Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 161 УПК
УПК КР · гл. 21Статус: действуетредакция 06.10.2026

Статья 161. Начало производства следствия

1.

Следствие производится только после возбуждения уголовного дела, за исключением неотложных следственных действий, перечисленных в части 1 статьи 153 настоящего Кодекса. Следователь обязан немедленно приступить к следствию по возбужденному им или переданному ему делу.

2.

О возбуждении уголовного дела и принятии дела к своему производству следователь вносит соответствующие данные в Единый реестр преступлений, где автоматически генерируются постановления, которые в обязательном порядке приобщаются к материалам уголовного дела. Если уголовное дело возбуждено следователем и принято им к своему производству при внесении соответствующих данных в Единый реестр преступлений, то генерируется единое постановление о возбуждении уголовного дела и принятии его к своему производству. Копию указаннных выше постановлений следователь не позднее 24 часов направляет прокурору.

3.

Следователь проводит расследование, не выходя за пределы факта, по которому возбуждено уголовное дело.

Кыргызча
Тергөө өндүрүшүнүн башталышы 1. Ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүндө саналып өткөн кечиктирилгис тергөө иш-аракеттерин кошпогондо, тергөө кылмыш иши козголгондон кийин гана жүргүзүлөт. Тергөөчү өзү тарабынан козголгон же ага өткөрүлүп берилген иш боюнча тергөө ишин токтоосуз баштоого милдеттүү. 2. Кылмыш ишин козгогондугу жана ишти өз өндүрүшүнө алгандыгы жөнүндө тергөөчү тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизет, анда токтомдор автоматтык түрдө генерацияланат, алар милдеттүү түрдө кылмыш ишинин материалдарына тиркелет. Эгерде кылмыш иши тергөөчү тарабынан козголсо жана өз өндүрүшүнө кабыл алынса, тиешелүү маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүдө кылмыш ишин козгоо жана аны өз өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө бирдиктүү токтом генерацияланат. Тергөөчү жогоруда аталган токтомдордун көчүрмөсүн 24 сааттан кечиктирбестен прокурорго жөнөтөт. 3. Тергөөчү кылмыш иши козголгон фактынын чегинен чыкпастан тергөө жүргүзөт. 162- берене. Тергөө мөөнөтү 1. Коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө иштер боюнча тергөө бир айдан кечиктирилбестен, калган бардык иштер боюнча кылмыш иши козголгон күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө аяктоого тийиш. 2. Айыпталуучунун жана адвокаттын кылмыш ишинин материалдары менен таанышуусунун мөөнөтү сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүнө кошуп эсептелет. 3. Ушул Кодексте каралган негиздер боюнча тергөө токтотулуп турган убакыт тергөө мөөнөтүнө киргизилбейт. 4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тергөө мөөнөтү ал тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин 7 суткадан кечиктирилбестен берилген тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча райондордун, шаарлардын прокурорлору жана аларга теңдештирилген прокурорлор тарабынан 4 айга чейин, областтын прокурору, Бишкек жана Ош шаарынын прокурорлору тарабынан – 6 айга чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилүүгө тийиш. Тергөөнүн кемчиликтерин толуктоо үчүн иш сот тарабынан кайтарып берилгенде, ошондой эле токтотулган же кыскартылган иш кайра башталганда, тергөө мөөнөтү тергөөгө көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурор тарабынан өзүнө иш келип түшкөн учурдан тартып 1 айга чейин белгиленет. Мөөнөттү андан ары узартуу жалпы негиздерде жүргүзүлөт. 5. Тергөөсү өзгөчө татаал болгон иштер боюнча тергөө мөөнөтү Башкы прокурордун орун басарлары тарабынан 9 айга чейин, ал эми өзгөчө учурларда мөөнөтүн андан ары узартуу Башкы прокурор тарабынан кылмыш куугунтуктоо эскирүү мөөнөтүнүн чегинде жүргүзүлөт.

Право на дату

Действие было до 01.12.2021? Откройте статью по кодексу, действовавшему тогда.