Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 2Статус: действует

Статья 7. Внеплановые проверки

1.

Основания проведения внеплановой проверки:

1) получение уполномоченным органом заявления субъекта проверки о проведении в отношении него проверки;

2) получение уполномоченным органом письменного заявления физического или юридического лица, поданного в соответствии с требованиями части 2-1 настоящей статьи, о нарушении субъектом проверки прав и интересов заявителя, письменного обращения руководителя органа местного самоуправления о нарушении субъектом проверки прав и интересов населения данной административно-территориальной единицы с приложением документов, материалов и иных подтверждающих сведений о нарушении субъектом предпринимательства законодательства Кыргызской Республики.

2.

Заявления, не позволяющие установить фамилию, имя, отчество и место нахождения лица, обратившегося в уполномоченный орган, не могут служить основанием для проведения проверки.

2-1.

Заявления, подаваемые в уполномоченный орган на основании пункта 2 части 1 настоящей статьи, должны содержать следующие минимальные сведения:

1) персональные данные заявителя: фамилия, имя, отчество, почтовый адрес, по которому должен быть направлен ответ, - для физического лица, наименование организации, ИНН - для юридического лица;

2) суть нарушенного права и/или интереса заявителя;

3) оригиналы или копии документов, иных материалов, указывающих на нарушение права и/или интересов.

2-2.

Уполномоченные органы проводят оценку информации, изложенной в заявлении на основании нижеследующих критериев:

1) проведение проверки в описываемой области риска входит в компетенцию уполномоченного органа, которому адресовано заявление;

2) обоснованность информации;

3) наличие оригиналов или копии документов, иных материалов, указывающих на нарушение права;

4) выявление потенциально нарушенных субъектом проверки норм законов Кыргызской Республики и постановлений Кабинета Министров Кыргызской Республики;

5) наличие предыдущих нарушений со стороны данного субъекта проверки;

6) время, прошедшее с момента обнаружения нарушения;

7) оценка возможных последствий для жизни и здоровья человека, окружающей среды, имущественных интересов граждан, юридических лиц и государства;

8) определение группы потребителей, подвергающихся опасности, и возможное влияние на уязвимые группы;

9) результаты исследования предоставленного образца (при наличии);

10) наличие предыдущих заявлений от данного лица или других лиц по одному и тому же факту и результатов их рассмотрения на предмет достоверности излагаемой информации.

2-3.

По итогам рассмотрения обращения, в зависимости от степени угрозы безопасности жизни и здоровью человека, окружающей среде, имущественным интересам граждан, юридических лиц и государства, уполномоченный орган принимает одно из следующих решений с уведомлением заявителя о принятом решении в сроки, установленные законодательством о порядке рассмотрения обращений граждан:

1) о незамедлительном проведении внеплановой проверки;

2) о проведении внеплановой проверки по истечении определенного времени, срок которой не превышает 30 календарных дней;

3) о проведении проверки информации, изложенной в заявлении в рамках плановой проверки.

Если в ходе рассмотрения обращения установлено, что факты, изложенные в заявлении, уже были ранее проверены, то автору обращения направляется ответ с результатами ранее проведенной проверки.

3.

Срок внеплановой проверки не может превышать 3 рабочих дней.

(Абзац утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 июля 2023 года № 134)

4.

Внеплановая проверка не может выходить за рамки вопросов, послуживших основанием для ее проведения.

5.

В случаях, связанных с обеспечением безопасности жизни и здоровья людей (при возникновении и распространении инфекционных заболеваний и массовых неинфекционных заболеваний (отравлений), аварии техногенного характера), при возникновении чрезвычайных экологических ситуаций, угрозы наступления несчастного случая на производстве, нарушении строительных норм и правил проверки могут носить внезапный характер и проводиться без письменного распоряжения (приказа, предписания) с целью выявления причин и источников недопустимого воздействия на состояние здоровья населения и принятия мер по их предупреждению и устранению с последующим информированием уполномоченного органа по развитию предпринимательства в течение 7 рабочих дней.

