Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 31 БК
БК КР · гл. 5Статус: действует

Статья 31. Бюджетное кредитование

1.

Бюджетные кредиты выделяются из средств республиканского бюджета, местного бюджета и иных источников, определяемых Кабинетом Министров (далее - иные источники).

2.

Порядок предоставления, реструктуризации, возврата и списания бюджетных кредитов определяется Кабинетом Министров.

3.

Реструктуризация бюджетных кредитов осуществляется Кабинетом Министров по согласованию с профильным комитетом Жогорку Кенеша.

4.

Списание бюджетных кредитов из республиканского бюджета и иных источников осуществляется Кабинетом Министров по согласованию с Жогорку Кенешем, списание бюджетных кредитов из местного бюджета - исполнительными органами местного самоуправления по согласованию с местным кенешем.

Списание бюджетных кредитов в случаях ликвидации юридического лица в связи с банкротством осуществляется в соответствии с законодательством о банкротстве.

5.

Расходы, связанные с администрированием бюджетных кредитов, предоставляемых из республиканского бюджета и иных источников, покрываются за счет отчислений в размере 10 процентов от денежных средств, возвращаемых в счет погашения процентов по бюджетным кредитам, 30 процентов из которых направляется в уполномоченный государственный орган.

Порядок использования отчисляемых денежных средств, указанных в настоящей части, определяется Кабинетом Министров.

6.

На требования кредитора по бюджетным кредитам исковая давность не распространяется.

С момента вынесения судебного акта о взыскании задолженности по бюджетным кредитам прекращается начисление процентов и финансовых санкций.

При взыскании задолженности по бюджетным кредитам, выданным в иностранной валюте, сумма задолженности фиксируется в национальной валюте по официальному курсу на момент вынесения судебного акта.

(В редакции Закона КР от 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Бюджеттик насыялоо 1. Бюджеттик насыялар республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка булактардан (мындан ары - башка булактар) бөлүнөт. 2. Бюджеттик насыяларды берүүнүн, кайра түзүмдөштүрүүнүн, кайтарып берүүнүн жана эсептен чыгаруунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 3. Бюджеттик насыяларды кайра түзүмдөштүрүү Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат. 4. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан, жергиликтүү бюджеттен бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Банкроттукка байланыштуу юридикалык жак жоюлган учурларда бюджеттик насыяларды эсептен чыгаруу банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. 5. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик насыяларды башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик насыялар боюнча пайыздарды тындыруу эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын 10 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталат. Ушул бөлүктө көрсөтүлүп чегерилген акча каражаттарын пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 6. Бюджеттик насыялар боюнча насыя берүүчүнүн талаптарына доонун эскириши жайылтылбайт. Бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүү жөнүндө сот актысы чыгарылган учурдан тартып пайыздарды жана финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат. Чет өлкөлүк валютада берилген бюджеттик насыялар боюнча карызды өндүрүүдө карыздын суммасы сот актысы чыгарылган учурга карата расмий курс боюнча улуттук валютада белгиленет. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)