Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 77 БК
БК КР · гл. 15Статус: действует

Статья 77. Компетенция Фонда обязательного медицинского страхования

Фонд обязательного медицинского страхования в области регулирования бюджетных правоотношений:

1) участвует в разработке проектов Программы государственных гарантий и других программ в области охраны здоровья граждан и стратегии;

2) вносит предложения о ставках тарифных взносов, необходимых для выполнения программы обязательного медицинского страхования, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

3) аккумулирует средства обязательного медицинского страхования и другие средства, не запрещенные законодательством Кыргызской Республики;

4) реализует программу базового обязательного медицинского страхования и дополнительную программу обязательного медицинского страхования по лекарственному обеспечению застрахованных граждан на амбулаторном уровне;

5) формирует страховой запас для обеспечения финансовой стабильности в объеме не менее месячного финансирования от общего объема средств, направляемых на финансирование медицинских и профилактических услуг, предоставляемых организациями здравоохранения по программе обязательного медицинского страхования;

6) (утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 августа 2024 года № 163)

7) направляет средства обязательного медицинского страхования и другие средства, не запрещенные законодательством Кыргызской Республики, на развитие здравоохранения для финансирования мероприятий по профилактике и укреплению здоровья и других целевых программ в области здравоохранения;

8) проводит внутренний аудит целевого и эффективного использования средств Фондом обязательного медицинского страхования и организациями здравоохранения, работающими в системе Единого плательщика;

9) контролирует использование средств консолидированного бюджета организациями здравоохранения, работающими в системе Единого плательщика;

10) организует и проводит общественные слушания по проекту бюджета Фонда обязательного медицинского страхования, готовит протоколы и публикует их на официальном сайте;

11) осуществляет иные полномочия, предусмотренные настоящим Кодексом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 18 января 2022 года № 2, 7 августа 2024 года № 163)

Кыргызча
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 1) жарандардын ден соолугун коргоо жаатында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана башка программалардын долбоорлорун жана стратегияларды иштеп чыгууга катышат; 2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткаруу үчүн зарыл тарифтик төгүмдөрдүн ставкалары жөнүндө сунуштарды киргизет; 3) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтойт; 4) милдеттүү медициналык камсыздандыруунун базалык программасын жана камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашырат; 5) милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары берүүчү медициналык жана алдын алуу кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоого жумшалган каражаттардын жалпы көлөмүнөн бир айлык каржылоодон кем болбогон көлөмдө каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу запасын түзөт; 6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 7) милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды саламаттык сактоо жаатында ден соолукту алдын алуу жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жана башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багыттайт; 8) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан каражаттардын максаттуу жана майнаптуу пайдалануусуна ички аудит жүргүзөт; 9) Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан консолидацияланган бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышын контролдойт; 10) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт; 11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 16-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары