Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 12
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 2Статус: действует

Статья 12. Порядок организации проведения проверок уполномоченными органами

1.

Проверка деятельности субъектов проверки осуществляется должностными лицами уполномоченных органов.

1-1.

Если одному уполномоченному органу поднадзорны несколько областей риска деятельности субъекта проверки, то проверка деятельности, относящейся к разным областям риска, но с одинаковой степенью риска, проводится одновременно.

Проверка деятельности, относящейся к разным областям риска и с разной степенью риска, проводится одновременно с учетом периодичности, установленной статьей 6 настоящего Закона.

В случае если нескольким областям риска деятельности субъекта проверки, которые поднадзорны одному уполномоченному органу, присвоена разная степень риска, такие проверки проводятся одновременно в соответствии с периодичностью, установленной статьей 6 настоящего Закона.

2.

Проверка деятельности субъектов проверки осуществляется на основании распоряжения (приказа, предписания) уполномоченного органа.

В распоряжении (приказе, предписании) указываются:

- номер и дата распоряжения (приказа, предписания) о проведении проверки;

- наименование уполномоченного органа;

- фамилия, имя, отчество должностного лица (лиц), уполномоченного на проведение проверки;

- наименование и адрес субъекта проверки или фамилия, имя, отчество индивидуального предпринимателя, в отношении которого проводится проверка;

- цели и предмет проводимой проверки;

- правовые основания проведения проверки;

- дата начала и окончания проверки.

3.

Распоряжение (приказ, предписание) в двух экземплярах о проведении проверки подписывается руководителем уполномоченного органа и удостоверяется печатью. К проведению проверки могут быть допущены только те лица, которые указаны в распоряжении (приказе, предписании).

Распоряжение (приказ, предписание) согласовывается с уполномоченным органом по развитию предпринимательства, за исключением распоряжений (приказ, предписание) о проведении контрольной проверки.

Распоряжение (приказ, предписание) о проведении проверок субъектов предпринимательства энергетической отрасли согласовывается на группу объектов с учетом их территориального расположения (базирования).

4.

Срок проведения плановых проверок не может превышать 15 рабочих дней, для субъектов малого предпринимательства - 5 рабочих дней. При необходимости проведения специальных исследований, испытаний, экспертиз этот срок может быть продлен по письменному распоряжению (приказу, предписанию) руководителя уполномоченного органа, осуществляющего проверку, не более одного раза на срок не более 10 рабочих дней.

(Абзац утратил силу в соответствии с Законом КР от 16 октября 2017 года № 175)

(В редакции Законов КР от 22 июля 2011 года № 121, 14 апреля 2016 года № 41, 16 октября 2017 года № 175, 31 декабря 2019 года № 151, 7 июля 2023 года № 134)

Кыргызча
Ыйгарым укуктуу органдардын текшерүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруу тартиби 1. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт. 1-1. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө текшерүүнүн субъектисинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармагы кирсе, анда тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген, бирок бирдей тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү бир эле учурда жүргүзүлөт. Тобокелдиктин ар түрдүү тармактарына кирген жана ар түрдүү тобокелдик даражасындагы ишти текшерүү ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүктү эске алуу менен бир эле учурда жүргүзүлөт. Эгерде бир ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүнө кирген текшерүүнүн субъектинин ишинин тобокелдигинин бир нече тармактарына ар түрдүү тобокелдик даражасы ыйгарылса, мындай текшерүүлөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген мезгилдүүлүккө ылайык бир эле учурда жүргүзүлөт. 2. Текшерүүнүн субъекттеринин ишин текшерүү ыйгарым укуктуу органдын тескемесинин (буйругунун, жазма эскертүүнүн) негизинде жүзөгө ашырылат. Тескемеде (буйрукта, жазма эскертүүдө) төмөнкүлөр көрсөтүлөт: - текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү тескеменин (буйруктун, жазма эскертүүнүн) номери жана датасы; - ыйгарым укуктуу органдын аталышы; - текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдардын) аты-жөнү; - текшерүү жүргүзүлүүчү текшерүүнүн субъектинин аталышы жана дареги же жекече ишкердин аты-жөнү; - жүргүзүлгөн текшерүүнүн максаттары жана предмети; - текшерүү жүргүзүүнүн укуктук негиздери; - текшерүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы. 3. Текшерүү жүргүзүү жөнүндөгү эки нускадагы тескемеге (буйрукка, жазма эскертүүгө) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси кол коет жана мөөр басылып күбөлөндүрүлөт. Текшерүү жүргүзүүгө тескемеде (буйрукта, жазма эскертүүдө) көрсөтүлгөн адамдарга гана жол берилет. Контролдук текшерүү жүргүзүү жөнүндө тескемелерди (буйруктарды, жазма эскертүүлөрдү) кошпогондо, тескеме (буйрук, жазма эскертүү) ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат. Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, жазма эскертүү) алардын аймактык жайгашуусун (базасын) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат. 4. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпоого тийиш, чакан текшерүүнүн субъекттери үчүн - 5 жумушчу күн. Атайын изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү зарыл болгон учурда пландык текшерүүнүн бул мөөнөтү текшерип жаткан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү тескемеси (буйругу, жазма эскертүүсү) боюнча 10 күндөн ашпаган мөөнөткө бир жолу гана узартылышы мүмкүн. (Абзац КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 121, 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 41, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 175, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 151, 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)