(В редакции Законов КР от 14 апреля 2016 года № 41, 7 июля 2023 года № 134)

Кыргызча
Пландан тышкары текшерүүлөр 1. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн негиздери: 1) текшерүүнүн субъектинин ага карата текшерүү жүргүзүү тууралуу арызын ыйгарым укуктуу органдын алышы; 2) жеке же юридикалык жактын текшерүүнүн субъекти арыз берүүчүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ушул статьянын 2-1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык берилген жазуу жүзүндөгү арызын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин текшерүүнүн субъекти ошол администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы тууралуу ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен берилген жазуу жүзүндөгү кайрылуусун ыйгарым укуктуу органдын алышы. 2. Ыйгарым укуктуу органга кайрылган адамдын фамилиясын, ысымын, атасынын ысымын жана турган жерин аныктоого мүмкүн болбогон арыздар текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт. 2-1. Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ыйгарым укуктуу органга берилүүчү арыздар төмөнкүдөй минималдуу маалыматтарды камтууга тийиш: 1) арыз ээсинин жеке маалыматтарын: жеке жак үчүн - аты-жөнүн, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дарегин, юридикалык жак үчүн - уюмдун аталышын, ИСНди; 2) арыз ээсинин бузулган укугунун жана/же кызыкчылыгынын маңызын; 3) укуктар жана/же кызыкчылыктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларын же көчүрмөлөрүн. 2-2. Ыйгарым укуктуу органдар арызда баяндалган маалыматты баалоону төмөнкүдөй чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзөт: 1) тобокелдиктин баяндалып жаткан тармагында текшерүү жүргүзүү арыз даректелген ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет; 2) маалыматтын негиздүүлүгү; 3) укуктар бузулгандыгын көрсөткөн документтердин, башка материалдардын түп нускаларынын же көчүрмөлөрүнүн болушу; 4) текшерүүнүн субъекти бузушу мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун ченемдерин аныктоо; 5) текшерүүнүн ушул субъекти тарабынан мурдагы бузуулардын болушу; 6) бузуу табылган учурдан бери өткөн убакыт; 7) адамдын өмүрү жана ден соолугу, айлана-чөйрө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктары үчүн мүмкүн болгон кесепеттерди баалоо; 8) коркунучка дуушар болуп жаткан керектөөчүлөрдүн тобун аныктоо жана аялуу топторго мүмкүн болгон таасири; 9) берилген үлгүнү изилдөөнүн натыйжалары (болгон учурда); 10) ушул жактан же башка жактардан бир эле факт боюнча мурда келип түшкөн арыздардын жана баяндалган маалыматтардын аныктыгын кароонун жыйынтыктарынын болушу. 2-3. Кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча, адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугуна коркунучтун даражасына жараша ыйгарым укуктуу орган жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө арыз берүүчүгө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирме жөнөтүү менен төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат: 1) пландан тышкары текшерүүнү кечиктирбестен жүргүзүү жөнүндө; 2) мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин пландан тышкары текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө; 3) пландуу текшерүүнүн алкагында арызда баяндалган маалыматты текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө. Эгерде кайрылууну кароонун жүрүшүндө арызда баяндалган фактылар буга чейин текшерилгендиги белгиленсе, анда кайрылуунун авторуна мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары бар жооп жөнөтүлөт. 3. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 3 жумушчу күндөн ашпоосу керек. (Абзац КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагынан чыгышы мүмкүн эмес. 5. Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулар (уулануулар) келип чыкканда жана тараганда, техногендик мүнөздөгү авария учурунда), өзгөчө экологиялык кырдаалдар, өндүрүштө кырсыктын келип чыгуу коркунучу пайда болгондо, курулуш ченемдери жана эрежелери бузулганда калктын ден соолугунун абалына жол берилгис таасир кылуунун себептерин жана булактарын табуу жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга 7 жумуш күндүн ичинде кабарлоо менен аларды алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында текшерүүлөр күтүүсүз мүнөздө болушу жана жазуу жүзүндөгү тескемесиз (буйруксуз, жазма эскертүүсүз) жүргүзүлүшү мүмкүн. (КР 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)