Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15-3
Закон КР от 25 мая 2007 года № 72 "О порядке проведения проверок субъектов предпринимательства" · гл. 2Статус: действует

Статья 15-3. Профилактические меры по поддержке субъектов проверки

1.

Профилактическими мерами по поддержке субъектов проверки выступают информирование, консультирование и дача рекомендаций субъектам проверки по вопросам соответствия их деятельности законам Кыргызской Республики и постановлениям Кабинета Министров Кыргызской Республики по предотвращению и снижению рисков для безопасности жизни и здоровью человека, окружающей среде, имущественным интересам граждан, юридических лиц и государства.

2.

Информирование, предоставление консультаций и рекомендаций включает в себя:

1) ответы на письменные и устные обращения субъектов проверок;

2) предоставление в ходе консультаций рекомендаций и методической помощи субъектам проверки, направленных на снижение степени риска, предотвращение нарушений и устранение правонарушений.

3.

Способами информирования, консультирования и дачи рекомендаций выступают:

1) разработка и распространение руководств по передовой практике и других документов, содержащих руководящие принципы по вопросам соблюдения законов Кыргызской Республики и постановлений Кабинета Министров Кыргызской Республики;

2) организация и проведение обучающих мероприятий;

3) разработка и распространение руководств по порядку проведения проверок и правам субъектов проверки в ходе проверок.

4.

Предоставляемые субъектам проверки информация, консультации и рекомендации должны быть обоснованными, единообразными, точными и понятными, имеющими цель предотвратить правонарушение, снизить и исключить вероятность рисков.

5.

Профилактические меры не влекут за собой правовые последствия (санкции) для субъекта предпринимательства.

(В редакции Закона КР от 7 июля 2023 года № 134)

Кыргызча
Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары 1. Текшерүүнүн субъекттерин колдоо боюнча алдын алуу чаралары болуп адамдын өмүрүнүн жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарынын коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди болтурбоо жана төмөндөтүү боюнча текшерүүнүн субъекттерине алардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна шайкештигинин маселелери боюнча маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү саналат. 2. Маалымдоо, консультацияларды жана сунуштамаларды берүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) текшерүүнүн субъекттеринин жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларына жоопторду; 2) консультацияларды берүүнүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттерине тобокелдиктин даражасын төмөндөтүүгө, бузууларды болтурбоого жана укук бузууларды жоюуга багытталган сунуштамаларды жана методикалык жардамды берүүнү. 3. Маалымдоонун, консультацияларды жана сунуштамаларды берүүнүн ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) алдыңкы тажрыйба боюнча колдонмолорду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун сактоо маселелери боюнча жетектөөчү принциптерди камтыган башка документтерди иштеп чыгуу жана жайылтуу; 2) окутуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү; 3) текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана текшерүүлөрдүн жүрүшүндө текшерүүнүн субъекттеринин укуктары боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу. 4. Текшерүүнүн субъекттерине берилүүчү маалымат, консультация жана сунуштамалар негиздүү, бир түрдүү, так жана түшүнүктүү, укук бузууну болтурбоо, тобокелдиктердин ыктымалдуулугун төмөндөтүү жана жокко чыгаруу максатын көздөгөн болууга тийиш. 5. Алдын алуучу чаралар ишкердиктин субъекти үчүн укуктук кесепеттерге (санкцияларга) алып келбейт. (КР 2023-жылдын 7-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)