Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 4
Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях" · гл. 2Статус: действует

Статья 4. Обязательства по обеспечению права на свободу мирных

собраний

1.

Государственные органы и органы местного самоуправления обязаны уважать и обеспечивать право на свободу мирных собраний без какого бы то ни было различия по признаку пола, расы, языка, этнической принадлежности, вероисповедания, возраста, политических или иных убеждений, происхождения, имущественного или иного положения, а также других обстоятельств.

2.

Участие в собрании является добровольным. Лица, принуждающие к участию в собрании или незаконно препятствующие участию в нем, несут ответственность, установленную законодательством Кыргызской Республики.

3.

Государственные органы и органы местного самоуправления при получении сведений о планируемом или проводимом собрании обязаны незамедлительно поставить в известность о нем соответствующие исполнительные органы местного самоуправления и органы внутренних дел.

4.

Государственные органы и органы местного самоуправления, к которым обращены требования участников и организаторов собраний, должны обеспечить прием и рассмотрение обращений по существу, а также сообщить о принятых решениях в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

5.

При осуществлении мероприятий по обеспечению проведения мирных собраний государственные органы и органы местного самоуправления и их должностные лица не вправе:

1) давать оценку целесообразности проведения мирных собраний;

2) поддерживать какую-либо сторону в случае проведения контрсобраний;

3) определять время, место проведения и маршруты движения мирного собрания;

4) запрещать или вводить ограничения по месту, времени проведения и маршрутам движения мирных собраний, за исключением случаев, когда непринятие таких мер влечет за собой нарушение прав граждан, не участвующих в собрании, а также защиты национальной безопасности, общественного порядка, охраны здоровья и нравственности населения при соблюдении требований, установленных настоящим Законом;

5) препятствовать достижению целей мирных собраний, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Законом;

6) организовывать и проводить контрсобрания.

Кыргызча
Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелер 1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жынысынын, расасынын, тилинин, этностук таандыктыгынын, диний ишенимдеринин, жаш курагынын, саясий жана башка ынанымдарынын, тегинин, мүлктүк же башка абалынын, ошондой эле башка жагдайларынын белгилери боюнча айырмалабастан урматтоого жана тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууга милдеттүү. 2. Чогулушка катышуу ыктыярдуу болуп саналат. Чогулушка катышууга мажбурлаган же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат. 3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганда алар жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана ички иштер органдарына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. 4. Чогулуштардын катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын талаптары багытталган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кайрылууларды кабыл алууну жана маңызы боюнча кароону камсыз кылууга, ошондой эле кабыл алынган чечимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билдирүүлөрү тийиш. 5. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуксуз: 1) тынч чогулуштарды өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө; 2) каршы чогулуштар өткөрүлгөн учурда кайсы-бир тарапты колдоого; 3) тынч чогулушту өткөрүүнүн убактысын, ордун жана кыймылдын маршрутун аныктоого; 4) мындай чараларды көрбөө, чогулушка катышпаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келүүчү, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди сактоо менен улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын коргоо максаттарындагы учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын орду, убактысы жана кыймылдын каттамдары боюнча тыюу салууга жана чектөө киргизүүгө; 5) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, тынч чогулуштардын максаттарына жетүүсүнө тоскоолдук кылууга; 6) каршы чогулуш уюштурууга жана өткөрүүгө.