Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 4
Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики" · гл. 1Статус: действует

Статья 4. Устав НАН

1.

Устав НАН принимается общим собранием, утверждается Кабинетом Министров Кыргызской Республики и регистрируется в порядке, установленном гражданским законодательством Кыргызской Республики.

2.

Устав НАН должен содержать:

1) наименование, местонахождение и статус НАН;

2) порядок принятия устава НАН и внесения в него изменений;

3) предмет, цели, основные задачи, направления и принципы деятельности НАН;

4) права и полномочия НАН;

5) механизмы координации направлений деятельности в сфере фундаментальных и прикладных наук;

6) порядок предоставления ежегодного национального доклада по науке Президенту Кыргызской Республики и ежегодного отчета Кабинету Министров Кыргызской Республики;

7) порядок управления НАН, ее организационными структурами и контроля за их деятельностью;

8) компетенции, порядок формирования и сроки полномочий руководящих органов НАН;

9) условия и порядок избрания членов НАН, выхода из ее состава;

10) структуру НАН, порядок организации деятельности и ликвидации ее организационных структур;

11) права, обязанности и ответственность членов НАН, условия их взаимодействия с иными юридическими и физическими лицами.

3.

В уставе могут предусматриваться и другие положения, связанные с особенностями статуса и деятельности НАН.

Кыргызча
УИАнын уставы 1. УИАнын уставы жалпы чогулуш менен кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте катталат. 2. УИАнын уставы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 1) УИАнын аталышы, жайгашкан жери жана статусу; 2) УИАнын уставын кабыл алуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби; 3) УИАнын ишинин предмети, максаттары, негизги милдеттери, багыттары жана принциптери; 4) УИАнын укуктары жана ыйгарым укуктары; 5) фундаменталдык жана колдонмо илимдер чөйрөсүндөгү иштин багыттарын координациялоо механизмдери; 6) Кыргыз Республикасынын Президентине илим жөнүндө ар жылдык улуттук баяндаманы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине ар жылдык отчетту берүү тартиби; 7) УИАны, анын уюштуруу түзүмдөрүн башкаруу жана алардын ишин контролдоо тартиби; 8) УИАнын жетекчи органдарынын компетенциясы, түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү; 9) УИАнын мүчөлүгүнө шайлоонун, анын курамынан чыгуунун шарттары жана тартиби; 10) УИАнын түзүмү, анын уюштуруу түзүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана жоюу тартиби; 11) УИАнын мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, алардын башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара иштешүү шарттары. 3. Уставда УИАнын статусунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү менен байланышкан башка жоболор да каралышы мүмкүн. 2-глава. УИАнын ишинин максаттары, милдеттери жана функциялары