Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 76 БК
БК КР · гл. 15Статус: действует

Статья 76. Компетенция Социального фонда

Социальный фонд в области регулирования бюджетных правоотношений:

1) разрабатывает проекты законов о бюджете Социального фонда, о внесении изменений и дополнений в закон о бюджете и представляет их для рассмотрения в Кабинет Министров;

2) координирует деятельность государственных органов по формированию и исполнению бюджета Социального фонда;

3) обеспечивает финансирование расходов Пенсионного фонда, Государственного накопительного фонда, Фонда обязательного медицинского страхования, Фонда оздоровления трудящихся;

4) размещает временно свободные средства на краткосрочных депозитах в коммерческих банках Кыргызской Республики, осуществляет операции с государственными и муниципальными ценными бумагами в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

5) размещает средства пенсионных накоплений в активы, разрешенные законодательством Кыргызской Республики;

6) готовит бюджетные заявки и составляет обоснования на предоставление ассигнований, готовит и представляет отчетность по использованию межбюджетных трансфертов, отчетность об исполнении бюджета Социального фонда для формирования отчета об исполнении государственного бюджета и другую информацию по запросу уполномоченного государственного органа;

7) обеспечивает адресность и целевой характер использования ассигнований;

8) организует и проводит общественные слушания по проекту бюджета Социального фонда, готовит протоколы разногласий и публикует их на официальном сайте;

9) осуществляет иные полномочия, предусмотренные настоящим Кодексом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.

(В редакции Закона КР от 18 января 2022 года № 2)

Кыргызча
Социалдык фонддун компетенциясы Социалдык фонд бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында: 1) Социалдык фонддун бюджети жөнүндө, бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Министрлер Кабинетинин кароосуна берет; 2) Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт; 3) Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоо фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын каржылоону камсыз кылат; 4) убактылуу эркин каражаттарды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырат; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген активдерге пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштырат; 6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштамаларды даярдайт жана ассигнованиелерди берүүгө негиздемелерди түзөт, бюджет аралык трансферттерди пайдалануу боюнча отчеттуулукту, Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн жана башка маалыматты даярдайт жана берет; 7) ассигнованиелердин пайдаланылышынын даректүүлүгүн жана максаттуу мүнөзүн камсыз кылат; 8) Социалдык фонддун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт; 9) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)