Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях" · гл. 2Статус: действует

Статья 8. Мероприятия по обеспечению проведения мирных собраний

1.

Мероприятия по обеспечению проведения мирных собраний, в том числе необходимые процедуры оцепления, сопровождения участников мирного собрания, перекрытия или изменения маршрутов движения транспорта, установки дорожных знаков и иные мероприятия обеспечения безопасности на дорогах, а также работа коммунальных и иных служб (скорая медицинская помощь, противопожарная служба, служба спасения, служба санитарной очистки территории и другие службы), осуществляются органами государственной власти и местного самоуправления на безвозмездной основе.

2.

Мероприятия по обеспечению проведения мирных собраний, при уведомлении организаторами о проведении мирного собрания, предусматривают:

1) учет информации о цели мирного собрания, форме или сочетании различных форм мирных собраний, месте и дате проведения, маршруте движения участников, времени начала и окончания мирного собрания, предполагаемом количестве участников, об использовании звукоусиливающей аппаратуры или других предметов при проведении публичного мероприятия;

2) осмотр мест проведения мирных собраний в целях обеспечения охраны и безопасности участников мирного собрания и других лиц, оказавшихся на территории проведения мирного собрания, доступа коммунальных и иных служб обеспечения мирных собраний, а также имеющихся возможностей безопасной эвакуации;

3) организационные меры в целях выявления необходимости процедур оцепления, сопровождения участников мирного собрания, перекрытия или изменения маршрутов движения транспорта, установки дорожных знаков;

4) оценку опасных факторов, принятие дополнительных мер для обеспечения безопасности участников мирного собрания и иных лиц, включая, но, не ограничиваясь установкой металлоискателей, ограждений, необходимостью изменения времени, места проведения и (или) маршрута движения участников мирного собрания;

5) определение необходимых сил и средств по обеспечению мирного собрания;

6) анализ сведений о других собраниях, проводимых в то же время и на той же территории, сопоставление полученных сведений, выработку необходимых мер (введение ограничений по времени, месту проведения и (или) маршруту движения участников и другие) по недопущению конфликтных ситуаций, способных воспрепятствовать проведению и достижению целей мирных собраний.

3.

Исполнительные органы местного самоуправления, органы внутренних дел осуществляют документирование, последующий анализ выявленных проблем, разбирательство действий их сотрудников при осуществлении мероприятий по обеспечению проведения мирных собраний.

4.

Исполнительные органы местного самоуправления, органы внутренних дел заблаговременно предупреждают лиц, не принимающих участие в собрании, о мероприятиях, связанных с перекрытием и изменением маршрута движения транспорта, других необходимых сведениях, включая оповещение в средствах массовой информации.

Кыргызча
Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар 1. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар, анын ичинде тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жана жолдордо коопсуздукту камсыз кылуунун башка чараларынын зарыл жол-жоболору, ошондой эле коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам, өрткө каршы кызматтар, сактоо кызматы, аймакты санитардык тазалоо жана башка кызматтар) иштеши мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз негизде жүзөгө ашырылат. 2. Уюштуруучулар тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө кабарландырганда тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар төмөнкулөрдү карайт: 1) тынч чогулуштун максаты, тынч чогулуштардын таризи же ар кандай тариздеринин айкалыштырылышы, өткөрүлүүчү жери жана датасы, катышуучуларынын кыймылынын каттамдары, тынч чогулуштун башталуу жана бүтүү убактысы, катышуучуларынын болжолдуу саны, көпчүлүк катышкан иш-чараны өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураларды жана башка нерселердин колдонулушу жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну; 2) тынч чогулуштун катышуучуларын жана тынч чогулуш өтүп жаткан жерде турган башка адамдарды коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, тынч чогулуштарды камсыз кылууда коммуналдык жана башка камсыздоо кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле коопсуз эвакуациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну; 3) тосуу, тынч чогулуштун катышуучуларын коштоо, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабуу же өзгөртүү, жол белгилерин коюу жол-жоболорунун зарылдыгын аныктоо максаттарындагы уюштуруу чараларын; 4) коркунучтуу факторлорго баа берүүнү, тынч чогулуштун катышуучуларынын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн металл издөөчү жабдууларды, тосмолорду орнотууну кошуп алганда, өткөрүү убактысын, ордун жана (же) тынч чогулуштун катышуучуларынын кыймылынын каттамын өзгөртүүнүн зарылдыгы менен чектелбестен, кошумча чараларды көрүүнү; 5) тынч чогулушту камсыз кылуу боюнча зарыл күчтөрдү жана каражаттарды аныктоону; 6) ошол эле убакта жана ошол эле аймакта өткөрүлүп жаткан башка чогулуштар жөнүндө маалыматтарды талдоону, алынган маалыматтарды салыштырууну, тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана анын максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылуучу, жаңжалдуу жагдайларды болтурбоочу зарыл чараларды (өткөрүү убактысы, орду жана\же катышуучулардын кыймылдарынын каттамы боюнча чектөөлөрдү киргизүү жана башка) иштеп чыгууну. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда айкындалган көйгөйлөрдү кийин талдоону документтештирүүнү, алардын кызматкерлеринин аракеттерин териштирүүнү жүзөгө ашырат. 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, ички иштер органдары, жалпыга маалымдоо каражаттарын кабарландырууну кошуп алганда, транспорттун кыймылынын каттамдарын жабууга жана өзгөртүүгө байланышкан иш-чаралар жана башка зарыл маалыматтар жөнүндө чогулушка катышпаган адамдарды күн мурунтан эскертишет.