Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики" · гл. 3Статус: действует

Статья 8. Взаимоотношения НАН с государственными органами, органами местного самоуправления

1.

В своей деятельности НАН в рамках задач и функций, определенных настоящим Законом, уставом НАН и иными нормативными правовыми актами в сфере науки и образования, взаимодействует с государственными органами и органами местного самоуправления Кыргызской Республики.

2.

Государственные органы и органы местного самоуправления Кыргызской Республики и их должностные лица оказывают содействие в осуществлении НАН своих задач и функций.

3.

По вопросам, отнесенным к своей компетенции, НАН имеет право обращаться в государственные органы и органы местного самоуправления Кыргызской Республики, получать от них ответы на свои запросы.

4.

Уполномоченные представители НАН в случае рассмотрения вопросов, относящихся к деятельности НАН, имеют право участвовать в заседаниях коллегий, научно-технических советов и других совещаниях государственных органов и органов местного самоуправления.

Кыргызча
УИАнын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери 1. УИА өз ишинде ушул Мыйзамда, УИАнын уставында жана илим жана билим чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган милдеттердин жана функциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет. 2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары УИАга өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга көмөк көрсөтөт. 3. УИА өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга, алардан өзүнүн суроо-талаптарына жооп алууга укуктуу. 4. УИАнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү УИАнын ишине тиешелүү маселелерди караган учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коллегияларынын, илимий-техникалык кеңештеринин жыйналыштарына жана башка кеңешмелерине катышууга укуктуу.