Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 9
Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики" · гл. 3Статус: действует

Статья 9. Взаимоотношения НАН с иными субъектами научной, научно-технической и инновационной деятельности

1.

НАН на взаимовыгодной и равноправной основе осуществляет сотрудничество с физическими и юридическими лицами, международными или зарубежными организациями, иностранными учеными, которые осуществляют проведение, поддержку или практическую реализацию научных исследований и разработок, в том числе опираясь на деятельность членов НАН, работающих в других учреждениях.

2.

По вопросам, отнесенным к своей компетенции, НАН имеет право обращаться к субъектам научной, научно-технической и инновационной деятельности, получать от них ответы на свои запросы в порядке, установленном гражданским законодательством Кыргызской Республики.

3.

Уполномоченные представители НАН в случае рассмотрения вопросов, относящихся к деятельности НАН, имеют право участвовать в заседаниях коллегий, научно-технических советов и других совещаниях субъектов научной, научно-технической и инновационной деятельности.

4.

Основными формами сотрудничества НАН с субъектами научной, научно-технической и инновационной деятельности являются:

1) координация и выполнение научных исследований и разработок в рамках совместных программ, планов и проектов;

2) привлечение ученых и специалистов научных учреждений и высших учебных заведений Кыргызской Республики к выполнению исследований и разработок в научных учреждениях НАН;

3) участие ученых и специалистов НАН в выполнении исследований и инновационных разработок, проводимых научными организациями и высшими учебными заведениями Кыргызской Республики;

4) участие ученых НАН в подготовке специалистов и научных работников в научных учреждениях и высших учебных заведениях Кыргызской Республики;

5) проведение совместных научных и научно-практических сессий, конференций, совещаний, симпозиумов, семинаров;

6) публикация в периодических изданиях НАН результатов научных исследований ученых и научных учреждений;

7) интеграция научно-исследовательских институтов НАН с государственными высшими учебными заведениями согласно порядку, установленному законодательством в сфере науки;

8) участие ученых и специалистов государственных органов, научных организаций и учреждений высшего образования в работе общего собрания НАН и ее президиума, а также в составе координационных, научных и научно-технических советов, отделений, создаваемых НАН, научными организациями и иными юридическими лицами, подчиненными НАН.

5.

В рамках координации направлений деятельности в сфере фундаментальных и прикладных наук НАН имеет право запрашивать и получать от научных и научно-технических организаций, высших учебных заведений Кыргызской Республики, выполняющих научные исследования и работы за счет средств республиканского бюджета, информацию о состоянии и результатах проводимых фундаментальных и прикладных исследований, а также давать оценку состоянию и уровню выполняемых ими научных исследований и работ.

6.

Научные организации и высшие учебные заведения Кыргызской Республики имеют право выдвигать по направлениям своей научной деятельности кандидатов в академики и члены-корреспонденты НАН по объявленным специальностям.

7.

Порядок выдвижения кандидатов научными организациями и высшими учебными заведениями определяется уставом НАН.

8.

НАН и организации, ведущие научно-исследовательскую деятельность, составляют комплексный план исследований по актуальным вопросам социально-экономического развития страны, технологического состояния, по всем направлениям фундаментальных и прикладных исследований.

Кыргызча
Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин башка субъекттери менен УИАнын өз ара мамилелери 1. УИА илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүнү, колдоону же практикалык ишке ашырууну жүзөгө ашырган, жеке жана юридикалык жактар, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар, чет өлкөлүк окумуштуулар менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде, анын ичинде башка мекемелерде иштеген УИАнын мүчөлөрүнүн ишине таянуу менен кызматташат. 2. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин субъекттерине кайрылууга, алардан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу. 3. УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү УИАнын ишине тиешелүү маселелерди караган учурда илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин субъекттеринин коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу. 4. Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштин субъекттери менен УИАнын кызматташуусунун негизги формалары болуп төмөнкүлөр саналат: 1) биргелешкен программалардын, пландардын жана долбоорлордун алкагында илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди координациялоо жана аткаруу; 2) Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын окумуштуулары менен адистерин УИАнын илимий мекемелеринде изилдөөлөрдү жана иштелмелерди аткарууга тартуу; 3) Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары жана жогорку окуу жайлары тарабынан жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү жана инновациялык иштелмелерди аткарууга УИАнын окумуштууларынын жана адистеринин катышуусу; 4) УИАнын окумуштууларынын Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде жана жогорку окуу жайларында адистерди жана илимий кызматкерлерди даярдоого катышуусу; 5) биргелешкен илимий жана илимий-практикалык сессияларды, конференцияларды, кеңешмелерди, симпозиумдарды, семинарларды өткөрүү; 6) УИАнын мезгилдүү басылмаларында окумуштуулардын жана илимий мекемелердин илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялоо; 7) илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык УИАнын илимий-изилдөө институттарын мамлекеттик жогорку окуу жайлары менен интеграциялоо; 8) окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын, илимий уюмдардын жана жогорку билим берүү мекемелеринин адистеринин УИАнын жалпы чогулушунун жана анын президиумунун ишине, ошондой эле УИА, УИАга баш ийген илимий уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан түзүлүүчү координациялык, илимий жана илимий-техникалык кеңештердин, бөлүмдөрдүн курамында катышуу. 5. Фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоонун алкагында УИА республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен илимий изилдөөлөрдү жана иштерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-техникалык уюмдарынан, жогорку окуу жайларынан жүргүзүлүп жаткан фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн абалы жана натыйжалары жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле алар аткарып жаткан илимий изилдөөлөрдүн жана иштердин абалына жана деңгээлине баа берүүгө укуктуу. 6. Кыргыз Республикасынын илимий уюмдары жана жогорку окуу жайлары өзүнүн илимий ишинин багыттарына ылайык УИАнын академиктигине жана корреспондент мүчөлүгүнө ал жарыялаган адистиктер боюнча талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу. 7. Илимий уюмдар жана жогорку окуу жайлары тарабынан талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби УИАнын уставы менен аныкталат. 8. УИА жана илимий-изилдөө ишин жүргүзүүчү уюмдар өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, технологиялык абалы, фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдүн бардык багыттары боюнча изилдөөлөрдүн комплекстүү планын түзүшөт. 4-глава. УИАнын мүчөлөрү, алардын укуктары жана милдеттери