чем указывается в протоколе судебного заседания.

9.

Если судом принято решение о проведении части разбирательства уголовного дела в закрытом судебном заседании, то лица, не являющиеся участниками процесса, не допускаются только на эту часть судебного разбирательства.

10.

Приговор суда во всех случаях провозглашается публично.

11.

В случае рассмотрения уголовного дела в закрытом судебном заседании на основании постановления судьи, определения суда могут оглашаться только вводная и резолютивная части приговора.

(В редакции Законов КР от 5 августа 2024 года № 160, 22 сентября 2025 года № 204 )

Кыргызча
Соттук териштирүүнүн айкындуулугу жана жабык соттук териштирүүдө соттук отурумдун залында болуу тартиби 1. Мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтардын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган башка учурларда, сот ишти ачык соттук териштирүүнү камсыз кылууга тийиш. 2. Жабык соттук териштирүүгө судьянын жүйөлөнгөн токтому, соттун аныктамасы боюнча төмөнкүдөй учурларда жол берилет: 1) ишке катышуучу жактардын жашоосунун купуя жактары жөнүндө маалыматтарды же алардын ар-намысын жана беделин кемсинткен маалыматтарды жайылтпоо максатында инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жана башка кылмыштар жөнүндө иштер боюнча; 2) 16 жашка жетпеген курактагы балдар тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери каралган учурда; 3) процесстин катышуучуларынын, алардын жакын туугандарынын, жубайларынын коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыктары муну талап кылган учурларда. 3. Жабык соттук отурумда ишти териштирүү сот өндүрүшүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Судьянын токтому, соттун ишти жабык отурумда териштирүү жөнүндө аныктамасы бардык териштирүүлөргө же анын тиешелүү бөлүгүнө карата чыгарылышы мүмкүн. 4. Кат алышуунун жана билдирүүлөрдүн сырларын коргоо максатында жарандардын жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган жеке кат алышуусу, телефондон сүйлөшүүлөрү, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрү ачык соттук отурумда ушул кат алышууга жана билдирүүгө катышкан адамдардын макулдугу менен гана жарыяланат. Тескерисинче болгондо, мындай кат алышуу жана билдирүү жабык соттук отурумда жарыяланат жана иликтенет. Аталган эрежелер жеке мүнөздөгү фотосүрөттөрдү, аудио жана (же) видеожазууларды иликтөөдө да колдонулат. 5. Ачык соттук отурумуна катышкан жактар аудио жазууну жана жазууну жүргүзүүгө укуктуу. Фотосүрөткө тартууга, видео жазууга соттук отурумга төрагалык кылуучунун уруксаты менен жол берилет. 6. 16 жашка чейинки курактагы бала, эгерде ал кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучусу болбосо, төрагалык кылуучунун уруксаты менен соттук отурумдун залына киргизилет. 7. Жабык соттук отурумда ишти териштирүүдө соттук отурумдун залына тараптар гана, ал эми зарыл учурларда котормочу же ассистент, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери киргизилет. 8. Ишти териштирүүнү жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө судьянын токтому, соттун аныктамасы чыгарылгандан жана жарыялангандан кийин соттук отурумга катышып отурган жана процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук отурумдун залынан чыгарылат, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколунда көрсөтүлөт. 9. Эгерде сот ишти териштирүүнүн бир бөлүгүн жабык соттук отурумда жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алса, анда процесстин катышуучулары болуп саналбаган жактар соттук териштирүүнүн ушул бөлүгүнө гана киргизилбейт. 10. Соттун өкүмү бардык учурларда ачык жарыяланат. 11. Судьянын токтомунун, соттун аныктамасынын негизинде жабык соттук отурумда кылмыш ишин кароо учурунда өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүктөрү гана жарыяланат. (КР 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.