Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 2
Закон КР от 16 июня 2025 года № 119 "О Национальной академии наук Кыргызской Республики" · гл. 1Статус: действует

Статья 2. Основные понятия, используемые в настоящем Законе

В настоящем Законе используются следующие основные понятия:

1) академик - звание действительного члена НАН, имеющего научную школу, профессионально занимающегося научно-исследовательской деятельностью, обогатившего науку выдающимися научными трудами, известными как в стране, так и за рубежом;

2) академическое самоуправление - организационно-правовой механизм управления научной и научно-отраслевой деятельностью, реализуемый на основе принципов коллегиальности, независимости и самостоятельности в управлении, обеспечивающий свободу научного поиска, выбор направлений исследований, формирование и утверждение руководящих органов, а также определение стратегии и тактики научной, научно-технической и инновационной деятельности в рамках задач и функций, возложенных на них законодательством и уставом;

3) наука - особый вид деятельности человека, направленный на получение, уточнение и производство объективных, системно организованных и обоснованных знаний о природе, обществе и мышлении;

4) научный прогресс - процесс усовершенствования научных знаний, позволяющий обнаруживать, исследовать и объяснять новые явления и закономерности в природе и обществе;

5) научно-технический прогресс - поступательное развитие науки и техники, способствующее превращению науки в непосредственную производительную силу общества;

6) прикладная наука - свод знаний, в которых исследования и открытия имеют непосредственную, прямую ориентацию на практику;

7) член-корреспондент НАН - звание члена НАН, имеющего научную школу и ученую степень доктора наук, и ученое звание профессора, профессионально занимающегося научно-исследовательской деятельностью, обогатившего науку крупными научными трудами;

8) национальный доклад - ежегодный аналитический документ, представляемый Президенту Кыргызской Республики, содержащий обобщенную информацию о состоянии, достижениях и перспективах развития науки в стране. Доклад направлен на обеспечение органов управления аналитической основой для формирования и коррекции научно-технической политики, стратегического планирования и повышения эффективности научной и инновационной деятельности;

9) координация фундаментальных и прикладных научных исследований - процессы согласования и порядок упорядочения научных исследований, направленных на успешное выполнение задач государственной политики в области науки и научно-технической деятельности;

10) фундаментальная наука - область познания, подразумевающая теоретические и экспериментальные научные исследования основополагающих явлений и гуманитарных наук и поиск закономерностей, руководящих ими и ответственных за форму, строение, состав, структуру, свойства и протекание процессов, обусловленных ими.

Кыргызча
Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: 1) академик - илимий мектеби бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди өлкөдө, жана ошондой эле чет мамлекетте да белгилүү болгон көрүнүктүү илимий эмгектери менен байыткан, УИАнын анык мүчөсүнүн наамы; 2) академиялык өз алдынча башкаруу - башкаруудагы коллегиалдуулуктун, көз карандысыздыктын жана өз алдынчалуулуктун принциптеринин негизинде ишке ашырылуучу, илимий изденүү эркиндигин, изилдөө багыттарын тандоону, жетектөөчү органдарды түзүүнү жана бекитүүнү, ошондой эле мыйзамдар жана устав менен аларга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын алкагында илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштердин стратегиясын жана тактикасын аныктоону камсыз кылуучу илимий жана илимий-тармактык иштерди башкаруунун уюштуруу-укуктук механизми; 3) илим - жаратылыш, коом жана ой жүгүртүү жөнүндө объективдүү, системалуу уюшулган жана негизделген билимдерди алууга, тактоого жана өндүрүүгө багытталган адам ишмердүүлүгүнүн өзгөчө түрү; 4) илимий прогресс - жаратылыштагы жана коомдогу жаңы кубулуштарды жана мыйзам ченемдүүлүктөрдү табууга, изилдөөгө жана түшүндүрүүгө мүмкүндүк берүүчү илимий билимдерди өркүндөтүү процесси; 5) илимий-техникалык прогресс - илимди коомдун түздөн-түз өндүргүч күчүнө айландырууга көмөктөшүүчү илим менен техниканын улам алдыга карай өнүгүшү; 6) колдонмо илим - изилдөөлөр жана ачылыштар практикага түздөн-түз, тикелей багытталган билимдердин жыйындысы; 7) УИАнын корреспондент мүчөсү - илимий мектеби жана илимдин доктору илимий даражасы жана профессор илимий наамы бар, илимий-изилдөө иши менен кесипкөй алектенген, илимди ири илимий эмгектер менен байыткан УИА мүчөсүнүн наамы; 8) улуттук баяндама - өлкөдөгү илимдин абалы, жетишкендиктери жана өнүгүү келечеги жөнүндө жалпыланган маалыматты камтыган, Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталуучу ар жылдык аналитикалык документ. Баяндама башкаруу органдарын илимий-техникалык саясатты түзүү жана түзөтүү, стратегиялык пландоо жана илимий жана инновациялык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аналитикалык негиз менен камсыз кылууга багытталган; 9) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо - илим жана илимий-техникалык иш жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттерин ийгиликтүү аткарууга багытталган илимий изилдөөлөрдү жөнгө салуунун макулдашуу процесстери жана тартиби; 10) фундаменталдык илим - негиз салуучу кубулуштарга жана гуманитардык илимдерге теориялык жана эксперименталдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана аларды жетектөөчү жана формасына, түзүлүшүнө, курамына, түзүмүнө, касиеттерине жана алар менен шартталган процесстердин жүрүшүнө жооптуу мыйзам ченемдүүлүктөрдү издөөнү туюнткан таанып-билүү тармагы.