Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 11
Закон КР от 23 мая 2012 года № 64 "О мирных собраниях" · гл. 2Статус: действует

Статья 11. Уведомление о проведении мирного собрания

1.

Уведомление о проведении планируемого мирного собрания осуществляется организаторами в письменной форме не ранее 30-дневного срока и не позднее 2 рабочих дней до дня его проведения. Уведомление может быть подано в виде письма, телеграммы, телефонограммы, посредством почтовой, факсимильной, электронной или иной связи либо иным способом или в иной форме.

2.

Уведомление включает сведения об организаторе (наименование организации и (или) фамилия, имя, отчество лица) и его контактные данные (местонахождение организации и (или) адрес лица, номер телефона), информацию о месте проведения и (или) маршруте движения, дате и времени начала и окончания, цели, примерном числе участников, об использовании звукоусиливающей аппаратуры или других предметов при проведении мирного собрания. Организатор мирного собрания вправе включить в содержание уведомления другие сведения, а также приложить к нему другие документы.

3.

При наличии достоверной информации, касающейся проведения других мирных собраний или других обстоятельств, влияющих на безопасность граждан, государственные органы и органы местного самоуправления вправе предложить изменить дату проведения мирного собрания, место его проведения, а также маршрут движения.

4.

Лица, уведомившие о проведении мирного собрания, вправе потребовать, а государственные органы и органы местного самоуправления обязаны в этот же день при получении уведомления выдать письменное подтверждение получения уведомления.

5.

Письменное подтверждение государственного органа или органа местного самоуправления должно включать в себя сведения о его наименовании, фамилию, имя, отчество и подпись сотрудника, принявшего уведомление, дату и время поступления уведомления.

Кыргызча
Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландыруу 1. Пландаштырылган тынч чогулушту өткөрүү жөнүндө уюштуруучулардын кабарландыруусу аны өткөрүү күнүнө чейин 30 күндүк мөөнөттөн эрте эмес жана 2 жумушчу күндөн кеч эмес уюштуруучулар тарабынан жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат. Кабарландыруу кат, телеграмма, телефонограмма түрүндө, почта, факсимилдик, электрондук же башка байланыш аркылуу же болбосо башка ыкма же таризде берилиши мүмкүн. 2. Кабарландыруу уюштуруучу (уюмдун аталышы жана (же) жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты) жана анын байланыш маалыматтары (уюмдун турган жери жана (же) адамдын дареги, телефон номери) тууралуу, өтүүчү орду жана (же) кыймылынын каттамы, датасы жана башталуу жана аяктоо убактысы, максаттары, катышуучуларынын болжолдуу саны жөнүндө, тынч чогулуш өткөрүүдө үн күчөтүүчү аппаратураны же башка нерселерди пайдалануу тууралуу маалыматтарды камтыйт. Тынч чогулуштун уюштуруучусу кабарландыруунун мазмунуна башка маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле ага башка документтерди тиркөөгө укуктуу. 3. Башка тынч чогулуштарды өткөрүү же жарандардын коопсуздугуна таасир этүүчү башка жагдайга тиешелүү так маалымат болгондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тынч чогулуштарды өткөрүү датасын, анын өтүүчү ордун, ошондой эле кыймылынын каттамын өзгөртүүнү сунуштоого укуктуу. 4. Тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландырган адамдар кабарландыруу алынганын талап кылууга, ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабарландыруу алууда ошол эле күнү жазуу жүзүндө ырастоо берүүгө милдеттүү. 5. Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу кабарландырууну кабыл алган кызматкердин фамилиясын, атын, атасынын атын жана койгон колун, кабарландыруу түшкөн датаны жана убакытты өзүндө камтуусу тийиш.