Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 140-1 УК
УК КР · гл. 19Статус: утратил силу

Статья 140-1. Нарушение порядка финансирования избирательной кампании кандидата, политической партии, деятельности инициативной группы по проведению референдума

(1) Передача кандидату, политической партии в целях достижения определенного результата на выборах денежных средств в крупных размерах, минуя соответствующий избирательный фонд; или расходование в целях достижения определенного результата на выборах не перечисленных в избирательные фонды денежных средств в крупных размерах; или передача кандидату, политической партии в целях достижения определенного результата на выборах материальных ценностей в крупных размерах без компенсации за счет средств соответствующего избирательного фонда; или выполнение оплачиваемых работ, реализация товаров, оказание платных услуг, прямо или косвенно связанных с выборами и направленных на получение определенного результата на выборах, осуществленные в крупных размерах без оплаты из соответствующего избирательного фонда или с оплатой из соответствующего избирательного фонда по необоснованно заниженным расценкам; или передача инициативной группе по проведению референдума в целях достижения определенного результата на референдуме денежных средств в крупных размерах, минуя соответствующий фонд референдума; или расходование в целях достижения определенного результата на референдуме не перечисленных в фонды референдума денежных средств в крупных размерах; или передача инициативной группе по проведению референдума в целях достижения определенного результата на референдуме материальных ценностей в крупных размерах без компенсации за счет средств соответствующего фонда референдума; или выполнение оплачиваемых работ, реализация товаров, оказание платных услуг, прямо или косвенно связанных с референдумом и направленных на выдвижение инициативы проведения референдума, на достижение определенного результата на референдуме, осуществленные в крупных размерах без оплаты из соответствующего фонда референдума или с оплатой из соответствующего фонда референдума по необоснованно заниженным расценкам, а также внесение пожертвований в крупных размерах в избирательный фонд, фонд референдума через подставных лиц -

наказываются штрафом в размере от пяти тысяч до десяти тысяч расчетных показателей либо лишением свободы на срок от двух до пяти лет.

(2) Использование в крупных размерах помимо средств соответствующего избирательного фонда финансовой (материальной) поддержки для проведения избирательной кампании кандидата, политической партии кандидатом, его уполномоченным представителем по финансовым вопросам, уполномоченным представителем по финансовым вопросам политической партии, использование в крупных размерах помимо средств соответствующего фонда референдума финансовой (материальной) поддержки для выдвижения инициативы проведения референдума, получения определенного результата на референдуме уполномоченным представителем по финансовым вопросам инициативной группы по проведению референдума, а также расходование в крупных размерах пожертвований, запрещенных законодательством о выборах и референдумах и перечисленных на специальный избирательный счет, специальный счет фонда референдума, -

наказываются штрафом в размере от десяти тысяч до двадцати тысяч расчетных показателей либо лишением права занимать определенные должности или заниматься определенной деятельностью на срок от трех до пяти лет, либо лишением свободы на срок до трех лет.

Примечание. Крупным размером в настоящей статье признаются размер суммы денег, стоимость имущества или выгод имущественного характера, которые превышают одну десятую предельной суммы всех расходов средств избирательного фонда соответственно кандидата, политической партии, фонда референдума, установленной законодательством о выборах и референдумах на момент совершения деяния, предусмотренного настоящей статьей, но при этом составляют не менее пятисот тысяч сомов.

(В редакции Закона КР от 1 марта 2012 года № 10)

Кыргызча
Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн, референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топтун иштерин каржылоо тартибин бузуу (1) Шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондун кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга ири суммадагы акча каражаттарын берүү; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында шайлоо фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо; же шайлоодо белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды талапкерге, саясий партияга берүү; же шайлоо менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо белгилүү натыйжаны алууга багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу; товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акысы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү референдум фондун кыйгап өтүү менен референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко ири өлчөмдөгү акча каражаттарын берүү; же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, референдумдун фонддоруна которулбаган ири өлчөмдөгү акча каражаттарын чыгымдоо; же референдумда белгилүү максаттарга жетүү максатында, тиешелүү референдум фондунун каражаттарынын эсебинен ордун толтуруусуз ири көлөмдөгү материалдык баалуулуктарды референдумду өткөрүү боюнча демилгелүү топко берүү; же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүгө, референдумда белгилүү натыйжага жетишүүгө багытталган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, тиешелүү референдум фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү референдум фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жалган адамдар аркылуу шайлоо фондуна, референдум фондуна ири өлчөмдөгү кайрымдуулук каражаттарын төгүү - эсептик көрсөткүчтүн беш миң өлчөмүнөн он миң өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн өткөрүү үчүн талапкер, анын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү шайлоо фондунун финансылык (материалдык) колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, референдум өткөрүү демилгесин көтөрүү, референдумда белгилүү натыйжаны алуу үчүн референдум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан референдумдун тиешелүү фондунун каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу, ошондой эле шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондунун атайын эсебине которулган кайрымдуулуктарды ири өлчөмдө чыгымдоо - эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүнөн жыйырма миң өлчөмүнө чейин айып салуу, же белгилүү кызмат орундарын ээлөө же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда ири өлчөм деп ушул статьяда каралган жосундар жасалган учурда, шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген, шайлоо фондунун, тиешелүүлүгүнө жараша талапкердин, саясий партиянын, референдум фондунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелүү суммасынын ондон биринен ашкан, бирок беш жүз миң сомдон кем эмести түзгөн акча суммасы, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайдалардын наркы таанылат. (КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Право на дату

Откройте статью в редакции, действовавшей на нужную дату.